Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Жапония: Фукусимада радиация күч алды


Фукусима-1 (Фукусима Дайичи) өзөктүк кубат ишканасынын кыйроого кабылган үчүнчү жана төртүнчү реактору, 16-март, 2011-жыл. AFP.
Фукусима-1 (Фукусима Дайичи) өзөктүк кубат ишканасынын кыйроого кабылган үчүнчү жана төртүнчү реактору, 16-март, 2011-жыл. AFP.

Жапонияда бүгүн өтө радиациялуу заттар абага ташталгандан кийин өзөктүк электр кубатын өндүргөн ишканадан жумушчулар убактылуу эвакуацияланды.

Өткөн аптадагы (11-марттагы) зилзаланын жана топон суунун айынан жараңка кеткен өзөктүк кубат ишканасына жумушчулар бир сааттан кийин кайра кайтып келишти.

Анын аралыгында жапон императору элге кайрылып, жаратылыш кырсыгында каза тапкан миңдеген жапондордун жакындарына көңүл айтты.

Жапонияда 20га чукул өзөктүк кубат өндүргөн бекет бар. Өткөн аптада жер титиреп, цунами каптаган кырсыкта алардын ичинен Токиодон 240 чакырым аралыктагы Фукусима-1 ("Дайичи") бекети жапа тартып, андан бери бир нече жолу жарылуу болгон.

Шаршембиде "Фукусима Дайичи" өзөктүк кубат ишканасынан радиациялык заттар абага бүркүлгөндө, анда иштеп жаткан жумушчулар алынып кетип, бир сааттан кийин алар кайра кайтып келишти.

Жумушчулар азыр жарака кеткен реактордун такыр эле кыйрап калышына жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Иш кайра жандагандан кийин, аскердик тикучмалар абага ак түстөгү коюу түтүн, суу бүрккөн реакторго деңизден суу ташып чачып жаткандыгын көрүүгө мүмкүн болду.

Жумушчуларды алып кетүүгө Жапон өкмөтүнүн баш катчысы Юкио Эдано үчүнчү номерлүү реактордун ички коргоочу кабыгына залал келген болушу мүмкүн экендигин билдирди:

- Бүгүн эртең мененки саат 10дон бери кире бериш дарбазада радиациянын деңгээли кескин көтөрүлүп, азырга карата 1000 миллисиевертске жетти. Ушул кабардан кийин биз жумушчуларды убактылуу болсо да, коопсуз жакка алып кетүүнү талап кылдык.

Баш катчы айткан ички кабык реактордон радиоактивдүү заттын сыртка чыгышын алдын алуучу үч катар келген коопсуздук структурасынын бири. Эдано радиоактивдүү агым бүгүн анын жаракаларынан сыртка чыгып жаткан болушу мүмкүн деди.

Бул окуялар АЭСтеги кризис көзөмөлдөп чыгып жатат деген кооптонууну дагы күч алдырды.

Шейшембиден бери баш калаа Токиодо радиациянын төмөн деңгээли катталган.

Ал эми өлкөнүн түндүк-чыгыш мухит жээгинде миллиондогон киши тамак-аш жана суунун тартыштыгы менен алышып жатышат.

Күндүн сууктап кеткендиги да көбүнесе убактылуу жайларда баш калкалаган жарым миллиондой кишинин абалын дагы оорлотууда.

Жума күнкү кырсыктан 3600 чакты киши каза таап, же дайынсыз жоголду, бирок нагыз сандар 10 миңден ашык болушу мүмкүн.

Анын аралыгында император Акихито зилзала менен цунаминин (топон суунун) курмандыктарына байланыштуу элге көңүл айтты.

Ал өзөктүк кризиске карата тынчсыздануусун билдирип, «бул ишке тартылгандардын жардамы менен, абал начарлабайт ко» деген үмүтүн билдирди.

XS
SM
MD
LG