Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

АКШнын Украинадагы элчилиги Путиндин жарлыгын сындады


АКШнын Киевдеги элчилиги Украина чыгышында өздөрүн «Донецк элдик республикасы» жана «Луганск элдик республикасы» деп атап алган аймактардын паспортторун убактылуу таануу тууралуу Орусиянын чечимин сынга алды.

19-февралда элчилик Твиттердеги баракчасына чечим жаңжалды жайгаруу боюнча Минск жараянына туура келбей турганын жазды.

Андан бир күн мурун Орусия президенти Владимир Путин Москва Украинанын айрым аймактарында берилген документтерди таануу тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда так географиялык аймак көрсөтүлбөсө да, бул Луганск жана Донецк экенин серепчилер болжошууда.

XS
SM
MD
LG