Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Рамзан Кадыров: “Мен эл үчүн иштейм”


Чечен лидери Р.Кадыров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жаткан учур, 8-август, 2009
Чечен лидери Р.Кадыров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жаткан учур, 8-август, 2009

Чеченстанда укук коргоочу Наталия Эстемированы июлда атып кетишкен. Укук коргоочулар муну президент Рамзан Кадыровдон көрүштү. Бирок “Азаттык” менен маегинде Кадыров ага тагылган айыпты четке какты.

Рамзан Кадыров биздин радиого сүйлөп жатып, Чеченстанды өнүктүрүү боюнча анда өзүнүн жеке программасы жок экенин айтты. “Программаны менин ыраматылык атам, Чеченстандын буга чейинки президенти Ахмад Кадыров калтырып кеткен. Биз анын аткарам деп, жетишпей калган пландарын гана ишке ашырып жатабыз”, - деди ал.

Эгер Эстемированы Кадыров же анын адамдары өлтүргөн болсо, далилдешсин да камасын!
Чеченстанды кайра курууга канча акча кетээрин айтыш кыйын деп эсептейт Кадыров. “Бирок мен бир нерсени ачык айта алам – биз өлкөнү бутуна тургузабыз. Социалдык проблемаларды чечебиз, жумуш оордуларын түзөбүз. Чеченстан Орусиянын эң гүлдөп-өнүгүп жаткан региону болуп калат”, - деп терең ишенээрин айтат.

“Мен команданын бир мүчөсүмүн. Бул – Чеченстандын биринчи президентинин командасы жана ал эң күчтүү топ. Мен өзүмдү өзгөчөмүн деп ойлобойм, - дейт ал. - Мен – элдин кулумун жана эл үчүн иштейм”.

Чечен лидери менен "Азаттыктын" кабарчылары Данила Гальперович (солдо) менен Грегори Файфер (оңдо) маектешти
“Батышта көптөр үчүн Чеченстан зордук-зобундун региону катары таанымал. Бул эмнеден мындай деп ойлойсуз?” деген биздин кабарчынын суроосуна Кадыров: “Эң жапайы кылмыштар, зомбулук Батышта болот, - деп айтты. - Алар Иракка киришти, Ооганстанга киришти, Палестина киришти, адамдарды өлтүрүштү. Адам укуктарын ар бир кадамда бузуп жатышат. Эгер бирөө жарым бирдеме десе, ал эл душманы болуп калат. Чеченстан болсо – Орусия Федерациясынын бир бөлүгү. Бизде орус мыйзамдарынын баары корголот. Албетте, адам укуктары бузулган учурлар да кездешпей койбойт. Бул бүт эле жерде болуп жатпайбы! Эгерде кимдир бирөө мыйзамды бузса, ал полисменби, атайын офицерби, айтор, ким болсо да биз аны жазалайбыз!”

Кадыров анын дарегине батыштык адам укугун коргоочу уюмдар тарабынан айтылып жаткан айыптоолорду четке какты. Анын айтымында, өлкөдөгү күч структуралары ага баш ийишпейт, алар баары Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан башкарылат.

Ал эми укук коргоочу Эстемированын өлүмү тууралуу айыптоолор жөнүндө айтып жатып, аны иликтөөгө эларалык көз-карандысыз эксперттерди чакырууга Р.Кадыров каршы экенин айтты.

Журналист жана укук коргоочу Н.Эстемирова Чеченстанда жоголгон, өлтүрүлгөн адамдар тууралуу маалымат чогултуп жүргөн
“Бизде өзүбүздүн сот системасы турганда, эмне үчүн биз сырттан бирөөлөрдү чакырышыбыз керек? Эмне, Орусиянын соттору же прокурорлору жаман иштешет бекен?, - деп суроого таң калганын жашырбайт. - Бизде тергөө иштери толук жүрүп жатат. Мени Эстемированын өлүмү үчүн айыптаган Олег Орлов (“Мемориал” укук коргоо уюмунун жетекчиси – ред.) укук коргоочу катары менин укугумду бузду. Ал мени Эстемированы өлтүргөн деп чыкты. Мен ага карап, “Эй, Орлов, сен улгайып эле калган кишисиң го. Жок дегенде бир жолу адам болуп, дурус сүйлөбөйсүңбү?, - дедим. Ал болсо: “Жок, мен сени адам өлтүргүч катары эмес, президент катары айыптадым”, - деди.

Кадыров эч кимге кереги жок бу катынды өлтүрүп эмне кылмак эле? Ал аялда уят деген, намыс деген эч качан болгон эмес. Ошентсе да, мен аны шаардык кеңештин башчысы кылып дайындап, Грозныйдын мэрин анын орун-басары кылып бердим. Мен маселени чечүүдө акыйкат аракеттенейин дедим. Бирок ал муну жактырган жок. Болбогон нерселерди айтып туруп алды. Анан мен айттым: “Сен аялсың. Биз азыр абалды жакшыртканга аракет кылып жатабыз. Бирок бир нерсе туура эмес кетсе, бизди айыптаба”, - дедим.

Менде Чеченстанды өнүктүрүү боюнча өзүмдүн программам жок
Мен ага республикалык да, шаардык да казынаны көрсөтүп: “Азыркы кызматтан жакшыраагын таба алсаң, ал!”, - дедим. Ал анан түшүндүм деп калды. Анан мен ал жетектеген кеңешти ишти дурус аткара албагандыгы үчүн таркаттым да. Мен ага сезимдеримди айткыдай, сүйүүмдү айткыдай жумшак сүйлөшкөн жокмун. Биз жумуш боюнча сүйлөшкөнбүз. Ал кеңештин башчысы катары мага отчет берди, мен президент катары аны уктум. Анан эмне үчүн мени анын өлүмүнө айыптап жатышат? Тергөөчүлөр издесин, өлтүргөн адамды тапсын. Эгер Кадыров же анын адамдары өлтүргөн болсо, далилдесин да камакка отургузсун!”, - дейт Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров.

Александр Черкасов
Анын бул сөздөрүн угуп алып, Эстемирова иштеген “Мемориал” укук коргоо уюму аны кескин сынга алды. Эстемирова уюмдун Чеченстандагы өкүлү болчу. “Мемориалдын” расмий өкүлдөрүнүн бири Александр Черкасов биздин радионун суроолоруна жооп берип жатып: “Азырынча мен айта алган нерсе: Биз Наталья Эстемированын өлүмүнөн кийин Чеченстанда ишти токтото туралы деп, туура чечим кабыл алган экенбиз. Анткени азыр Кадыровдун айткандарын угуп алып, биздин ал жердеги ишмердүүлүгүбүз, жумшартып айтканда, жогорку бийликтерге жакпай атканын, демек адамдардын өмүрүн коркунучка кептеп турганын түшүндүм”, - деди.

Андан сырткары, Черкасов Кадыровдун Эстемирова тууралуу сүйлөгөн сөзү 2006-жылы Политковская тууралуу Путиндин сүйлөгөнүнө окшош болду дейт.

“Билесизби, Эстемированын курбусу Анна Политковскаянын өлүмү тууралуу президент Путин ушундай эле ойду заматта айткан эле. Кадыров муну айтыш үчүн үч апта ойлонду. Менимче, бул сөздөр көбүрөөк анын өзү жөнүндө маалымат бере тургандай”.

Рамзан Кадыров: "Өз милдетимди аткарып жатам"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG