Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Парламентте кезексиз жыйын өткөрүү сунушу талкууланууда


Кыргызстан парламенти.
Кыргызстан парламенти.

Ушул тапта Жогорку Кеңеште фракция жетекчилери менен спикер Чыныбай Турсунбековдун cүйлөшүүсү өтүүдө. Анда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышына байланыштуу кезексиз сессияга чогулуу маселеси ортого салынып жатат. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Маалыматка караганда, фракция лидерлери менен төрага кандай чечимге келери бүгүн жарыяланат.

Өмүрбек Текебаев 26-февралга караган түнү "Манас" аэропортунан Стамбулдан Бишкекке келген маалда кармалган. Атайын кызмат ага "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга депутаттын партиялаштары, тарапкерлери нааразы болуп, аны бошотууну талап кылып жатышат. Саясатчылар маселени парламенттин кезексиз жыйынында талкуулоону сунуштоодо. (NT)

XS
SM
MD
LG