Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Диктор КАПАР АЛИЕВ - кыргыздын “Левитаны” эле...


«Талант тагдыры» түрмөгүнөн кабарчыбыз Балбай Алагушовдун кыргыздын тунгуч профессионал дикторлорунун бири, котормочу, журналист Капар Алиевдин өмүрү менен чыгармачылыгына арналган эскерүү баянын угуңуздар.

Алиев: «Көңүл буруңуздар! Азыр «Калк кадырлаган талант» деген музыкалык адабий берүүбүздү баштайбыз!
О, чиркин бир кеткен жан келсе кайра,
Андай укмуш болушу кайда, кайра.

«Райкан»... Бул сөз айтылганда көз алдыңа куйкум сөздү куйулуштура айтып, берметтей ырларды жазган сатирик акынды, жүргөн жерин карк күлкүгө толтурган куудул артисти, кара сөздүн каймагын калпый сүйлөгөн прозаикти, котормочу, драматургду элестейбиз. Райкан аз жашап, артына өлбөс-өчпөс асыл бай мурастарды калтырды. Анын кыргыз адабиятынын бай казынасына салган салымы кылымдан кылым өтсө да күнү бүгүнкүдөй жашарып, ар бир адамды өзүнүн кереметтүүлүгү менен тартып, ооздон-оозго өтмөкчү. Райкан кыргыз адабиятында өзүнчө өзгөчөлөнгөн стили бар. Өзүнчө чыйыр жол салган аз жазса да сапатына тырышкан чебер акын, таланттуу сатирик эле”.


Кадырман угармандар! Азыркы сиздер уккан ар бир угуучуну кыраатуу, мукамдуу өткөрө көркөм окуусу менен дароо туткундап алган музыкалуу коңур үн кынга салынган кылычтай шынга узун бойлуу, сары чийкил, арыкчырай Капар Алиевдики.

Ал кыргыздын эң бир чыгаан профессионал дикторлорунун бири эле.

Маркум Капар 1927-жылдын 8-майында аскалары асманды челген Теңир-Тоонун койнундагы Он-Арча (Эчки-Башы) айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал 1943-жылы Нарындагы мугалимдер окуу жайын бүтүрөт. Билимдин бешиги аталган айылдык мектепте иштейт.

Эр жеткенден көркөм адабиятка, өнөргө кызккан Капар окуучуларга адабияттан сабак берет.

Бир эле мезгилде облустук, республикалык газеталардын беттерине айылдык ар кандай турмушту баяндаган чакан макалалардан тарта сүрөтмөлөрдү, очерктерди жазат.

Жаш жигиттин болочоктогу жаркын шыгын сезген жана көрө билген «Ленинчил жаш» газетасынын жетекчилери Капарды адабий кызматкер болуп иштөөгө чакырышат.

Ал эми 1952-жылдан 1960-жылга чейин Алиев Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Радио комитетинде диктор болуп иштейт.

Капардын тубаса дикторлук шыгы радиодо иштеген жылдарында бажырая ачылат.

Ал куш тилиндей кабарлардан тарта саясий бюро мүчөлөрүнүн докладдарын, ар кандай өтө жооптуу, өткөрө маанилүү өкмөттүк билдирүүлөрдү окуйт.

Радиодо түрдүү түз берүүлөрдү алып барат.

Капардын көркөм окуучулук чеберчилиги акындардын ырларын, очерктерин, аңгемелерин, радиокомпозицияларды, музыкалык адабий берүүлөрдү окууда көрүнөт.

Ал кандай гана жанрдагы радио берүүлөрдү окубасын, ар бир үтүр, чекитине чейин өзгөчө көңүл бөлүп, басым жасап, маңызын ачып бүтүндөй жан дүйнөсү менен бериле эргий, кырааты менен келтире окуур эле.

Кайрадан кезекти 1962-жылдын 16-июлунда Капар Алиев окуган «Канаттуу күүлөр» аттуу музыкалык берүүнүн үзүндүсүнө берейин.

Алиев:

- «Кыргыз комузунун классиги Карамолдо Ороз уулу «сөзгө сараң» болгону менен, өзү салмактуу күүлөрдүн уюткусу эле. Анын ар бир күүсүнүн тамырын кармап, тарыхын талдай келсек өзүнчө бир симфониялык поэма. Анын укмуштуу күүлөрү элибиздин каны, жаны менен жуурулушуп, сырдуу океандай бай. Абалы Карамолдонун канаттуу күүлөрүн кеп кылуудан мурда, төмөнкүнү эске алуубуз ыктымал.

Албетте, кыргыз күүлөрүнүн тарыхы айтылып, белгилүү бир темага арнала чертилет. Андагы айтайын деген ою, берейин деген идеясы угуучуга айкын ачылат. Андай чыгармаларды профессионалдык музыканын тили менен айтканда "гаммалуу" дейбиз, же кыргыздын элдик музыкасынын бөлүнүштөрү боюнча атаганда "залкар күүлөр" делет. Алар болсо сөз жеткис нагыз философиялык ойлордун ширөөсүнөн жаралат. Карамолдонун күүлөрүнүн мындай зоболого жетиши - кыргыз элинин сыймыгы. Кыргыз күүлөрүнүн гаммалуулугу дүйнөлүк музыкалар менен салмакташат. Буга музыка изилдөөчү В.Виноградовдун «гаммалуулук - бул кыргыздын аспаптык музыкасынын жаны» деген сөзү күбө.


Ар бир радио берүүлөрдү майын чыгара окугандыктан, ошол кездеги Алиевдин замандаштары, угармандары маркумду «Кыргыздын Левитаны» деп коюшчу. Сөз кезмети Капарды жакшы билген замандашы, Республиканын Эл чыгармачылык Борборунун башкы адис-режиссёру Бексултан Ибраимов мырзада:

- Мен маркум Капар аганын өзүн көрө электен мурда радиодон үнүн укканда, кандай укмуш адам деп суктанып жүрдүм. Айрыкча үнүнүн тембри комуздун коңур үнүндөй назиктиги, сүйлөп жаткандагы айтылган ойдун орундуулугу менен тактыгы угуучуларды таң калтырчу эле. Кийин аганын өзүнө жолугуп сурасам, ал эч кандай деле маданий жааттагы окуу жайын бүтпөгөн, калк ичинен табылган алтын сыргалуу, сейрек кездешүүчү табигый талант экенине ынандым. Бул инсанды Теңир-Тоонун элибизге берген баа жеткиз белеги деп баалачу элем. Капар ага кандай гана жанрдагы материалдарды окубасын, мейли, радио сүрөттөмөлөрдү, жөнөкөй эле макалаларды, аңгеме, очерктерди, жалгыз актёрго жазылган пьесадай көркөмдүктө, образдуу, ар бирин өз орду менен, угуучуларды тажатпагандай, өзүнө тартып, жогорку чеберчиликте окуган дикторлук чеберчилиги күчтүү эле.

Аттиң, бүгүнкү атайын жогорку окуу жайларын бүтүрүшкөн даңк, наамга ныксыраган атактуу делишкен дикторлор, болгону сегиз үндүү тамганы өз ордуна коюп окуша албай, үтүр, чекитсиз, сайгактаган уйдай үзүл-кесил үндөрү менен угуучуларды да, көрүүчүлөрдү да тажатып, радио, телени тезинен башка каналдарга бурууга аргасыз кылат. Мейли, ким аларды кандай бааласа өз эрки. Мен үчүн, маданият кызматкери катары Капар аганы кыргыз элинин Левитаны, үн жагынан унутулгус, кайталангыс, ойдон өчкүс талисман катары эсептейм. Эстегилечи, эл-журт?! Ошол кездердеги Капар аганын ар кандай радио берүүлөрдү алып барганы - али эстен кеткис, түбөлүккө жаңырып тургансыйт. Капар ага арабыздан эрте кетти. Арга канча, бийликтүү мансапкерлердин айынан ак эмгеги эсептелбей атак, даңксыз о дүйнөгө көзү ачык узаттык. Эми Капар агадай жаркын таланттар кайсы кылымда жаралары белгисиз.


1960-жылдан 70-жылга чейин Алиев «Чалкан» журналында адабий кызматкер болуп иштейт. Ал ар кандай ондогон куйкумдуу макалаларды, фельетондорду жазуу менен окурмандарга таланттуу котормочу катары да таанылат.

Капар кытай жазуучусу Дин Линдин «Сангань дарыясынын үстүндөгү күн», жапондук жазуучу Тэру Такакуранын «Хаколэнинин сулуулары», Сабит Мукановдун «Өмүр мектеби», француз жазуучусу Франсуа Мориактын «Жылдар уюгу» аттуу романдарын, индиялык, украиналык, тажик, орус жазуучуларынын аңгемелерин да которот.

Булар да кыргыз окурмандарынын колдорунан түшүрбөй окушкан сүйүктүү чыгармаларына айланат.
XS
SM
MD
LG