Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Абэ жапондордун согуштагы кылмышын толук айтпады


Жапониялык учкуч-камикадзелер биринчи жана акыркы күжүрмөн тапшырмага жөнөр алдында. 1945-жыл
Жапониялык учкуч-камикадзелер биринчи жана акыркы күжүрмөн тапшырмага жөнөр алдында. 1945-жыл

Премьер-министр Синдзо Абэ АКШ Конгрессинде сүйлөп, Жапониянын Экинчи Дүйнөлүк согуштагы ролу үчүн катуу өкүнөрүн билдирди.

Абэ 29-апрелдеги кайрылуусунда ошол согуш кезде курман болгон америкалык аскерлердин арбагына терең таазим эткенин да айтты.

Синдзо Абэ шаршемби күнү АКШ Конгрессинин кошмо жыйынында сүйлөгөн сөзүндө 70 жылдыгы быйыл белгиленчү Экинчи Дүйнөлүк согушка кайрыла кетти. Ал урушта өлгөн америкалыктарга Жапониянын жана жапон элинин атынан терең ызаат-урматын англис тилинде билдирди:

- Тарых катаал. Кетирген ката оңдолбойт. Жүрөгүм терең өкүнүчкө батып, Экинчи Дүйнөлүк согуштун Вашингтондогу эстелиги алдында бир саамга үнсүз дуба кылдым. Урматтуу досторум, Жапониянын жана жапон элинин атынан Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгон бардык америкалыктарды эскерип, алардын арбактарына таазим этем.

Синдзо Абэ
Синдзо Абэ

Премьер-министр Абэ өз сөзүндө 70 жыл мурдагы согуш мезгилинде жапон аскерлери коңшу Азия өлкөлөрүнүн элине көрсөткөн кордуктар, анын ичинде аялдар жапон аскерлерин сексуалдык жактан күчтөп тейлетилгени үчүн кечирим сураган жок. Бирок өзүнө чейинки жапон лидерлери жасаган билдирүүлөрдү колдорун, аскердик калабада көбүнесе аялдар жабыркаганын айтып, ал окуяларга Жапония “көз жума албасын” баса белгиледи.

1993-жылы Жапония өкмөтү Экинчи Дүйнөлүк согуш кезде азиялык аялдарды аскердик сойкуканаларда күчтөп иштеткени үчүн кечирим сураган.

Синдзо Абэ сүйлөп жатканда Конгресстин залында 87 жаштагы кореялык Ли Ён Су жана башка аялдар да турушту. Бул аял Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда миңдеген мекендештери менен жапон аскерлерине сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурланган.

Тарыхчылардын эсебинче, жалпысынан 200 миңдей азиялык аял, көбү корейлер, аскердик сойкуканаларда жапон аскерлерин тейлеген.

Ли байбичени Конгресске калифорниялык сенатор - демократ Майк Хонда чакырган. Ал Абэнин сөзүнө ичи жылыбаганын айтса, калифорниялык экинчи конгрессмен - демократ Адам Шифф жапон премьери согуш жылдарындагы жапондордун “мыкаачылыктары” тууралуу ачык айтуу мүмкүндүгүн пайдаланбаганын айтты.

Жо Байден
Жо Байден

АКШ вице-президенти Жо Байден 29-апрелде Вашингтондо Синдзо Абэнин Конгресстеги сөзүнө байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кеп “безге сайчу” маселе жөнүндө жүрүп жатканына токтолду:

- Ал болгон окуя жөнүндө абдан сыпаа жана мазмундуу сөздөр менен өкүт билдирди. Ошентсе да, анын азиялык бардык коңшуларына ызаат көрсөткөнү мага жакты. Түштүк Корея, Кытайга байланыштуу тарыхый маселе абдан сезимге сайчу тема. Ал, менимче, Жапониянын жоопкерчилигин өтө ачык айтып, моюнуна алды...

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абэнин кечирим сурабаганы “абдан өкүнүчтүү” деп билдирди. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү расмий Бээжин “дайыма жапон өкмөтүн жана жетекчилигин тарых алдындагы жоопкерчиликти” моюнуна алууга чакырып жүргөнүн эске салды. Деген менен, Батыш маалымат булактары Жапониянын лидери биринчи жолу АКШ Конгрессинин кошмо сессиясында Экинчи Дүйнөлүк согуш жылдары жапондор Азия элдерине көрсөткөн зобун-зордуктарды жашырбай айтканына көңүл бурушту.

XS
SM
MD
LG