Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:25

Алматы: кыргыз номурлуу машинелер камакта


Казакстанда машинесин Кыргызстанда сатып алып, бажы салыгын төлөбөй айдап жүргөндөрдүн унаасы камакка алына баштады. Бажы кызматы “андай жарандар мыйзамсыз иш кылып жатканын билишет” деп комментарийледи.

12-март күнү Алматынын борбордук көчөлөрүнүн бирине 40тай адам пикетке чыгып, нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар – Кыргызстанда жылы эскирээк, арзан чет элдик машине сатып алган, унаасын өзүнө каттатпай, кыргыз жаранына каттатып, ишеним кагазы менен айдап жүргөн казак атуулдары. Казакстан 3 жыл мурдараак Бажы биримдигине кошулгандан тарта Кыргызстанга караганда чет элдик машинелердин баасы дээрлик эки эсеге чейин кымбаттаган.

Алматыдагы митингге чыккандар жакындан бери казак полициясы кыргыз номурлуу машинелердин артынан сая түшүп, кармалгандарын атайын жайга алпарып токтотуп атканын билдиришти. Валентина Лотикова – Кыргызстанда арзан машине сатып алып, ишеним кагазы менен айдап жүргөндөрдүн бири.

- Биз казак өкмөтүнө кайрылып, бардык салыктарды төлөйлү. Машинелерибизди айдап жүргөнгө уруксат бергиле деп суранып келатабыз. Бажы салыгын төлөп, бул жерде кайра каттаткандан деле качпайбыз. Бирок баасы биз Кыргызстанда төлөгөндөй көрсөтүлсүн. Астанага чейин барып келдик суранып, азырынча эч кимден жооп жок.

Алматыдагы митингге чыккандар кыргыз номурлуу машине ээлери полицияга 1000 доллардан пара төлөөгө аргасыз болуп жатышканын да айтып арызданышты. Митингдин дагы бир катышуучусу Шынгыс 2000-жылкы автоунаасын Бишкектен Алматыга караганда эки эсе арзан сатып алган, бир жарым жылдан бери аны кыргызстандык бирөөгө каттаткан бойдон ишеним кагазы менен айдап келаткан. Ал бир жарым жылдан бери аны полиция бир нече жолу токтотуп, документтерин текшерип коё бергенин айтып, машинеси мыйзамсыз болсо жаңыдан айдап келатканда чек арада токтотулушу керек болчу деп ачууланат. Шынгыстын машинеси эки жума мурдараак полиция тарабынан камакка алынган, ал унаасы кармалып турган токтотуучу жайга ар күн үчүн 1200 тенгеден төлөп жатканына ого бетер нааразы.

Айтор, кыргызстандык номуру бар машине ээлери Казакстандын мыйзамы эч жеринен бузулбаганын, алар маңдай тери менен тапкан каражатына сатылып алынганын, аны тартып алууга мамлекеттин укугу жок экенин белгилеп жатышат. Азырынча алардын машинелери кайтарылабы, антсе, качан кайра колдоруна тиерин эч ким билбейт, полиция жооп берүүдөн баш тартып ийин куушурат.

Анткен менен, митингге четтен көз салып турган Казакстандын Бажы кызматынын өкүлү Айдар Атенов кыргыз номурлуу машине айдап жүргөн жарандар мыйзам бузуп жатканын сопсонун эле билишет деп эсептейт.

- Казакстандын жараны айдап келаткан чет элдик номуру бар машинени бажы кызматкери чек арадан өткөрбөшү керек. Өлкөнүн Бажы кодексинин 470-беренесинде Казакстандын жарандары бажы төлөмүн толук төкмөйүнчө, машинесин айдап жүрө албайт деп жазылып турат. Чет элдик номуру бар машинени чет элдик жаран гана убактылуу айдап жүрө алат.

Казакстандын Бажы көзөмөлү башкармалыгынын кызматкери Атенов мырза кыргыз номурлуу машинелер кайрадан Кыргызстанга кайтарылышы керектигин, азыркы күнгө чейин 200дөй унаа артка кайтарылганын маалымдады. Кыргызстан жакында Бажы биримдигине кошулушу мүмкүн деген маалыматтан улам соңку кездери ал жактагы баасы арзаныраак машинелерди сатып алгысы келген казак жарандарынын саны мурдагыдан арбыган. Бажы биримдигине киргенден бери Казакстанда чет элдик машинелер гана эмес, бардык элге керектүү товарлар коңшулаш Кыргызстанга караганда кыйла кымбаттап кеткен. Кыргызстандын жетекчилери соңку кездери Бажы биримдигине кирүү маселеси улуттук кызыкчылыкка төп келсе гана оңунан чечилерин айтып жатышат.

Макаланы "Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчысы Асылхан Мамашулы даярдады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG