Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Жефф Лили 2007-жылга чейин үч жыл Эл аралык республикалык институттун Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеген. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, өмүр баянын изилдеп, маалымат топтоп жүрүп, көп жылдар “Азаттык” радиосунда иштеген Азамат Алтайдын баскан жолуна да кызыгып калат.

"Азаттык": Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтай тууралуу китеп жазуу идеясы эмнеден башталды?

Жефф Лили: Эң башында мен Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын англис тилинде жазайын деп ойлогом. Жумушка байланыштуу 2004-2007-жылдары Бишкекте жашап калдым. Жергиликтүү элдин кулк-мүнөзүн, каада-салтын, өткөн жолун түшүнүү үчүн китептерди окуп, Айтматовдун аңгеме-повесттери менен тааныштым. Улам анын кийинки чыгармаларын, Айтматовдун өзүнүн басып өткөн өмүр жолу тууралуу окуган сайын аябай таң калдым. Чыңгыз Айтматов жөнүндө көбүрөөк маалымат топтой баштаганда, бир учурда Азамат Алтайдын ысымы пайда болду. Жаңылышпасам, биринчи жолу ал тууралуу мага Тынчтыкбек Чоротегин айтып берди. Ушул эки инсандын жашоо-турмуш, ой-санаасына көз чаптырсам, бирөө “темир көшөгөнүн” ары жагында, экинчиси бери жагында жеке адамдын эркиндиги, көз карандысыздыгы тууралуу көп ойлонгонун, жакшы жашоого болгон терең умтулуусун көрө алдым. Бул аябай чоң түшүнүктөр, бирок ушул эки адам тең дал ушул баалуулуктарды камтыган экен өз жашоосунда.

"Азаттык": Айтматовдун кайсыл чыгармаларын окудуңуз, айрыкча эсиңизде калган каарман, окуялар кайсылар болду?

Жефф Лили: Бул татаал суроо. Мен Айтматовдун бир топ чыгармаларын окуп чыктым. Эсимде калган, катуу таасирленткен учурларды айтсам: “Жамыйла” повестинде саламаттыгы начар Данияр килейген капты далысына салып алып ыдый эңкейген бойдон тишин кычыратып олку-солку тактайдын үстүндө жай басып баратканы, ойноок мүнөз Жамыйла аны эси чыгып карап турганы; “Саманчынын жолундагы” Толгонайдын образы ар дайым көкүрөгүмдө түнөк тапты; “Бетме-бет” чыгармасында кокту-колотто жашырынган Ысмайыл энесинин тажыясын алыстан аңдып карап, ал жерге бара албай ичинен сыздаганы; “Кылым карытаар күн” романы бүт бойдон тынчымды алган күндөр болду. Айта берсе мындай учурлар абдан көп болду.

"Азаттык": Ушул чыгармалар сизге кыргыз элин жакшыраак түшүнүүгө жардам бердиби? Деги кандай таасир, ой калтырды?

Жефф Лили: Менимче, Айтматовдун чыгармалары жалпы адамзатка тийиштүү маселелерди көтөрөт. Кыргыздар ошол адамзаттын бир бөлүгү эмеспи. Албетте, бул чыгармаларда кыргыздын каада-салты, кулк-мүнөзү камтылган. Бирок мен үчүн баарынан маанилүүсү – бардык улут, диндеги, жалпы адамзатты бириктирген көрүнүш, баалуулуктарды тапканым болду. Айтматов өз жашоосунда кайсы бир көйгөйгө туш болуп, аларды жеңиш үчүн күрөшүп жаткан адамдарды сүрөттөйт. Чыңгыз Айтматов өз чыгармалары аркылуу жалпы адамзатка эскертүү да жасап атат. Жазуучу катары өз вазийпасын аткарууда. Биз, адамдар, ошол эскертүүлөргө көңүл буруп, маани беришибиз керек. Ал биздин милдет. Адам болуп жаралган соң турмушта ар түркүн сыноо, азгырыктар күтүп турат, ошолорду ажыратып, акылга сала билүү керек деген эскертүү жалпылап айтсам.

"Азаттык": Айтматов менен Азамат Алтайды кандайча байланыштырасыз китебиңизде? Кандай катыш таба алдыңыз?

Жефф Лили: Бул чынында сыйкырдуу нерседей эле болду. Азыр оюмда бир нече идеялар бар. Айтматов менен Азамат Алтай бир нече жолу бетме-бет жолугушуп учурашкан экен. Эң биринчи жолу 1975-жылы Нью-Йоркто таанышышкан. “Кансыз согуш” кылычын кайрап турган мезгил. Айтматов АКШга “Фудзиямадагы кадыр түн” драмасы Нью-Йоркто коюлганда барган экен. Оюнду көргөнү келген Азамат Алтай Айтматов менен ошол жерден таанышып, бир нече күн удаа жолугуп маектешкен. Ал жерде Болот Миңжылкыев да гастролго барып, үч атактуу кыргыз бир жерде кездешип табышат. Айтматов менен Азамат Алтай кийин 1980 жана 1990-жылдары да жолугуптур. Азамат Алтай чет өлкөдө жашаса да, өмүр бою кыргыздар, кыргыз тарыхына тиешелүү китеп-маалыматтарды чогултуп, өз мекенинде тыюу салынган чыгармаларды сактап калуу аракетинде болуптур. Айтматов экөө ушул аракеттерди да талкууласа керек. Менимче, атактуу кыргыз жазуучусу бул ишке колдоо гана билдирмек. Кантсе да, мен бул эки кыргыз инсан тууралуу китепти америкалык окурмандар үчүн кызыктуу кылып жазышым керек, китеп англис тилинде жазылууда. Балким, келечекте кыргызстандык окурмандар да окуп калгысы бардыр.

"Азаттык": Мен Айтматовдун чыгармаларынын бирин-серин гана англисче котормосун көрүп калдым. Которуу сапаты ойдогудай эмес деген пикирлер арбын. Сиз англисче китептерин көрө алдыңызбы?

Жефф Лили: Мага бул жагынан сын-пикир айтуу кыйын. Мен орусча сүйлөйм, бирок эне тилдин деңгээлинде эмес, албетте. Жакында эле британиялык профессор Жеймс Риорден (James Riordan) “Жамыйла” повестин кайра которуп чыгат деп уктум. Башка да чыгармалары которулуп жатат. Америкада ар кайсы эмгегин ар башка адам которгон экен. Айтматовдун чыгармаларын немис тилине ондогон жылдар бою бир адам которгон. Фридрих Хитцер кыргыз жазуучусу менен жеке байланыш-катышта болгон. Бардык чыгармаларына астейдил, терең түшүнүп мамиле кылган. Чыңгыз Айтматов, балким ошондон улам, Германияда аябай белгилүү автор, бул жагынан Америка, же Европанын башка өлкөлөрү менен салыштырып болбойт.

"Азаттык": Кыргызстанда жашап, Айтматовдун чыгармаларын окугандан кийин кыргыз эли, жери тууралуу пикирим өзгөрдү деп айта аласызбы? Көп кишилерде ар кандай стереотип, пресса, же дагы башкалар калыптандырган түшүнүктөр бар эмеспи?

Жефф Лили: Мен үчүн Кыргызстанда жашаган учур керемет жылдар болду. Кыргыздар мага, менин үй-бүлөмө ак пейил, жоомарт мамиле жасашты. Мен башынан эле ар кандай стереотиптерге каршымын. Өмүрүмдүн үч жылын дал ушундай кооз, жаратылышы керемет өлкөдө жашоо буйруганына терең ыраазымын. Бул үч жылды башка эч нерсеге алмаштырбайт элем.

"Азаттык": Китебиңиздеги айтайын деген башкы оюңуз, максатыңыз эмне?

Жефф Лили: Менимче, башкы максатым – ар бир адамды жашоодо алдыга түртмөлөгөн эң башкы күч – бул ички эркиндик, рухий эркиндик. Кээде адам ичинде өзүн эркин сезгени менен, сырткы жашоодо – эл менен баарлашканда, ар кайсы жерде сүйлөгөн сөзүндө эркин боло албайт. Менин оюмча, Чыңгыз Айтматов чыгармаларын жазып жатканда өзүн эркин сезген. Бирок коомчулук алдында сүйлөгөндө, өзүн алып жүргөндө эркин боло алган эмес. Атасынын кейиштүү тагдыры аны ичтен жеп келгени айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.

Азамат Алтай оюн ачык, эркин айткан адам болгон. Балким ошондон улам Советтер Союзуна кайтпоо тууралуу чечим кабыл алган. Эркиндик – өтө татаал нерсе, оңой оокат эмес. Ушул эки адам эркиндикти кандай баалаганы, кандай түшүнгөнү башкалар үчүн сабак болгудай. Анткени биз кандай өлкөдө, же системада жашабайлы, эркин болуп төрөлгөн соң өмүр бою ички эркиндикти издеп, самап жашайт экенбиз.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG