Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Казакстанда куралдуу кол салуудан беш киши мерт кетти


Казак полициячылар кылмышка шектүү адамды кармап жаткан учуру. 18-июль, 2016.
Казак полициячылар кылмышка шектүү адамды кармап жаткан учуру. 18-июль, 2016.

18-июлда Казакстандын Алматы шаарындагы райондук ички иштер бөлүмүнө куралдуу кол салуу болду. Беш офицер окко учуп, сегиз жарадар ооруканага түштү. Президент Назарбаев окуяны террордук чабуул деп атап, элди чагымга алдырбоого чакырды.

Казакстандын Алматы шаарындагы Алмалы райондук ички иштер бөлүмүнө чак түштө куралдуу кол салуу болду. Белгисиз эки адам милициянын нөөмөтчүсүн тапанча менен атып, автоматын тартып алган.

Атышуулардан үч полиция кызматкери жана эки жай тургун кайтыш болду. Дагы жети полициячы оор абалда ооруканага түшкөн. Тартип коргоочуларга кол салган жаран кармалды. Учурда анын башка шериктери изделүүдө.

Кармалган жаран Кызыл-Ордо облусунун мурда соттолгон 27 жаштагы тургуну болуп чыкты. Буга байланыштуу Казакстанда бүт өлкө боюнча террор коркунучунун кызыл чеги жарыяланып, ал тартип кечке жуук кайра алынды.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев күч кызматтарынын жетекчилерин кабыл алып, элди ар түрдүү чагымдардан коргоону тапшырды.

- Биз баарыбыз Алматыда террордук акт болгонун билебиз. Мунун кесепетинен адамдар курман болушту. Кишилер көп чогулган жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынсын. Элди так, туура маалымат менен тынымсыз камсыздап тургула. Болбосо ар кандай имиштер тарап коомду дүрбөтө берет. Жалган имиштерди таратып, коомго чагым салгандар дароо аныкталып чара көрүлсүн. Иликтөө иштери тез арада аягына чыгарылсын.

Чындыгында эле Алматыдагы атышуулардан бүт шаар тургундары арасында террорчулардын саны, алар кол салган жайлар тууралуу так эмес имиштер тарап кеткен. Буга байланыштуу 1.5 миллион калкы бар Алматы шаарында базарлар жана ири соода борборлору жабылып калган. Мамлекеттик казак почта ишканасы калаадагы атышууларга байланыштуу белгисиз мөөнөткө чейин ишин токтотконун расмий жарыялап жиберген.

Алматыдагы атышуу: бир адам кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:29 0:00

Казак бийликтери террорчулардын кайсы уюмга таандык экени, алардын максаты эмне экендиги тууралуу эч кандай билдирүү таратыша элек. Бул арада интернетке Алматыдагы атышууларга күбө болгондор ондогон фото жана видеолорду жарыялашты.

Ал видеолордо окко учкан полиция кызматкерлери, шаар ичиндеги атышулар, террорчулукка шектелип кармалган жарандын сүрөтү жана атышуулар менен кошо “Аллаху акбар” деген жалгыз адамдын кыйкырганын угууга болот.

Алматы шаарында киши өмүрүн алган окуяга байланыштуу кыргыз-казак чек ара өткөрүү пункттарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Көзөмөл-өткөрүү пункттарына кошумча аскер күчтөрү жиберилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүү таратты.

Казакстанда милиция имаратына куралдуу кол салуу 5-июнда да катталган. Анда отуздай куралдуу киши Актөбөдөгү курал саткан дүкөндөргө жана аскердик гвардиянын имаратына кол салган. Ал окуянын кесепетинен 3 полициячы жана 4 жай тургун бөөдө окко учкан. Антитеррордук операция учурунда 13 террорчу жок кылынып, бир нечеси кармалган. Ал окуядан кийин казак президенти өлкөгө өлүм жазасын кайра киргизүү тууралуу сөз козгогон.

XS
SM
MD
LG