Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Каракалпакстанда укук коргоочу кармалды


"Азаттыктын" өзбек кызматы 14-июнда билдиргендей, Өзбекстандын автономдуу Каракалпак жумуриятында укук коргоочу Эргашбай Рахимов камакка алынды.

Рахимов журналист Салижон Абдрахмановду коргоо боюнча Ташкенде өткөн акцияга катышкан эле. Укук коргоочунун атын атабоону суранган тууганы "Азаттыкка" Рахимовду 10-июнда райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери кармап кеткенин коңшулары айтканын билдирди.

Рахимовду кармап кеткен милиция кызматкери укук коргоочуга издөө жарыялангандыгын айтканын Узнюс.нет сайты 13-июнда жазган. Аталган сайтка ылайык, Рахимовдун бир тууганы Куралбай Рахимов 12-июнда Аму-Дайра районун сотуна Эргешбайдын издөөдө экендиги тууралуу сот чечимин сурап кайрылган, бирок ага чечимдин көчүрмөсү берилген эмес.

Өзбекстандын Укук коргоочу биримдигинин активисти Шухрат Рустамовдун айтымында, Рахимовду кармап кеткен милиция кызматкерине кайрылганда, ал укук коргоочунун эмне себептен кармалганын айта алган эмес.

Рустамовдун ырастоосунда, Рахимовдун эч кандай кылмыштык иштерге тиешеси болгон эмес. Укук коргоочунун ишениминде, анын кесиптеши жергиликтүү соттордун чечимдерине каршы арыз жазып келгендиги үчүн жазаланууда.

Каракалпакстанда мындай кадам бийликке олуттуу сес көрсөтүү деп саналат. Бул аймакта болуп келген Өзбекстан Укук коргоочулар Биримдигинин жетекчиси Елена Урлаева «Каракалпакстанда эл бийлик өкүлдөрүнөн ушунча корккондуктан, майда аткаминерди көргөндө да, анын жанынан жер карап өтүшөөрүн» айтат.

Быйыл кышта Рахимов 2008-жылы 10 жылга кесилген жердеши, журналист Салижон Абдурахмановду бошотуу талабы менен баш калаа Ташкенде өткөн нааразылык акциясына катышкан. Урлаеванын пикиринде, Рахимовдун кармалышы ошол окуяга байланышкан болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG