Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Жоголгон казак чек арачылары табылды


Казак-кытай чек арасындагы Коргас бекети
Казак-кытай чек арасындагы Коргас бекети

Казакстанда жоголгон он бир чек арачы аман-эсен табылды. Кытай менен мамлекеттик чек араны кайтаруу милдети жүктөлгөн аскерлердин дайынсыз кетиши акыркы бир ай ичинде экинчи ирет катталып олтурат. Бийликтин оппоненттери болсо бул көрүнүштү башкаруу системасындагы кризиске байланыштырышууда.

Дайынсыз жоголгон чек арачыларга издөө салынганы тууралуу маалыматтын шейшембиде Казакстанда дароо номер биринчи жаңылыкка айланышы
казак-кытай чек арасындагы бекетте өткөн айдын соңунда болгон окуяга түздөн-түз байланыштуу. Анда эки-үч күн командачылык менен байланыш үзүлүп калган чек ара бекеттен он төрт жоокердин жана бир токойчунун сөөгү табылган. Бул жолу бактыга жараша баары тынч аяктады, бирок эки окуянын тең расмий тарап айткан себеби окшош.

Уставдык эмес мамиле

Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын шейшембидеги түшүндүрмөсүнө караганда, Чыгыш Казакстан облусундагы “Терсайрык” чек ара заставасынын 11 жоокеринин чек араны өз алдынча таштап кетүүсүнүн себеби - аскерлер арасындагы уставдык эмес мамилелер.

Дүйшөмбү таң эртеден тарта дайынсыз болуп жаткан жоокерлер кечээ түш ченде кызмат өтөгөн жеринен 20 чакырымдай алыстыкта табылган.

Казакстандын “Жоокер энелери” комитетинин Чыгыш Казакстан облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Любовь Филт “Азаттыктын” казак кызматы менен маегинде буларды белгиледи:

- Он бир киши баарын таштап, кетип калышкан. Бул жаш балдардын эле ээнбаштыгы эмес да, командирлердин катачылыгы. Мен кызматын жакшы жана мыкты өтөп жаткандар үчүн албетте кубанычтамын. Бирок сөзүнө акырына чейин тура албагандарды да айыптабаймын. Балдар туура эмес ишке барганы менен көйгөй мамлекеттик да. Чек ара ачык калууда, ал жерден эмне алып өтүп жатышат?

Казакстандын Аскерий прокуратурасы чек арадагы соңку инцидент боюнча Кылмыш кодексининин “кызмат адамынын же аскерий бөлүктүн командачылыгынын аракетсиздиги, кызматынан кыянат пайдалануусу” деген беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бийлик айтканга оппоненттер ишенбейт

Уставдык эмес мамилелер казак-кытай чек арасындагы “Арканкерген” бекетинде өткөн айдын соңунда болгон трагедиялык окуянын да расмий себеби катары аталган. Бирок бийликтин оппонеттери бул көрүнүштөрдү башкаруу системасындагы жалпы кризистин белгиси деп мүнөздөшүүдө.

Оппозициядагы “Азат” социал-демократтар партиясынын тең төрагаларынын бири, мурдагы башкы прокурор Жармахан Туякбай мындай дейт:

- Булар бийликтин адеп чирип бүткөнүнүн белгиси деп билемин. Мунун ичинде укук коргоо органдарынын бири-бири менен атаандашуусу, бийлик талашуусу да бар. Бирок бул атаандаштык, ишти, натыйжаны жакшыртуу, мамлекеттин коопсуздугун, корголушун камсыздоо эмес, ошол мекемелерден кандайдыр бир пайда чыгаруу багытында кетип жаткандай көрүнөт.

“Арканкерген” бекетиндеги он төрт чек арачынын жана бир токойчунун өлүмү үчүн казак бийликтери ошол жерде кызмат өтөгөн жана аман калган он бешинчи аскерге айып койду.

Кызматташтарынын өлүмү үчүн айыпталган Владислав Челах
Кызматташтарынын өлүмү үчүн айыпталган Владислав Челах
Бирок айыпкер Владислав Челахтын жакын туугандары менен катар бийликке сынчыл көз караштагы активисттер да тергөөнүн буга чейин шардана кылынган маалыматтарына, далилдерине ишенбей турушат. Алар өткөн аптада абактагы чек арачыны коргоо боюнча коомдук комитет түзүшкөнүн жарыялашкан.

- Он тогуздагы жаш балага баарын илгенин кандай түшүндүрүүгө болот? Бийлик өз бийлигин сактап калуу үчүн түрдүү амалга барууда. Бул калпка биз ишенип олтура бермек белек, албетте ишенбейбиз. Ошондуктан коомдук комитет курдук. Бизди мамлекеттик комиссиянын курамына да киргизет деп үмүттөнөбүз. Бийликке ишеним жок,- деген Алматыдагы басма сөз жыйында режиссер жана оппозициячыл саясатчы Болот Атабаев.

Бирок Жаңы-Өзөндө социалдык кастыкты козуткан деп айыпталган Атабаевдин өзү да бул жарыянын эртеси камакка алынды.

Чек арачылардын өлүмүнөн кийин Казакстандын чек ара кызматынын башчысы Нуржан Мырзалиев иштен бошотулган. Бирок коомчулуктан буга байланыштуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет төрагасы, президент Нурсултан Назарбаевдин жакын адамы Нуртай Абыкаев да кызматтан кетиши керек деген чакырыктар чыгууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG