Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Казак президенти Британиядан кымбат жана үлкөн үй алдыбы?


"Казак лидери наркы 50 миллион фунт келген үйдү жашыруун алды". Ушундай аталыштагы макаланы 9-ноябрь, жекшемби күнү жарык көргөн санында британиялык "Sunday Times" гезити жарыялады.

Ал эми басылмага казак президенти Британиянын эң кымбат үйлөрүнүн бирин жашыруун сатып алгандыгы тууралуу маалыматты Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Альнур Мусаев берген.

"Sunday Times" гезити жарыялаган макалада сөз британ башкааласы Лондондун түндүгүндөгү Хампстед (Hampstead) районунун "миллиардерлер көчөсү" деген ат менен белгилүү Бишопс авенюсунда ( Bishops Avenue) жайгашкан "Топрак" (Toprak) деген вилла жөнүндө сөз болот. Макаланын автору Дэниэл Фоггонун ( Daniel Foggo) жазганына караганда, неоклассикалык үлгүдөгү ал вилла 50 миллион фунт –стерлингке кыймылсыз мүлк сатуу менен байыган Хоссейн Гандехари ( Hossein Ghandehari) ысымдуу магнатка караштуу компания тарабынан сатылып алынган.

Бирок Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Альнур Мусаевдин британиялык басылмага айтканына караганда, кымбат баалуу үлкөн үйдү сатып алган компаниянын артында президент Нурсултан Назарбаев турат. "Топрак" үлкөн үйү Назарбаевге караштуу",- дейт Альнур Мусаев. Ал белгилегендей, президент бул соодага өзүнүн катышы бардыгын жашырууну каалаган. Лондондон үлкөн үй сатып алуу Назарбаевдин акчаны четте жайгаштыруу саясатынын бир бөлүгү.

Белгилүү болгондой, Альнур Мусаев жана казак президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, өлкөнүн Австриядагы мурдагы элчиси Рахат Алиев казак бийликтери тарабынан бир катары кылмыштары, анын ичинде төңкөрүш жасоого аракеттенгени үчүн айыпталып, мекенинде сырттан узак жылдарга түрмөгө кесилген.

1990-жылдардын соңунда, 2000-жылдардын башында Альнур Мусаев Казакстандын улуттук коопсуздук боюнча комитетин башкарган кезде президенттин ал кездеги күйөө баласы Рахат Алиев анын орун басары болгон. Мусаев да, Алиев да азыр Батышта, балким Австрияда жашашат. Соңку кездери маалымат каражаттарына, интернетке маал- маалы менен казак расмий өкүлдөрү менен саясатчыларына карата компроматтык делген материалдардын, анын ичинде алардын телефон сүйлөшүүлөрү жазылган айдиотасмаларды чыгып жатышынын артында Алиев жана Мусаев турат деп болжолдонот.

Быйыл 22-сентябрда Альнур Мусаевдин ырастоосунда, Вена шаарында ага жана өзүн коштоп жүргөн котормочусуна куралдуу кол салуу жасалган. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда ал бул окуяны казак бийликтеринен көрөрүн жана мындай кол салуу 17-июлда да жасалганын айткан эле.


Казакстандык коомдук ишмер, "Улут тагдыры" кыймылынын жетекчиси Дос Көчүм британиялык гезитте жарыяланган макаланы "кайната –күйөө бала" ортосундагы күрөштүн уландысы деп эсептейт:

- Чынында эле казакстардын акчаны кымкырган далай адамдарынын, байларынын Англиядан үй алганын биз көп угабыз. Менин укканыма караганда, мындан беш-алты жыл мурда үч жүздөй адам- казактын байлары Лондондун эң жакшы жерлеринен турак-жай сатып алышкан. Бирок, маселе президенттин айлыгына ошондой үйдүн келбей турганында. Андыктан мен муну жогорку деңгээлде коррупция бар экенинин көрүнүшү жана бири-экинчисинин коорупциялык аракеттерин ачып жаткан эки топтун оюну деп эсептейм. Коррупция кандай деңгээлде экенин Казакстандын калкы жакшы билет. Менимче, жогору жактагы топтордун, президенттин, жеке адамдардын арасында бири-бирине компромат ачуусу, бири –биринин кылмышын көрсөтүүсү казакстандын калкы үчүн күндөлүк ишке айланып кеткен сыяктуудай сезилет. Мениче азыр калк буга мурдагыдай көңүл бурбайт.

Ал эми британиялык "Sunday Times" гезитиндеги макалага кайтсак, басылманын жазганына караганда, ошол 50 миллион фунт стерллинг келген үлкөн үйдү Казакстанда төрөлгөн, 75 жаштагы энеси Хурие Перамам ( Horrieh Peramam ) менен бирге сатып алган Хоссейн Гандехари ( Hossein Ghandehari) Альнур Мусаевдин билдирүүсүн четке какты.

Бирок ал ошол эле учурда өзүнүн президент Назарбаев менен тааныштыгын жана анын үй-бүлө мүчөлөрү менен "кайрымдуулук жана филантроптук" долбоорлордун алкагында кызматташтыгын жокко чыгарбайт.

"Биз Назарбаевдин үй –бүлөсүн абдан жакшы билебиз, бирок алар менен бизди кандайдыр бир ишкер алакалар байланыштырбайт",- деп ырастайт 43 жаштагы Гандехари.


"Sunday Times" жазгандай, "айтымда Гандехари/Перамамдын үй-бүлөсү Британиядан жана четтен кыймылсыз мүлк сатып алуу менен 1 миллиард фунттук байлык топтогон. Анткен менен жарашыксыз неокласссикалык виллага өтө эле кымбат баанын төлөнүшү жана сатып алгандардын ким экендиги кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгүлөрдөн көптөрдү таң калтырды. Мусаевдин билдирүүсү мурдагы Советтер бирлигинен Британиянын кыймылсыз мүлк рыногуна куюлуп жаткан акчанын басымдуу бөлүгүнүн булагы жөнүндөгү маселени көтөрүүдө".

Гезиттин маалыматына караганда, "Топрак" үлкөн үйү Гандерхаринин үй-бүлөсү Лондондун Бишопс авенюсунан же "миллиардерлер көчөсүнөн" 2002-жылдан бери сатып алган имараттардын эң кымбаты экен.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG