Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Маалымат майданындагы маанай


Кыргызстанда саясий кырдаал курчуганы маалымат каражаттары аркылуу “маалыматтык тиреш” күч алууда. Оппозициячыл саясатчылар бийлик мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу негизсиз каралап жатканын айтып чыгышты. Ал эми Коомдук телеканал болсо мындай айыптоолорду четке кагып, бейтарап маалымат берип жатканын ырастайт.

Мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу бир тараптуу каралоо жүрүп жатканын “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтып чыкты. Анын ырасташынча, бийликчил маалымат каражаттары Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан саясатчыларды эл көзүнө жаманатты кылууга аракеттер жасалууда.

Буга мисал катары Текебаев өз мүлкү тууралуу Коомдук Биринчи каналдын эфиринен көрсөтүлгөн сюжеттерди келтирди:

- Мисалы, Сапар Исаков мен жашаган үйдүн жогорку кабатында жашайт. Анын батиринин аянты 180 чарчы метр болсо, меники 120 чарчы метр. Мен мамлекет түптөлгөндөн бери иштеп келем. Ал Бакиев, Атамбаевди жандап жүрөт. Эгер Коомдук канал мүлктөрдү көрсөткүсү келсе, кошуналарымды эмнеге көрсөтпөйт? Анын жанында да президентке жакын болгон бир нече адам бар. Бул кадимкидей эле каралоо. Мен өз мүлктөрүмдү ачык көрсөтүп, журналисттер үчүн атайын тур уюштурайын деп жатам.

Текебаев айтып жаткан сюжет КТРКнын "Ала-Тоо 24" телеканалынын эфиринен 22-сентябрда кеткен. Ал "Өмүрбек Текебаевдин ачыкка чыккан мүлктөрү" деп аталып, депутат бир нече мүлктү жубайына каттатканы айтылган. Анда журналист Текебаевдин көпчүлүк мүлкү 2010-жылдан кийин сатып алганын кыйыткан. Дал ушундай эле маанайдагы макалалар бийликке жакын “Вечерний Бишкек” басылмасынын сайтында да жарыяланды.

Өмүрбек Текебаев айтылган мүлктөрү киреше тууралуу декларациясында ачык көрсөтүлгөнүн айтып, муну “негизсиз каралоо” катары баалады. Саясатчы ошондой эле Коомдук Биринчи каналга бийликке жакын жетекчилердин мүлктөрү боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунуштады. Текебаев буга чейин аталган каналдын жетекчилигин калыс маалымат таратууга чакырган эле.

Текебаев өз мүлкүн санап берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков сюжеттерде каралоо жоктугун, коомдо болуп жаткан окуяларды ар тараптан чагылдыруу – каналдын милдети экенин айтууда.

- Коомчулукта КТР Текебаевди туура эмес көрсөтүп, бийликти башкача көрсөтүп жатат деп сын пикир айтылып жатпайбы. Бийлик тараптан деле мага ошондой эле сындарды айтып жатышат. Телефон чалып, "андай болбой калды, мындай болбой калды" дегендер көп. Бул сын пикир, ачуу сөздөргө сабырдуулук, токтоолук менен мамиле жасап, эске алып, кимдир бирөөгө тартпастан чагылдырып жатабыз. Албетте, Коомдук телерадио корпорациянын жаңылыктарында өкмөттүн, президенттин, Жогорку Кеңештин позициясы басымдуулук кылат. Муну мен моюнга алып келем. Себеби, КТРКга мындай милдет “Коомдук телерадио жөнүндө” мыйзам менен толук түрдө жүктөлгөн.

Иллюстрация
Иллюстрация

Эксперттер мындай кырдаалды Кыргызстанда саясий абал курчуганы маалымат каражаттары аркылуу “маалыматтык тиреш” деп баалашууда. Себеби, оппозициячыл күчтөр өзүнө жакын маалымат каражаттары, сайттар аркылуу бийликтин айыбын ачууга аракет жасаса, бийлик мунун тескерисин кылууда.

Медиа эксперт Тамара Валиева бийлик менен оппозиция каршылашкан учурда мамлекеттен каржыланган маалымат каражаттары учурдун туткунуна айланарын белгилейт. Анын айтымында, Коомдук телеканалдын ишине кийлигишип, оппозицияга каршы айдактаган айрым жетекчилерден улам ушундай кырдаал жаралууда:

- Акыркы учурда мен мурун көргөндөрүмдү кайрадан кайталап көрүп жаткандаймын. Дежавю десем да болот. 2005-жылы, 2010-жылы да болуп өткөн окуялар кайрадан кайталанып жаткандай. КТРКга коомдук деп макам берип, аны көз карандысыз болот дегенибиз менен мурункудай эле окуялар болуп жатат. Бул, тилекке каршы, абдан өкүнүчтүү. Ал эми буга эмне себеп болду дегенге бир сөз менен жооп бере албайм. Менин пикиримде, ушул тармакты жетектегендер ишти жөндөй албай жатат.

2005-жылы, 2010-жылы да болуп өткөн окуялар кайрадан кайталанып жаткандай.
Тамара Валиева

Тарых илимдеринин доктору, журналист Тынчтыкбек Чоротегин журналисттер ушундай кыйчалыш учурда өз жоопкерчилигин билиши керектигин айтууда:

- Албетте, журналисттер аткаминерлердин былык иштерин ачыкка чыгарышы керек. Ага эч ким жолтоо болбош керек деп ойлойм. Бирок мындай иштерди чагылдырууда калыс жол менен каршы тараптын пикирин да бериш керек. Ошол эле учурда этностор аралык мамилелерди көрсөтүүдө абдан этият болуу керек. Кандайдыр бир кыска саясий упай топтойм деп колдонуу болбойт. Кийинки 10-15 жылды алдын ала баамдап, ынтымакка, биримдикке чакыргандай болуш керек. Бул үчүн журналист жоопкерчилик тартат.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 15-сентябрда маалымат жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан. Текебаев 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган.

Бийлик Текебаевдин айткандарын четке кагып, бардык сатып алуулар мыйзамдуу болгон деп айтып келе жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG