Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

Караганды облусунун Балхаш шаарында түрмөдөгү атышуулар токтогону, качам деген 16 адам өздөрүн жардырып жибергени кабарланууда.

Түрмөдөгү тополоң тууралуу карама-каршы маалыматтар түшүп жатат. Соңку кабарларга караганда, полициянын атайын отряды тополоң чыккан түрмөга чабуул койгондо качам деген адамдар өздөрүн жардырып жиберишкен. Бул туралуу Казакстандын Юстиция министрлигинин кылмыш-жаза комитетинин расмий өкүлү Талгат Ахметов билдирди.

Анын айтымында, чабуул учурунда түрмөнүн тигүү цехинде иштеп жаткан адамдар коргонуш үчүн бир бөлмөгө жашырынып калышкан. Алар бошотулушту. Ошол эле учурда, Ахметов барымтага эч ким алынбаганын айтты. Мурдараак 30 адам барымтага алынганы тууралуу кабар таркаган эле.

Түн оогондогу окуя

Казакстандын Ички иштер министрлигинин Караганды облусу боюнча бөлүмүнүн расмий өкүлү Жанатай Самбеков “Азаттыкка” эрте менен: “12 адам түрмөдөн качканга аракет кылышкан, - деген эле. - Кылмыш-жаза комитетинин төрт кызматкери ар кандай жараат алышты. Бирөө ооруканага жолдо бараткан жеринен курман болду. Кимдер качканга аракет кылышканы аныкталды. Алар баары оор кылмыштар үчүн отургандар”.

Өзүн Балхаштын тургуну деп тааныштырган киши анын бир тууган иниси ушул түрмөдө отурганын, атышуулар тууралуу кабар алгандан кийин түрмөгө барганын айтат. Бирок таңкы саат төрттө ага жакын келгенде түрмөнүн айланасы курчоого алынганын кошумчалады.

“Бизди киргизишпеди. Түнкү төрттө барган элек. ОМОНдор документтерибизди текшеришти, - деди ал “Азаттыкка”. - Түрмөгө жети чакырымдай жердин айланасы курчоого алыныптыр”.

“Исламчылар болушу мүмкүн”

Балхаш түрмөсүндө үч жылдан ашуун жаза өтөгөн журналист Токберген Абиевдин оюнча, качам дегендер диний экстремисттик топтун мүчөлөрү болушу мүмкүн.

“Ал жерде отургандар баары эле администрацияга жакшы эле мамиледе болушкан. Ошондуктан абак жайындагы шарт боюнча нааразылык болушу мүмкүн эмес эле, - деди Абиев. - Алар, менимче, вахабисттер болушу мүмкүн”.

Казакстанда соңку эки жылда түрмөдөн качууга бир нече жолу аракет катталды. Былтыр июнда Актаудагы түрмөдөн 21 адам качканга аракет кылганы белгилүү. Атышууларда алардын 15 өлүп, калгандары кармалган болчу. Эки ай мурда Караганды облусундагы Долинка абагынан да качканга аракет кылышкандар тууралуу кабарланган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG