Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Казакстан: Театрдагы Жаңы-Өзөн


“Көчкү” спектаклине катышкан актерлор. Ауэзов театры, Алматы. 2012-жыл
“Көчкү” спектаклине катышкан актерлор. Ауэзов театры, Алматы. 2012-жыл

Ушул аптада Алматыда былтыркы декабрдын кандуу окуялары кыйытылып көрсөтүлгөн спектакль коюлду. Буга бийликтер уруксат беришти. “Аксарай” театрынын “Көчкү” деп аталган ал спектаклин койгон режиссер Болот Атабаев “социалдык жек көрүүчүлүктү козуткан” деп айыпталган.

Спектаклден түшкөн акчаны алар Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуяларда өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө беришет.

Негизи спектакль түрк драматургу Тунжер Жунженоглынын пьесасынын негизинде коюлган. Окуя тоолуу айылдардын биринде өнүгөт. Анын жашоочулары жылына тогуз ай бою кар көчкүдөн коркуп, шыбырап гана сүйлөшөт. Той-мааракелерди өткөрүүгө, керек болсо, бала төрөөгө же күлүүгө да жылына үч гана ай уруксат берилген.

Мунун баарына аксакалдар тобу уруксат берсе гана жасалат. Эрежени бузгандарга ырайым жок - өлтүрүлөт. Спектаклдеги башкы эле максат, режиссер Болот Атабаевдин айтымында, айылдыктардын аң-сезиминде, жүрөгүндө калган коркуу сезимине каршы күрөштү көрсөтүү эле.

"Коркуу сезими жана ага каршы күрөш... Каршылык көрсөтүш үчүн эң оболу адам өзүндөгү коркуу сезиминен арылышы керек. Антпесек, биз эч качан каалаганыбызды айта албайбыз. Биз дагы эле шыбырт менен сүйлөп, ысык тамагыбызды жеп, жылуу көрпөгө бекинип жашап жүрө беребиз. Дал ушул көрпө - коопсуздуктун белгиси, аны жамынып алып, ичинде өзүбүздү эркинирээк сезебиз", - дейт режиссер.

Алматы: «Көчкү» спектаклинен үзүндү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

Өткөн айда режиссер Атабаев немис-казак театрлар ортосундагы кызматташтыкка кошкон салымы үчүн Германиядагы Гете институнунун Гете медалына татыган. Сыйлыкты тапшыруу аземи быйыл августта немис жергесинде өтүшү керек.

Бирок ага каршы айып дагы эле күчүндө болгондуктан, аны сыртка чыгууга бийликтер уруксат береби, жокпу – белгисиз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG