Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Дагестандык имам беш жылга түрмөгө кесилди


Дагестандагы мечит
Дагестандагы мечит

Орусиядагы Түндүк Кавказ аймагынынын аскердик соту дагестандык имамды терроризм боюнча айыптап беш жылга абакка кести. Укук коргоочулар тобу Магомеднаби Магомедовду саясий туткун катары мүнөздөп жатышат.

Сот Магомедовду кастыкты козуткан жана элди террорчулукка чакырган деп тапты.

Соттолуучу апрель айында камактагы бир нече жергиликтүү мусулманды бошотуу талабы менен Дагестандагы полиция бекетине барганда камакка алынган.

Москвадагы “Мемориал” укук коргоо уюму Магомедов элди террорчулукка чакырбаганын, болгону мусулмандардын укугун бузган жергиликтүү бийликти сынга алганын билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG