Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:17

Бүгүн Франция менен Казакстандын президенттери Николя Саркози менен Нурсултан Назарбаев энергетикада кызматташуу боюнча 24 келишимге кол коюшту.

Макулдашуулар негизинен мунай-газ тармагына багытталды. Президенттердин жолугушуусунда кол коюлган экономикалык келишимдер жалпысынан 6 млрд.долларга бааланат.

Алардын бири Хвалинское газ кенин өздөштүрүү менен байланыштуу. Ал жерде кенди өздөштүрүүгө Франциянын Total жана Gas de France ишканалары менен “КазМунайгаз” бир млрд.доллар акча салышат. Бул жалпы долбоордун төрттөн бир бөлүгүн түзөөрү айтылды. Каспийдеги “Хвалинское” кени ишке киргенден тарта жылына тогуз млрд.куб.метр газ өндүрө баштайт. Ал жети жылдан кийин ишке кирмекчи.

Франция менен Казакстан аскерий келишимге да жетишти. Казакстан өзүнүн аймагы аркылуу Ооганстандагы француз аскерлеринин өтүшүнө жана аскерий жүктү ташып өтүүгө да уруксат берди.

“Эгерде бул жерде кимдир бирөө көп азап тарткан ооган элинин проблемасын региондогу башка өлкөлөрдүн пикирин укпай эле чечсе болот деп эсептей турган болсо, демек, биз ооган кризиси боюнча бир пикирде эмес экенбиз демекчимин”, - деди француз президенти Н.Саркози.

Казакстан келерки жылы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмун жетектейт деп күтүлүүдө. Бирок Казакстандагы адам укуктарынын корголбой жатканын эске алып, расмий Астанага бул боюнча катуу сындар айтылып келатат. Саркозинин Астанага сапарынын алдынан адам укугун коргоочу “Human Rights Watch” эларалык уюму да француз президентин казак жетекчилиги менен жолугушууда ушул маселени көтөрүүгө чакырган. Бирок Саркози казак президентин “тынчтыкты сактоого” аракет кылып жатат деп мактады жана дос болууга чакыраарын айтты.

“Менимче, проблема болсо, келип алып эле окутуп кирбей, дос катары аны чечүүнү сүйлөшүш керек, - деп айтты Саркози. - Проблема бар жана мен президент Назарбаев менен демократия, сөз эркиндиги жана адам укуктары боюнча сүйлөштүм”.

Назарбаев болсо Астананы сындап жаткан ЕККУ тууралуу: “Бүт постсоветтик аймак ЕККУга каршы чыкпадыбы!, - деди. - Анткени ЕККУнун чиновниктери адамдык жагын гана карап туруп алышты. Бирок ал жерде коопсуздук, экономика, экология маселелери бар да”.

Журналисттер президенттерден Казакстанда мамлекет башчынын өмүр бою бул кызматта калыш-калбашы тууралуу да ойлорун сурашты. Назарбаев болсо президенттин иш мөөнөтү ансыз деле Конституцияда көрсөтүлгөн деди.

“Конституцияда биринчи президентке гана жеңилдик катары кайра шайланууга чек алынып салынган. Калган президенттер беш жылга бир гана жолу шайлана алышат”, - деди Н.Назарбаев.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG