Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

"Казак Тайсонун" атып кетишти


Эрмек Сериков
Эрмек Сериков

Казакстандык боксчу Эрмек Сериковдун өлүмү спорт менен байланышкан заар кылмыштардын акыркысы болуп калды. Эмне себептен постсоветтик аймакта спорт жылдыздары криминалга жакын болушат?

Аны “казак Тайсону” деп коюшчу. Анын атаандаштары рингде кагаздан жасалган куурчактай жанчылып калышчу.

Бирок спортто жылдызы жана баштаган чемпиондон эми коркунуч жок: 11-августта Эрмек Сериков бир канча сааттын ичинде катуу жаарааттан көз жумду. Анын сөөгү табылган жерде машинесинен тапанчанын огу да чыкты. Милиция азыр бул иш иликтенип жатканын билдирип, анын чоо-жайын ачыктаган жок.

Сериковдун тренери Вячеслав Титовский боксерду анын ийгилигин көрө албаган атаандаштары эле жок кылышты дейт.

Советтер Союзу кулагандан кийин спорт жылдыздары талаада калышты

“Ал алдыга максат койгон, күчүү мүнөзү менен айырмаланган жакшы адам болчу, - дейт машыктыруучу. - Эч нерседен коркчу эмес. Ошондуктан аны “казак Тайсону” деп койчубуз. Анын эч нерседен жатыркабаган мүнөзү акыр аягында аны ушуга алып келди”.

20 жаштагы Сериковду машинесине бензин куйганы токтогон жерден оң жамбашына атып кетишкен. Бир нече сааттан кийин догдурлар операция жасап атышкан учурда жан берди. Казакстан өзүнүн спорт жылдыздарын капа кылбай, жакшы карагандыктан, Сериков түрдүү таймаштардан эле кеминде 300 миң доллардай акча иштегени айтылат. Ушундан уламбы, көптөр анын өлүмүн буга чейинки чемпиондордун ажалы менен байланыштырышууда.

Белгилүү спорттук журналист Эссей Женисулы “Азаттыкка” сүйлөп жатып, Азиянын үч жолку чемпионунун өлүмүнүн артында “чоң кылмыш” жатат деди.

“Эрмек Сериковду ким тындым кылганы азырынча белгисиз. Бирок анын артында чоң кылмыш турганы анык, - деди ал. - Самбо боюнча дүйнө чемпиону Аскар Шайхиев, же Абдисалан Нурмаханов, же белгилүү бокчу Бектас Аубакировдун окуялары да ушундай болгон. Биз Эрмахан Ибраимовдун токмоктолуп кетишин да унутпашыбыз керек. Мунун баары биздин коом өзүнүн баатырларын барктай албай турганын, аларга сый көрсөтө албай жатканын көрсөтөт”.

Советтер союзу таркагандан бери постсоветтик аймакта 20дан ашуун спортсмен табышмактуу жагдайларда көз жумган.

Бирок алардын баары эле бейкүнөө периштелер болчу деп айтыш да кыйын дешет баяндамачылар. Тажикстандык мен деген спортчулар Якуб Салимов менен Гаффор Мирзоев кийин ири саясатчыларга айланышты. Азыр экөө тең түрмөдө отурушат. Боксчу Борис Нейфильд Нью-Йоркто “орус мафиясынын” анабашчысы болуп алганы да айтылып жүрөт.

Атактуу балбан Раатбек Санатбаев (солдо) жана "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы Кабыл Макеш (оңдо)

Кыргызстандык футбол машыктыруучусу Бообек Кадыркулов спортчулардын кылмыштуу дүйнөгө кирип кетишинин себебин турмуштун начарлап кеткени менен байланыштырды.

“Советтер Союзу кулагандан кийин көпчүлүк мыкты спортсмендер эмне кылаарын билбей, талаада калып калган. Бизнес чөйрөсүнүн ыплас иштерине, рэкетке, айтор, жаман жактарга кирип кеткен да. Аты чыккан спортчулардын окко учуп жатканынын да негизги себеби ушул”, - дейт Кадыркулов.

“Азаттыктын” спорттук баяндамачысы Кабыл Макеш болсо жогоруда айтылган ойду колдоп, спорттун криминалдашышына эң оболу спортчулардын социалдык жактан камкордукка алынбаганы себеп деди. “Мына ушундай жагдайда атактуу балбан Раатбек Санатбаев, дзю-до күрөшүнүн эларалык чебери Кабыл Карымшаков, кикбоксер Али Парсуков жана башкалар бар”, - деди ал.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG