Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Батыштын абак жазасын жеңилдетүү тажрыйбасы


Кыргызстандагы абактардын биринде.

Кыргызстандагы абактардын биринде.

“Өкүм үчүн акча алуу кылмыш; актап өкүм чыгаруу үчүн акча алуу андан өткөн кылмыш,” –деп айткан экен байыркы Рим философу Цицерон.

Адистердин айтымында, сот адилеттиги арийне судьялардын кесиптик даярдыгына, чынчылдыгына жана заң-закондордун сапатына багыңкы болот. Муса Хадисов Москвада 20 жылдан бери адвокат болуп иштейт. Дээрлик жарым кылымдан бери сот тармагы менен өмүрү байланган Хадисов Орусиянын Кылмыш кодексиндеги эң чоң кемчилик соттордун адамдын күнөөсү кандай деңгээлде далилденгенине карабастан, аны камакка отургуза алганында дейт:

- Орусиянын Кылмыш кодексинин жобосуна ылайык, айыпкердин же кылмыш жасады деп шектелген адамдын иши сотто каралып, өкүм чыкканга чейин аны убактылуу абак жайда кармоо боюнча чараны тандоого байланыштуу маселе бар. Соттор кимди гана болбосун күнөөсү кандай деңгээлде далилденгенине карабастан, камакка отургуза алат. Сот айыпкер делген адамдын укугун чектөө чарасын же убактылуу абак жайда кармоо мөөнөтүн тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча узартат. Мисалы, тергөөчү Абаев баланча уурулук кылды, аны убактылуу камаш керек деп арыз жазат. Күнөөсүн ырастаган далили арызга тиркелбейт. Ушинтип, бул адамдын кылмышка тиешеси бар экенин тастыктаган эч кандай далил жок туруп, автоматтык түрдө тергөө абагына отургузулат. Бул мыйзам чегинде жасалат. Мен Орусиянын заң-закондорунда сот системасын кыйратып жаткан мындай “шумдуктун” болушун каалбайм. Айыпкерди же кылмыш жасалды деп шектелген адамды убактылуу абак жайда кармоо мөөнөтүн узартууга мурдагыдай эле прокурор жооптуу болушу керек. Анткени, прокурор бул адам үчүн, аны камакта кармоо мөөнөтүн узартуу себеби үчүн, кетирген жаңылыштыгы үчүн керт башы менен жооп берет. Азыр Орусияда тергөө маалындагы жаңылыштык үчүн эч ким жооп бербейт. Бул адам укугун орой бузуу.

Кыргызстанда туулган Муса Хадисов мурда Чеченстанда тергөөчү, прокурордун жардамчысы, райондук прокурор болуп иштеген.

Эксперттердин пикиринде, экс-советтик өлкөлөр европалык стандартка жетүүсү үчүн өкүм чыгарууда айыпталуучуга эркинен ажыратпаган чара аныктаган судьяларды сыйлап-колдоо зарыл. Ошондой эле кылмыш деп аныкталган иштерди кыскартуу жана Нидерландия, Финляндия сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү зарыл.

Нидерландия бекем далилсиз камоого болбойт

Тимур Миcриханов он жылдан бери Нидерландияда адвокаттык кылат. Түркмөнстан мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүткөн юрист Нидерландияда кылмыш жасады деп күнөөлөнгөн адамдын күнөөсүн ырастаган далилдер жок туруп, аны камакка алууга уруксат жок деди:

- Бул жакта адамдын укугу жакшы корголот. Биринчиден, шарты такыр бөлөк. Парламент кабыл алган заң-закондорду аткаруусу үчүн сот системасы тоталдык көзөмөлгө алынган. Экинчиден, мыйзамдар абдан либералдуу. Полиция кармаган адамга адвокатты өзү жалдайт, кылмышкер деп шектелген адам камакка алынганы жатканда ага адвокат берилет. Бул жөнүндө Түркмөнстандын заң-закондорунда жазылганы менен такыр аткарылбайт. Нидерландияда тоталдык көзөмөлдөн башка дагы мыйзамды бузбай аткаруу салты бар. Кимдир бирөө кылмышкер деп шектелсе, анын айыбын тастыктоочу айныгыс далилдер топтолмоюнча аны полиция камакка ала албайт. Албетте, соттук - процессуалдык жаңылыштыктар болот. Бирок экс-советтик өлкөлөргө салыштырганда андай жаңылыштык Нидерландияда кыпындай гана.

Жаза кылмышка тете болгону - адилеттик

Адамдарга чоң коркунуч жаратпаган кылмыш иштерин либералдаштыруу же жазаны жеңилдетүү, кээ бир кылмыштарды, өзгөчө экономикалык мүнөздөгү иштерди оор кылмыштын катарынан чыгарып салуу мыйзамдарды адамгерчиликтүү кылгандан башка да жаранды коомдон бөлүп салып, жек көрүндү болуусуна бөгөт койот. Анан да жаза кылмыштын өлчөмүнө тете болушу маанилүү.

"Кылмыш ишин караган учурда анын деңгээлине чегерилген жаза ылайык болуш керек", - дейт адвокат Муса Хадисов.

- Мисалы, дагестандык бирөө 800 рублдик телефон уурдаганы үчүн жети жылга эркинен ажыратылды. Мен Орусиянын Жогорку Сотуна чейин кайрылдым, бирок жаза өзгөртүлгөн жок. Кийин ал көзөмөл астында болсун деп, баштапкы өкүм өзгөртүлүп, түрмөдөн бошотулду. Ошол эле учурда эбегейсиз көп бриллиант уурдап, аны Америкага алып чыгып кеткен Козлюк деген неме жети гана жылга шарттуу соттолду. Дагестандык адамга берилген жазанын өлчөмү ал жасаган кылмышка ылайыктуу эмес. Анткени, телефондун реалдуу баасы араң 100 рубль болчу. Минтип адамдын өмүрүнө балта чабууга болбойт.

Ал эми Тимур Мисриханов Нидерландияда майда кылмыш жасаган адамды абакка салгандан көрө полициянын көзөмөлүнө коюу кеңири жайылганын айтты:

- Нидерландияда майда-барат кылмыш жасаган адамдардын күнөөсү сот тарабынан аныкталат. Сот көп учурда андай айыпкерди көзөмөлгө берет. Эгер полицияга берилсе, ал адам полиция орноткон тартипке ылайык жашайт. Эгер күнөөлүү ишкана же мекемеге көзөмөлгө берилсе, ал иштейт. Мисалы, сот айыпкер 50 же 60 саат бекер иштеп берсин деп чечет: ал көрсөтүлгөн саатта жумушта, андан кийин үйүндө болот. Аны жумушта иш берүүчү көзөмөлдөп турат. Жумуштан соң полицияга барып катталат же үйгө келдим деп телефон чалат. Анын үйүндө экендигин текшерген адамдар бар.

Жабыркоочу менен айыпталуучуну жараштыруу

Батыш өлкөлөрүндө эгер кылмыш иши оор деген категорияга кирбеген учурда айыпталуучу менен жабыркоочуну өз ара жараштырып, сот ишин токтотуу ыкмасы да бар. Мындай тажрыйба тууралуу адвокат Тимур Мисрихановдун аңгемеси:

- Оор кылмыштан башка иштер боюнча айыпталуучу менен жабыркоочунун жарашуусу Нидерландияга кеңири жайылган практика. Эки жак элдешкен учурда кылмыш иши ачылбайт. Айыпталуучу тергөө менен кызматташса, анын жазасы жеңилдетилет. Эгер ал далилдер жетиштүү деп, күнөөсүн мойнуна алып, өзү жалгыз же башка адамдар менен бирге кылмышты толук ачканга жардам берсе, жаза мөөнөтүнүн үчтөн биринен көп мезгилге соттолбойт. Мындай норма Орусиянын мыйзамдарында да бар. Ал ишти сотто кароонун жөнөкөйлөтүлгөн схемасы деп аталат. Ага ылайык, күнөөкөр адам айыбын моюнуна алып, башка күбөлөрдү алып келүүнүн кереги жок дечү болсо, ага мыйзамда каралган мөөнөттүн теңинен көбү берилбейт.

Адам өз укугун билбей жабыр тартат

Эксперттердин айтымында, кылмыш жасады деп шек түшкөн адамдын укугу аны тартип сактоо органынын кызматкери камакка алгандан тартып сакталышы абзел. Бул өнүккөн демократия өлкөлөрү үчүн мүнөздүү. Орусияда кылмышка шектүү деп кармалган адамга жакындарына милицияга түшкөнү жөнүндө маалымат берүү жана биринчи мүнөттөн баштап адвокат менен коргонуу мыйзамда каралган. Бирок бул мыйзам, москвалык адвокат Муса Хадисовдун сөзүнчө, 50 процентке гана аткарылат. Себеби жарандар өз укуктарын жакшы билишпейт.

- Кылмыш жасады деп шектелген адам милиция тарабынан кармалган кезде телефон чалып, өзүнүн кармалганы жөнүндө маалымдап койгонуна жана адвокат чакырууга Орусиянын мыйзамы уруксат берет. Бирок бул жобо, менин байкоом боюнча, толук аткарылбайт. Андай укугун жарандардын 50 проценти гана пайдаланат. Телефон чалып, маалымдап коюу милиция кызматкерлеринин ак ниеттүүлүгүнө жараша болот. Ал телефон чалганга мүмкүндүк берилди, бирок чалган жок деп протоколго жазып койот. Коңгуроо чалындыбы, жокпу, аны эч ким териштирбейт да. Адам кылмыш жасады деп шектелип кармалгандан тарта анын адвокаты болсо, жарандын эркиндиги камсыздалат. Бул иш аксабоосу үчүн масс-медиада түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турушу керек. Албетте, басымдуу көпчүлүк жарандар эч кандай укуктарын билишпейт.

Судьялардын бийликтен көз каранды эмес өкүм чыгаруусу үчүн сот системасынын аткаруу бийлигине баш ийбей, эркин болгону, алардын кесиптик даярдыгы, иш тажрыйбасы да маанилүү. Ошол эле Нидерландияда судья болуп дайындалуу үчүн юридикалык билимден башка да соттук мекемеде, адвокаттык кеңседе, прокуратурада кеминде 7-8 жыл иштөө зарыл. Сотторду падыша өзү дайындап, алар 70 жашка чыкканда кызматтан кетет. Же Жогорку Сот тарабынан “кызматына ылайыксыз” деп, иштен четтетилет.

Шарты мейманканадай түрмөлөр

Түрмөдөгү шарт, жаза мөөнөтүн өтүп жаткан адамдын кылмышкерлерден бөлөк кармоо, азыркыдай кылмышкерлерди абакта кармоонун отряд системасынын ордуна бөлмөлөргө бөлүп жайгаштыруу да адамдын ар-намысын урматтоо, анын туура жолго түшүүсү үчүн маанилүү.

"Нидерландияда түрмөнүн шарты жакшы мейманканадагыдай. Өлкөдөгү абактардын теңи эле бош турат", - деп улантты кебин адвокат Мисриханов.

- Ошон үчүн коңшулаш Бельгияга ижарага берилет. Бельгияда заң-закондору катаал болгондуктан, соттолгон адамдар Нидерландияга караганда көп. Нидерландиянын мыйзамдары либералдуу болгондуктан, кылмыш жасады деп табылган адам башка чара калбаганда гана түрмөгө отургузулат. Бул туура. Себеби, адамды коомдон бөлбөй эле тарбиялоо мүмкүн болсо, аны эмне үчүн абакка салыш керек? Экономикалык кылмыш жасаган адамды алалы. Ал адам казынага же башка адамдарга чоң өлчөмдө зыян келтирбесе, аны жазалап, абакка салуунун зарылдыгы барбы?! Аны эмнеге абакта багып, күзөтүү керек? Нидерланддар атайылап кылмыш жасаган адамдарды гана түрмөгө отургузуп, акылдуу иш кылышат. Мыйзамы либералдуу болгону үчүн түрмөлөрүнүн жарымынан көбү бош.

Грузия: сот реформасынын узак күттүргөн үзүрү

Грузияда 2003-жылкы Роза революциясында өкмөт башына келген жаңы жетекчилик эки жылдан соң сот реформасы баштаган. Бул маанилүү жараян Европа жана АКШнын уюмдарынын колдоосу менен жүргүзүлөт. "Реформа узак процесс болгондуктан, үзүрүн эл акырындап сезе баштайт" дешет адистер. Ната Налиашвили Грузиянын жаш юристтер ассоциациясынын эксперти. Анын айтышынча, сот системасында жүргүзүлгөн реформанын пайдасын - жарандардын укугу жакшы корголо баштаганынан көрсө болот. Ага жетишүүдө соттордун бийликтен көз карандысыздык алышы маанилүү роль ойноду.

- Бүгүн соттор бир кыйла эркин жана ачык, аткаруу бийлигинин укуругуна моюн бербегенге даяр; мурдагыдай тенденциялуу эмес. Муну биз кылмыш иштери боюнча процесстерди мониторинг кылып жүрүп көрдүк. Маанилүү заң-закондорду реформалоо жүзөгө ашырылып, соттор көп эркиндик алышты. Соттордун Жогорку Кеңеши –соттордун эң мартабалуу административдик органы. Анын түзүмү өзгөрдү, азыр курамы көп түрдүү. Анын мүчөлөрүн түрдүү бейөкмөттүк уюмдар көрсөтүп, парламент шайлайт. Биз Соттордун Жогорку Кеңешине барганда талкуу-дебаттар көп болуп, анда түрдүү көз караштар айтылып, процесс ачык-айкын өткөнүн көрөбүз.

Грузияда сот реформасынын жана заң-закондорду гумандаштыруунун натыйжасында баштапкы тергөө мөөнөтү 9 айдан төрт айга чейин кыскартылган (Нидерландияда 1 ай, максимум 6 ай; Орусияда 2 ай, аны 1, 5 жылга чейин узартса болот); кылмыш кылды деп шектелген адамды убактылуу абакта кармоо убактысы 24 айдан 12 айга чейин төмөндөгөн (Нидерландияда 1 ай, аны дагы үч айга чейин узартуу мүмкүн; Орусияда 1, 5 жыл). Бул өз кезегинде коррупциянын кыскарышына да өбөлгө түздү. Ната Налиашвилинин сөзүнө караганда, соттордун коррупцияланганы жөнүндө ал эксперт болуп эмгектенген Грузиянын жаш юристтер ассоциациясында бетке тутар фактылар жок экен:

- Бизде соттордун коррупцияланганы жана коррупциянын белгилери жөнүндө эч кандай далилдер жок. Коррупцияны азайтууда бюджет же татыктуу маяна маанилүү экенин эч ким танбайт. Коррупция – бул пара алуу менен чектелбейт. Колу булганч судьяларды соттон четтетүү, соттордогу коррупцияны жоюу үчүн тийиштүү дисциплина системасын киргизүү абзел: кайсы бир судья пара алып, өкүм чыгарса, мыйзамга каршы иш кылса, ал дисциплиналык жаза алып, анын жосунун көз карандысыз комиссия иликтөөгө алып, күнөөкөр жазага тартылышы керек.

Эксперттер коррупцияны азайтып, соттун сапатын жакшыртууда бюджет же эмгек акы да олуттуу фактор экенин айтышат. Грузияда 2014-жылы сот тармагына казынадан бөлүнгөн каражат 5 эсеге көбөйгөн. Жогорку Соттун мүчөлөрү менен жалпы судьялардын орточо айлык маянасы 1998-жылга салыштырмалуу 12 эсе, 2003-жылдан бери 5, 5 эсеге жакын көбөйгөн же 5400 доллар.

Деген менен Грузияда сотторду тандоодо дале ачык-айкындык кеңири жайылбаган. "Бул өз кезегинде өкүмдөрдүн сапатына, адамдардын тагдырына таасир этүүдө" , - дейт Ната Натиашвили:

- Сот системасында айрым проблемалар калууда. Анын эң маанилүүсү сотторду дайындоо системасы азыр ачык эмес. Жаңы сотторду тандоого, дайындоого Соттордун Жогорку Кеңеши жооптуу. Кээ бир талапкерлер эмне үчүн тандалганы же четке кагылганын негиздеп айтпайт. Бул коррупцияга жана натуура өкүм чыгарууга жагдай түзөт. Жарандар сотторду тандоо ачык-айкын эмес, жабык, ал үчүн эч ким жооп бербегенине нааразы. Бул сотторду мыкты квалификациясына карабай, саясий жүйөгө таянып тандоого жол ачат. Мындай система өзгөртүлүшү керек. Биз тийиштүү сунуштарды өкмөткө киргиздик, бирок азырынча ал иш жылбай турат.

Мыйзамды жумшак кылуунун максаты эмне?

Нидерландиялык адвокат Тимур Мисрихановдун пикиринче, мыйзамдарды либералдаштыруу өлкөдөгү криминалдык жагдайды жакшырткандан башка да казына үчүн пайдалуу.

- Мыйзамдарды либералдаштыруу, кылмыш иштерин декриминизациялоо, кээ бир оор кылмыштарды кайра баалоо криминалдык кырдаалды жакшыртпагандачы! Биринчиден, өлкөгө чоң экономикалык эффект берет. Көп акча казынада калат. Мисалы, эч жерде иштебеген кыргызстандык ачка болуп, коңшусунун тоогун уурдап, союп, жеп койду дейли. Аны эмнеге түрмөгө отургузуу керек? Аны жумушчуларга муктаж ишканалардын бирине акы төлөбөй үч ай ишке чегерүү керек. Ошондо ал экинчи жолу тоок уурдабайт. Аны түрмөгө отургузсаң, кылмышкерлердин чөйрөсүнө түшөт. Түрмөдө кылмышкер-рецидивисттер менен биринчи жолу соттолгон же майда-барат кылмыш жасаган адамдар чогуу отурат эмеспи. Адам тарбиялангандын ордуна нак кылмышкерге айланат.

Финляндия соттолгон адамды эркинен ажыратуунун европалык стандартына кийин өткөн өлкөлөрдүн бири. Экинчи Дүйнөлүк согуштан соң Финляндияда 100 миң адамга түрмөдө кармалган 250 адам туура келген болсо, 955-жылы 150, ал эми 2005-жылы 66 адамды түзгөн. Береги сандар кылмыш деңгээли азайганын эмес, жазалоо саясаты өзгөргөнүн жана заң-закондор адамгерчиликтүү (гумандуу) болуп калганын чагылдырат.

XS
SM
MD
LG