Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:21

“Каратегинден кат” элди ойго салды


Жергеталдагы Жайылган айылындагы тарых мугалими Хамид Боронов.

Жергеталдагы Жайылган айылындагы тарых мугалими Хамид Боронов.

9-апрелде Бишкектеги Кино үйүндө Тажикстандын аймагында жашаган кыргыздар тууралуу тартылган даректүү тасманын бет ачары өттү. Ага маданий чөйрө өкүлдөрү, саясатчылар, укук коргоочулар катышты. Жерге-Тал районунда жашаган журтташтарыбыздын күнүмдүк жашоосун, маданиятын, көйгөйлөрүн чагылдырган тасма көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок.

Бет ачарга катышкан кино күйөрмандарынын бир жааты аталган даректүү тасма көркөмдүк, режиссерлук чеберчилик жагынан кыргыз киноискусствосундагы жаңы тасма болгонун айтышса, бир жааты анын жергеталдык кыргыздардын жан дүйнөсүн ачып берген, Кыргызстанга болгон кусалыгын, тилегин, каалоосун туюндурган эң мыкты даректүү тасма болгонун белгилеп жатышат.

Жан дүйнөнү удургуткан кадрлар

Режиссер Садык Шер-Нияз фильмди көрүп чыккандан кийин тасмадагы ар бир кадр жан дүйнөсүн удургутуп, жүрөгү аркылуу өткөнүн, кыргыз улуттунун чачылган тарыхы эсине түшкөнүн айтат:

- Карабайсызбы, жана тасмада: “Экөө өлсө бири көмөт, жалгыз өлсө кими көмөт? Экөө өлсө бири жубат, Жалгыз өлсө кими жубат?”- деп атпайбы. Бул жүрөккө тийе турган сөздөр да. Мүмкүн буларда жалгыздык бар. Кыргыз элинин эң басымдуу бөлүгү Кыргызстанда жашап жаткандан кийин жергеталдык жердештерибизге көңүл бөлө турган убакыт келип жетти деп ойлойм.

Садык Шер-Нияз даректүү тасмадан ак пейил жергеталдык кыргыздардын Кыргызстанды асыл уя, алтын бешик катары сезерин туйганын, бул мамлекет катары Кыргыз өлкөсү жана анын атуулдары үчүн чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.

- Карабайсызбы, жана тасмада: “Экөө өлсө бири көмөт, жалгыз өлсө кими көмөт? Экөө өлсө бири жубат, Жалгыз өлсө кими жубат?”- деп атпайбы. Бул жүрөккө тийе турган сөздөр да.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев көрүүчү катары тасмадан элеттин бир кездеги тазалыгын, ишенчээктигин, бешикке бөлөнгөн баланы, уз энелердин тегеренген ийигин көрүп, өзүнүн балалыгын эстегенин, бирок ошол уюган элдин азыркы абалы ойлондурганын кеп кылды:

- Мисалы, чечүүчү эпизоддордо кайсы бир окуяны жалаң гана энелер айтып берип жатты. Аялы күйөөсүн милициянын полковниги деп тааныштырды, бирок ал эч нерсени сүйлөбөй жанында отурат. Бир да жерден анын үнүн уккан жокпуз. Эркектер согушка кетип жок болгондой. Бул көрүнүш ошол коомдо алсыздык болуп тургандай таасир калтырат. Ар бир үй-бүлө мүчөсү Бишкекте же Ошто экени айтылат. Өздөрү деле көчүп кетчүдөй болот. Бирок мен тасманын акырында жаштардын күтүрөтө көк бөрү тартканын көрүп: “Кыргыз ал жерден кетпейт экен. Ата-бабасы жердеген аймакта мындан кийин да жашай берет, - деген ишенимге келдим.

Текебаев буга улай депутат катары кыргыз өкмөтү жергеталдык кыргыздардан жыл сайын кабар алып, маданий жана эл агартуу жаатында келип чыккан маселелерди мамлекеттик деңгээлде чечип туруш зарылдыгын белгиледи.

Жаңы деңгээлдеги тасма

Экс-президент Роза Отунбаева аталган тасманы кыргыз киноискусствосундагы жаңы көрүнүш катары баалады:

- Чынында бул тасма эл аралык деңгээлдеги мыкты фильм болуптур. Анын стили, көркөмдүк деңгээли оңой эмес. Бизде мындай тасмалар жокко эсе. Мындай стилдеги тасманы батыш же жапон режиссерлору гана жаратып келген. Анын өзгөчөлүгү жай баракат турмушту берип, ал аркылуу өз көз караштарын, актуалдуу маселелерди айтып беришет. Жаңыл Жусупжандын бул тасмасы, менимче, ошол стилде тартылган жергеталдык кыргыздардын энциклопедиясы болуптур.

​Отунбаева бул тасма башка өлкөнүн аймагында жашап калган журтташтарыбызга Кыргызстанда жашаган кыргыздардын жана өлкө жетекчилеринин көңүлүн бурдурат деген ойдо.

- Чынында бул тасма эл аралык деңгээлдеги мыкты фильм болуптур. Анын стили, көркөмдүк деңгээли оңой эмес. Бизде мындай тасмалар жокко эсе.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов бул тасмадан улам жакындан баштап жергеталдык кыргыздар менен маданий байланыштарды чыңдоо идеясы пайда болгонун айтты:

- Биз дайым эле Кыргызстандын Тажикстандагы маданий күндөрү өткөн учурда ал өлкөнүн борбор шаары Дүйшөмбүгө эле барып, кайтып келчүбүз да. Эми багытыбызды өзгөртүп Баткен тараптан Жерге-Талга, андан Дүйшөмбүгө өтө турган кылып пландаштыралы деп турам. Мен бул тасмадан көп нерсени алдым. Карасаңыз, алар Кыргызстандан эч кандай материалдык жардам сураган жок. Болгону моралдык колдоо күтүп жатышат. Бул жактагы кыргыздар менен маданий байланышыбыз чыңдалса, кыргыз тилинде окуганга китептерибиз болсо дешет экен.

Даректүү тасма “Чагалдак филмз” (Кыргызстан), “Cinedoc” (Франция) киностудиялары жана Швейцария элчилигинин колдоосу менен тартылган. Фильмдин режиссеру “Азаттыктын” Прагадагы кабарчысы Жаңыл Жусупжан.

“Каратегинден кат” тасмасы тууралуу "Азаттыктын" видеосу

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG