Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Жогорку Сот 85 жылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу өткөн иш-чарага президент баш болгон мамлекет жетекчилери катышышты. Өлкөдө адилет сот, адилет мыйзамдар болушу керек экенин айткан президент К.Бакиев, сот системасында кемчиликтер бар экенин белгиледи. Бийлик оппоненттери болсо “азыркы бийлик системасында сот адилеттиги болушу мүмкүн эмес” дешет.

Кыргызстанда Жогорку Сот алгачкы жолу 1924-жылдан баштап түптөлө баштаган. Анда Түркстан бөлүнүп, Кара-кыргыз автономдуу облусу болуп кайра түзүлгөн. Ал учурда Кыргызстанда төрт округ болуп, элдик соттун 23 учаскасы иштей баштаган. Ошондон тарта Жогорку Соттун тарыхы башталат.

Жогорку Соттун 85 жылдыгына байланыштуу Бишкектеги улуттук филармонияда өткөн салтанатту иш-чарага президент Курманбек Бакиев баш болгон мамлекет жетекчилери катышышты. Өз сөзүндө президент сот системасын реформалоо иштери мындан ары да уланарын баса белгиледи:
Кыязы, сот системасын реформалоо процесси тынымсыз жана узакка созулат өңдөнөт. К.Бакие

- Биздин бүгүнкү укук системасы идеалдуу эмес экени шек деле туудурбайт. Анын түптүү проблемасы баарыга маалым — коом ичинде сот жана укук коргоо системасына ишеним деңгээли али төмөн бойдон калууда, сот коррупциялашкан, анын ишинен майнап чыкпайт деген көптөгөн дооматтарда жүйөө бар. Көп сандаган сот чечимдери аткарылбайт. Кыязы, сот системасын реформалоо процесси тынымсыз жана узакка созулат өңдөнөт.


Ошондой эле президент сот системасынын көз карандысыздыгын чыңдоо үчүн бир топ иштер жасалганын, андай жылыштар 2007-жылдагы референдумда кабыл алынган баш мыйзамдын жаңы редакциясында бар экенин, ошондой эле АКШнын “Миң жылдыктын көйгөйлөрү” корпорациясынын баштапкы программасына кирүү үчүн да бир топ иштер жасалганын айтты.

Президенттин айтымында эми беш жылдык сыноо мөөнөтүнөн кийин соттор чектелбестен кызматка дайындала башташат. Жүрүм-туруму кынтыксыз болгон шартта жергиликтүү соттор 65, жогорку соттун судьялары 70 жашка чейин иштей алышат. Андан тышкары сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеш ийгиликтүү иштей баштады. К.Бакиевдин айтымында, 2011-жылдан тарта сот процессине сот арачыларын (присяжные заседатели) катыштыруу тажрыйбасы жүргүзүлө баштайт.

Ал өз сөзүндө сот системасында кемчиликтер бар экенин айтканы менен бүгүнкү күнү коомчулукта сотторго болгон ишенич жогорулаганын баса белгиледи.

Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиеванын пикиринде, соңку кездери Кыргызстандын сот системасын эл аралык стандарттарга теңөө жаатында бир катар иштер жасалды:

- Соттордун ишинин өлчөмү кийинки кездери кыйла эле өстү. Жарандардын арыздарын канааттандыруу 90 пайызды түзүп калды. Бул - бузулган укуктардын калыбына келтирилишинин жогорку көрсөткүчүн далилдейт.

“Юрком плюс” юридикалык компаниясынын жетекчиси Эрлан Өмүралиев “Азаттыкктын” суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанда сот системасында гана эмес башкаруу системасында да олуттуу өзгөрүштөрдү жасоо керектигин айтат. Анткени өтө авторитардуу мамлекеттерде сот системасы калыс иштей албайт. Ошол себептүү демократиялуу өлкөлөрдөгүдөй сотторду да, губернаторлорду да эл өзү шайлап алгандай механизмдерди киргизүүгө аракет кылуу абзел:
Кайдагы көз карандысыздык болмок эле, бардыгы президент тарабынан дайындалып келип аткандан кийин. Эрлан Өмүралиев


- Көз карандысыздык маселеси соттордо албетте өтө төмөн. Себеп дегенде бул жерде кайдагы көз карандысыздык болмок эле, бардыгы президент тарабынан дайындалып келип аткандан кийин. Бул жерде ал тууралуу сөз кылыштын деле кажети жок. Бул жагынан алганда бизде жылыштар жок. Кыргызда айтылгандай, “Карга карганын көзүн чокубайт” деген нерсе бар. Бул жерде кардиналдуу өзгөрүүлөр керек болуп атат.


Мурдагы Коргоо министри жана коопсуздук кеңешинин катчысы, БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү генерал Исмаил Исаковдун үстүнөн кыйладан бери соттук териштирүү жүрүп келатат. Ага кызматта кезинде министрликтин каражатын туура эмес колдонгон деген сыяктуу айыптар тагылууда. Сот системасы тууралуу ал мындай дейт:

- Биринчиден, соттордун майрамы болуп аткандан кийин аларды майрамы менен куттуктайбыз. Ийгилик, ден-соолук каалайбыз. Анткени бизде кандай мыйзам иштеп атса да элдер сот адилеттиги деген үмүт менен кайрылып жүрүшөт да. Бирок ушул тапта үй-бүлөлүк, криминалдык бийлик күчөп атканда сот системасынын бардыгы көз каранды болуп калган. Мына ошондуктан бизде мыйзамдардын көпчүлүгү так аткарылбай, буйрук бергендердин айткандары көбүрөөк аткарылып жүрөт.

Кыргызстандын азыр иштеп аткан баш мыйзамындагы сот бийлиги тууралуу бөлүмүнүн 83-беренесинде “Судьялар көз карандысыз жана баш мыйзамга, мыйзамдарга гана баш ийет” деп жазылып турат. Бирок ошол эле берененин бешинчи пунктунда Конституциялык соттун жана Жогорку Соттун судьялары президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат деп турат. Жергиликтүү судьяларды деле Сот адилеттиги боюнча Улуттук кеңештин сунушу боюнча президент дайындайт. Аларды кызматтан алуу процесси деле ушундай жол менен жүрөт. Ал эми Жогорку Кеңештин дээрлик басымдуу бөлүгү президент өзү түзгөн “Ак жол” партиясынан турат. Дал ушул сыяктуу себептертен улам кардиналдуу өзгөрүүлөр болбосо соттор борбордук бийликтин колунда курал бойдон кала берет дешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG