Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:43

Казакстан Каспийден мунай каза баштады. Дүйнөдөгү жаңы ачылгандарынын эң чоңу деп саналган, деңиздеги Кашаган кенинен пайда канчалык? Кыйналып турган элдин чөнтөгүнө огожо боло алабы?

Казакстан энергетика министри Канат Бозымбаев Каспийдеги Кашаган кени ишин баштаганын кабарлады. Суткасына 90 миң баррель кара май казылып жатат. Өндүрүлгөн кен атайын жайда топтолууда. Азырынча экспорттук келишимге кол коюла элек.

Кашаган акыркы 25 жылда дүйнөдө ачылган кен жайларынын эң ириси экени айтылып келет. Мунай кору 35 млрд баррель деп бааланган.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кашаганды иштетүү боюнча сөздөр жаңыдан айтыла баштаганда, тагыраагы 2003-жылы мунайды өндүрүүнү көбөйтүп отуруп, 2015-жылы жылына 180 млн тонна казабыз деген. Казакстан ошентип мунай өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөгө кошулары убадаланган. Бирок дымактуу пландар ишке ашкан жок. 2016-жылы 81 млн тоннадай, кийинки жылы 86 млн гана тонна кара май казылары айтылган.

Кашаган 2005-жылы эле иштей башташы керек эле. Бирок түрдүү себептер буга бут тосту.

Өлкөдөгү Мунайсервис компаниялары союзунун төрагасы Рашид Жаксылыковдун айтымында, бул кендин иштеши тармактык базардагы Казакстандын абалына аз да болсо оң таасир тийгизет:

- Казакстан 2014-жылы болуп көрбөгөн өлчөмдө - 81 млн тонна мунай казган. Кийин ал 75-76 миллионго түшүп кетти. Эгер Кашаган иштесе, мунай өндүрүү 5-6 млн тоннага көбөйөт. Бул азыркы жагдайда элдин социалдык абалын оңдоого шарт түзөт. Экономикалык диверсификация үчүн да акча керек. Бирок кен өндүрүмү сатыкка коюла элек. Ошон үчүн Кашаган мунайынын наркын бычуу кыйын.

Ошол эле учурда мунай баасынын түшүп баратканын байкап тургандар Кашаган өзүн актай албайт деп чочулашат. Буга кен иштетилет делген он жылдан бери чет элдик инвесторлор эбегейсиз акча сарпташканын негиз кылышууда.

Айрым маалыматтарда, 48 млрд доллардай акча салынган. Кендин ийгилигинен күмөн санагандардын бири - Мажилистин мурдагы депутаты Турсынбек Омирзаков:

- Мунай компаниялары бизге кандай келди? Алар бардык чыгымын жапкандан кийин гана бизге төлөйт. Ага чейин бизге эч кандай пайда жок. Мунайдын баасы азыркыдай төмөн болуп турганда инвесторлор ошол 48 млрд долларын качан кайтарып алышат? Казган мунайын жогору баада сата албаган инвесторлор роялти менен салыктарды деле төлөшү күмөн.

Бирок мунайчы Рашид Жаксылыков анын пайдасын башкадан көрөт:

- Казакстандын Кашагандан алчу пайдасы – роялти менен салыктар. Аны менен бирге жаңы жумуш орундары ачылат, казакстандык мунайчылар деңизден мунай казуу тажрыйбасын үйрөнүшөт, казак мунай тармагына жаңы технологиялар келет. Мунун баары пайда да.

Өкмөттөгүлөр да мына ушул жүйөнү келтиришет. Кашаганда казакстандык “КазМунайГаз”, италиялык Agip, америкалык ExxonMobil, англо-голландиялык Shell, франциялык Total компанияларынын ар биринин 16,8% акциялары бар. Калган 15% жапон жана кытай компанияларына тиешелүү.

Инвесторлордун көбү европалыктар экенин эске алган саясат талдоочу Султанбек Султангалиев кендин казак бийлиги үчүн саясий да мааниси бар дейт:

- Узактан күтүлгөн Кашагандагы өндүрүш чет элдик инвесторлордун да, Батыштагы каржылык-саясий элитанын да алдында ишенимдүү экономикалык өнөктөш катары кайрадан Ак Ордонун кадырын көтөрөт. Бул, албетте, батыштагы жетекчилердин өлкөдөгү азыркы саясий режимди кабылдоосуна оң таасир этет. Аны менен адам укуктарынын бузулушу, каяша айткан маалымат каражаттарын куугунтуктоо, жарандардын саясий эркиндигин кысуу сыяктуу фактылар жетиштүү чагылдырылбай, принципиалдуу баасын албай калат.

Ошол эле учурда бул кенге артылган зор үмүттү анализдегендер бийлик Казакстанды мунайдан көз каранды кылып койду деп айыпташат. Анткен менен саясат талдоочу Султангалиев Кашагандагы Казакстандын үлүшүн кожоюндун дасторконундагы калган-катканга салыштырып, экономикалык жактан өлкө утпайт деген ишенимде.

XS
SM
MD
LG