Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:06

Оштун кайып кыздары: Перизаттын арманы


2010-жылы июнда зордук-зомбулукка кабылган оштук азаптуу келиндердин бири. "Азаттык" үналгысынын сүрөт архиви. 2010.

2010-жылы июнда зордук-зомбулукка кабылган оштук азаптуу келиндердин бири. "Азаттык" үналгысынын сүрөт архиви. 2010.

Мурдагы түрмөктө Нафиса деген Оштук өзбек келиндин аянычтуу өлүмүнүн жагдайын билген элек. Бүгүнкү каарманыбыз - Перизаттын багы бар экен, барымтадан аман чыккан. Кордук көргөн кыргыз келиндин турмушу бузулуп, бирок жаш балдарын ойлоп, бул жашоодон кечип кете албай күн өткөрүп келет. Сүйлөгөндө жамакташтырып, ыр менен сүйлөгөн Перизаттын ысмы да, үнү да өзгөртүлүп берилээрин эскертебиз.

Айылда чыйрак өскөн оокатка тың 30 жаштан эми ашкан келин өмүрлүк жолдошу менен Ош шаарын байырлап калышканына көп жыл болгон.

Студенттик кездери, гүлгүн жаштыгы өткөн дал ушул шаарда анын адамдык кадырына да, аялдык бактысына да балта чабылат деп эч качан ойлогон эмес.

Күтпөгөн жерден башына мүшкүл түшкөн Перизат акыркы кезде өлүмдү көп оозанчу болгон:

- Өлгөндөр өлдүм деп, жакындары эшикти тээп бара берет экен, ал эми биз тирүү өлүктүн калыбын кийгенбиз:

Мен тирүүмүн, а бирок өлүк жаным
Саным бүтүн, а бирок боппош калбым.
Көргөндөргө түгөлдөй болгон менен
Көөдөнүмдө ыйлаймын оргуп каным.




Чак түштөгү барымта

Бул былтыр 15-июн күнү болгон каргашалуу окуя.

Перизатты Оштогу облустук оорукананын жанынан урудап кетишет:

- Ооруканада жаткан элем. Минералдык суу алганы чыкканда ушундай нерсе болуп кетти. Күндүз 12лер чамасы болчу. Көчөдө киши сейрек, бирок адамдарды уурдап кеткен, тартып кеткен учурлар болуп аткан эле.

Перизатты шаар четиндеги маалеге алып барышат.

Ал кезде өзбек тургундары катын-калачты, бала-бакырасы менен Өзбекстанга качырып жиберишкен, ошондуктан келин ал жерден бир да аялды көрө албайт:

- Ал жерде киши аябай көп болчу. 10-15 адам кармап кетишкен, бирок барган жерде 500дөй өзбек бар болчу. Кары-жашы аралаш, эң кичинеси 15-18де, калгандары бүт чоң адамдар болчу.

Таламандын тал түшүндөгү кол салууда келтек жеген келин ичээр суум
... ач карышкырдай сүйрөп кетишти. Ата-энеме аманатымды айтып калсам эмне деп ойлодум. Перизат
түгөнгөнү ушул турбайбы деп жашоосунан түңүлөт:

- Качканда колуман кармап эле, сүрүлүп барып, жыгылганда бутумду чыгарып алгам. Башыма мылтык менен уруп, ач карышкырдай сүйрөп кетишти. Колдорумду кайрып, башыма мылтыктын кундагы менен коюп, акыркы күнүм деп элестеткем.

Мен "болду, эми балдарымды да көрбөй каламбы, ата-энеме аманатымды айтып калсам эмне, бул эми акыркы күнүм окшойт" деп ойлодум. Союп жиберебиз деп, бычакты алкымыма такап, "көзүңдү ойобуз (дешти)".

Ал барымтачылар өзүн кайда алып барганын азыр так билбейт.

Ош шаарындагы Фурхат микрорайонунан өйдө кеткен жер экенин гана элес-булас эстейт:

- Адырга чыгып кеткен жолдо, мектеппи же магазинби билбейм, ошонун жамбашында (капталында). Бүтпөй калган, ичинде шагыл-шугул, таш-паш бар жер экен. Жаман иштер болгону сезилип турду.

Айбан кылбаган кордук

Келинди барымтачылар адам чыдагыс жолдор менен кордошот, ошого карабастан Перизат жан соогалап, көз жашын көлдөтпөйт, башка салганды көрөөрмүн деп, өлүмгө тике карайт:

- Эркектер көпчүлүк болду, кордошуп, уруп, жаткырып алып, башыман
Ичим өтүп кетти, өзүмдү калтырак басты. Бирок ... жалдырап-жалынбай, ыйлабай өлөм деп турдум.

Перизат
ылдый (заара кылышты). Ичим өтүп кетти, өзүмдү калтырак басып калды.

Ушундан көрө атып эле салышса, оңой өлөт элем дедим.

Экөө келип, жаман нерсесин оозума тыгышып, мени аябай мазакташты. (Башым) мойнумдан шылынчудай, (өмүрүм) бычактын мизинде тургандай сезилди.

Бирок көзүмөн жаш агып, алсыздыгымды көрсөткөн жокмун. Жалдырап-жалынбай, ыйлабай өлөм деп турдум.

Көрөөр күнү али бүтө элек белем, Перизатты уурдап кетишкенин алысыраак туугандары билип калышып, ага издөө салышат.

Болжолу, алар келинге телефон чалганда, анын телефонун алып койгон барымтачылар Перизатты өзбек келинге алмаштырууга макул болушат.

- Кийинчерээк дагы беш-алтоо келди. Алар да мени зордуктап, кыйнашат го дедим.

Бирок аскер кийимчен өзбек келип, берки экөөнү "давай, чыгып кеткиле" деди.

Алар чыгып кеткенден кийин мага карап, «үнүңдү чыгарбай туруң, болбосо өлтүрүп койобуз» деди. Качканга арга жок, жеңилирээк өлсөм болду деген эле тилек болду, башка тилек болгон жок.

Жашоодон түңүлүп калган Перизат телефондон ага кыргыз балдар сүйлөгөндө деле уккан кулагына деле ишенбейт:

- Ал бирөө менен сүйлөштүрөбүз деп, мага телефон берди.

Телефонду алсам, бирөө кыргызчалап, «эже, сизди кыйнашпадыбы? Жарым сааттай күтүп туруңузчу, биз кайрадан байланышабыз» дешти.

Бирок «өзбектер мазактап атышат, баары бир тирүү калбасам керек" деп ойлодум.

Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин, чөнтөк телефон кайра шыңгырайт:

- Кеч кирип бараткан, караңгы да болуп калды. Звонок келгенде «азыр алып чыгабыз сизди, эч жаныңыздан түңүлбөңүз» деди.

Кыргыз балдар экенин ошондо сездим, «ии, өлбөйт экем, тирүү калат экем" деп ойлодум.

Ошентип Перизатты барымтачылар койо бере турган болушат, бирок боштондукка чейинки 50 метр жол ага чексиз мейкиндик болуп сезилет.

Азыр бул окуяларды Перизат кудум кинодогу окуялардай элестетет.

Көз карайып калган кез, аны ээн жолго алып чыгышат, кыргыз барымтачылар өзбек кызды кармап турган болот.

Эки тараптан тең белги болгондо, эки аялзат бири-бирин көздөп жөнөп калышат:

- "Чыгың" деди, бирок басканга дараматым жок, бутум сынып, чыгып
«Жакшына басып кетпесең атып салабыз» дешти. Жөрмөлөсөм да жетейин деп, бутумду сүйрөп жөнөдүм.
Перизат
кеткен.

Эки бала келип, сүйрөп чыкты да: «Азыр сизди өзбек кызга алмаштырабыз» деди.

Алып өткөндө, өзбек аял басып, чуркап өттү, мен болсо жөрмөлөп өткөндөй эле болдум.

Өзбектер «жакшына басып кеткин, жакшына басып кетпесең атып салабыз» дешти.

Өлүп калбайын деп, жан таттуу экен, эптеп, жөрмөлөсөм да, кыргыздарга жетейин деп, бутумду сүйрөп, кыргыздарга жеттим.

Ачуу-таттуу боштондук

Ошентип Перизат өлдүм-талдым дегенде кыргыздарга келет.

Ооруканага алып барышканда жик билгизбей, кийимин алмашып, кетип калганга шашат:

- Жетсем, кыргыз балдар экен, «эже, жаныңыз эсенби, калганы өлүп кетсин, баарын унутуңуз, көзүңүздү жумуңуз, сизге жашоо керек» дешти.

Кан болгон буту-колумду жууп, больницага келип, кийим-кечекти алмаштырдым. (Жан жерим бүт) ооруп аткан эле, ошону билдирбей, эч кимге айтпай, үйгө да кайрылганым жок, ошол убакта.

Андан берки айларда Перизат балдарын бала бакчага алып барганда, базарга чыкканда, баягы өзүн туткундагандарды издейт, таба албайт.

Прокуратурага кайрылса, тергөөчү «эми чекеңиз деле чийилбептир» деп кайра өзүн шакаба чегет:
Тергөөчү «эми чекеңиз деле чийилбептир» деди... Перизат


- 30-40 жаштагы өзбек балдар болчу, көрсөм тааныйм.

Шаарда нары бери басканымда, ошолордун элесин издейм, көрүп калсам экен, ошолор табылаар бекен деп.

Бирок өкмөт кайдыгер, милиция кайдыгер.

Меним тергөөчүм: «Эже, ишиңизди жаап койойунбу?» дейт.

Эч нерсе болбогондой, бирөө менен сөгүшүп койгондой кебелбейт, "сизге эч нерсе деле болгон эмес турбайбы" деген мамиледе.

Бүгүн июн коогасында каза тапкандардын жакындары мамлекеттен компенсация талап кылып, мэриянын эшигин тээп киришет.

Ал эми Перизат өзүнө окшогон кыз-келиндердин башына түшкөн кыйынчылыкты, алар психикалык, социалдык, саламаттык жактан канчалык кыйын абалда калганын эч ким билбей тургандыгына каңырыгы түтөйт.

Бирок баарынан да анын кордугунан шыбыш алып калган жоро-жолдошторунун такмазалуу сөздөрү жаралуу келиндин жанына батып келет:

- Өзбектерден кордук көргөнүм бир тең, кыргыздардын мазактаганы бир тең болуп атат.

Кээ бирөөлөр мыскылдайт «заложник» деп
Кандай болду акыбал, аны билбейт.
Ушулардан ошондой сөздү укканда
Эмнегедир достордон көңүл кирдейт.

Ушунчалык жакын дос болуп, ушунчалык убагында сыйын көрүп, сыйлашып жүргөн досторуң, ушундай күнгө тушукканда, сени басынткан, сени маскаралаган сөздөр менен, сенин дал ошол кемчилигиңди билип туруп, жүрөгүңө тийип туруп, бир табасы кангандай суроо бергени өлүм менен эле барабар экен.

Бычактын мизиндеги аял бактысы

Жаш келиндин үй-бүлөлүк бактысына да доо кетти.

Сыртта иштеп жүрүп, жаңы журтуна кайткан өмүрлүк жолдошу менен оту күйүшпөй бараткан кез:
Жолдошум укту, суз мамиледе болуп, сен кантип жүргөнүңдү кайдан билейим деп маскаралады. Перизат


- Жолдошум жаңы жылда келди, укту, суз мамиледе болуп, сен кантип жүргөнүңдү кайдан билейин деп маскаралады.

Акыры ажыраша турган болуп, мен шаарда калдым.
Баары бир суз мамилеси муздаган, тоң бойдон, ал балдарды карайт, мен деле өз ишимди кылам. Ошентип экөөбүздүн мамилебиз таптакыр келишпей калган.

Перизаттын саламаттыгы да анчейин.

Денесине келтирилген залака да айыга элек, ал эми ички дүйнөсүнө келген залака басылмак тургай, мезгил өткөн сайын күч алып барат:

- Бутум дагы деле ооруйт, кез кезде башым ооруйт. Бирок балдарды калтырып, дарыланганга мүмкүнчүлүк болбойт, же тыйын болбойт.

Ошондон бери 2-3 ай уктай албай, түштөрүм айнып, уйкудан чочуп көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм.

Уктасам эле, адамдардын өлүктөрү, казанга салып кайнатып жаткандары, бакырык-чакырыктар түшүмө кирип жүрдү.

Же туугандарыма айта албай, чачтарым агарып, картаң көрүнүп калдым.

Согуштан бери 7 айдын жүзү болсо да, азыркы күнгө чейин жүрөгүм ойноктойт.

Түн киргенде чочуп турам, качан артыман келип бирөө уруп, курал такайт экен, деп.

Перизат өз башына түшкөн азаптан өзүнө кол салууну ойлогон күндөр да болот, бирок чийедей жаш балдарын ойлогондо кайра кайтат:

- Бул менин башыман өттү, эми эч кимге кайталанбасын, адам баласына кордуктун эң акыркы баскычы бейм.

Өзүм деле көчөдө араң басып жүрөм.

Өткөндө бул боюнча ырларды жазгам:
Өзүмчө өчүп калгым келген менен, балдарым жылдыз болуп турат жанып Перизат


Өмүрдү өкүнүүгө малып алып,
Өзөктө өкүнүч от жагып алып,
Өзүмчө өчүп калгым келген менен
Балдарым жылдыз болуп турат жанып.

Өмүрүмү кыйып ала турган күндөр болду го, бирок баары бир үмүт менен кыбырап жашап жүрөм.

Сөз соңу:

2010-жылдын жайындагы коогада укук коргоочулар кордук көргөн 100дөн ашык кыргыз, өзбек кыз-келиндерин катташкан, катталбагандар мындан да көп болушу мүмкүн.

Бирок эки тараптан тең кылмышкерлер кармалып, жаза алган учурлар жокко эсе.

Психологдор сексуалдык зордукчулуктун курмандыктары узак мезгилдүү реабилитацияга, балким орун которуп кетүүгө муктаж экендигин айтышат, бирок согуштан кийинки кыйналган турмушта бул курмандыктардын көбүндө андай мүмкүнчүлүк жок.

Бул программаны даярдоодо көмөк кылган Оштогу «Ак Жүрөк» кризистик борборуна жана анын жетекчиси Дарыга Асылбекова ыраазычылык билдиребиз.

Видео тасма:




Бул видео тасмада 2010-жылдын июн айындагы этностор аралык жаңжалда Түштүк Кыргызстандан убактылуу Өзбекстан аймагына качкан өзбектерди, негизинен кыз-келин, жаш балдарды жана карыларды көрүүгө болот.

Өзбекстан ал кезде 100 миңдей кыргызстандык жарандын басымдуу көпчүлүгүн бир нече күнгө гана кабыл алган. Сыягы, бул тасма 12-июнда тартылып, андан соң Youtube-га жарыяланган. Бул тасманын автору ким экени белгисиз.

Бул видео тартылган 12-июнга карата жаңжал башталган эки күндө Ош, Жалал-Абад облустары боюнча 140 чакты киши каза тапкан, айрым укук коргоочулар набыт болгондордун көпчүлүгү өзбек тегиндегилер болгонун жоромолдошот, бирок бул бүтүм расмий тастыктала элек.

Укук коргоочу «Кылым шамы» уюмунун эсебинде, июн жаңжалында набыт болгон 450дөн ашуун кишинин 45тейи (дээрлик ондон бири) аялдар болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG