Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Алибинин сабалышы казактарды ойготту


Запкы жеген Алиби Жумагулов. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.
Запкы жеген Алиби Жумагулов. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.

Астанада белгилүү ишкерден таяк жеген Алиби аттуу 27 жаштагы жигиттин атасынын интернеттеги кайрылуусу социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады.

"Жаша, Алиби!" – зомбулук көргөн жигиттин атасы мына ушундай аталышта 25-апрелде алгач Фейсбуктагы өз баракчасына уулун ким сабаганын жана эмне болгонун кеңири жазган. Кийинчерээк ал интернетке атайын видео билдирүү жайгаштырды.

- 22-апрелге караган түнү уулумду чын эле үч адам аёосуз сабаган. Сабап эле тим болбостон, аны аябай кыйнашкан. Уулумдун абалы азыр өтө оор. Бул сүрөттөн силер анын сабалганга чейинки жана андан кийинки кебетесин көрсөңөр болот, – деп үнү каргылданган Нурлан Жумагулов бети көк шишиктен таанылбай калган баласынын сүрөтүн көрсөткөн.

Сабалган жигиттин атасы Кайрат аттуу адам уулун кечки саат тогузда жолугууга чакырганын, бир нече саат өткөн соң санааркап күтүп отурган ата-энеге Алибинин группалашы чалып, уулу ооруканада экенин кабарлаганын айткан.

“Биз ооруканага келгенде уулубуздун бети-башынын тамтыгы жок экенин көрдүк. Башын жөн эле тебелеп салышыптыр, мурду, жаагы сынган, бети айрылган. Кулагы кесилген. Бүт кийими кан. Моюнунда муунткан жиптин тагы калган”, - деп жазат Жумагулов Фейсбукка койгон билдирүүсүндө. Кабыргасы кайышкан ата мына ушундай жол менен уулуна жасалган зомбулукка көпчүлүк көңүлүн бурдурууга аракет кылган.

Кылмышкерлер акчанын күчү менен кутулуп кетпеши үчүн коомчулукка кайрылган Нурлан Жумагулов тергөө ишине басым жасалып, чоң кызматтагы адамдардан коркуткан мүнөздөгү телефон чалуулар болуп жатканына даттанат.

Кийинчерээк Нурлан уулун сабагандардын жан-жөкөрлөрү жөнөттү деген видеону таратты. Анда бети-башы шишип, оозунан кан куюлган Алиби кимдир бирөөнү өлтүрүп, жерге көөмп салганы тууралуу айткан.

Кылмышкерлер Алибиден бул сөздөрдү кыйнап айттырып, видеого тартып алышкан дейт Жумагулов:

- Менин уулум эч кимди өлтүргөн эмес. Ал өзүнүн Алматыда чогуу окуган эки группалашынын атын айтып койгон экен. Тергөөчүлөр ал адамдар тирүү экенин аныкташты. Азыр эми аларга тирүү экенин тастыктаган түшүнүк кат жаздырып атышат.

Социалдык тармактардын көп сандаган колдонуучулары Алибини токмоктогон ишкер Кайрат Жамалиев - Астанадагы бир катар ресторандардын жана оюн-зоок жайлардын ээси, колунда бар адам экенин жазышууда. Ошол эле маалда коңшу өлкөдө акчасына жана укук коргоо органдарындагы байланыштарына таянган Кайрат сыяктуу адамдар жазадан кутулуп кетишкенин айтып сындагандар дагы көп.

Жарандык активист Мурат Абенов мындай окуялар тез-тез болсо да, дал ушул Алибинин сабалганы коомдун көңүлүн өзүнө буруп, көпчүлүктүн бир жеңден кол чыгарып, жазасыз калгандарга каршы турууга даяр экенин жана баарын ачык айтууга мезгил келгенинин белгиси деп билдирди.

Интернет колдонуучулардын бир даары бул окуя ушунчалык тез тарап, талкууга алынганы үчүн тиешелүү органдар дароо чара көрүшкөнүн белгилешет.

25-апрелде Астананын Есил райондук сотунда ишкер Кайрат Жамалиевди камакка алуу же күрөө коюп, үй камагына чыгаруу боюнча атайын угуу болду. Сот имаратынын алдына жүздөгөн астаналыктар Алибинин ата-энесин колдоо үчүн жана адилет чечим чыгарылышын талап кылып келишти.

Жыйынтыгында сот Жамалиевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Кылмышка шектүү деп дагы бир адам - Жамалиевдин айдоочусу кармалды, ал эми жансакчысына издөө жарыяланды.

Бул факт соңку үч күн бою Казакстандын башкы телеканалдарында жана социалдык тармактарда башкы темалардан болду. Учурда көптөгөн жарандар Алибинин адвокатына, анын дары-дармегине акча чогултуп, Кайрат Жамалиевдин ресторандарына кирүүдөн баш тартышууда.

Активисттер 25-апрелде интернетте Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин дарегине петиция жиберүү үчүн кол топтой баштады. “Ачылган ишти адилет иликтеп, калыс чагылдырууну суранган" онлайн петицияга жети жарым миңден ашык адам кошулду.

XS
SM
MD
LG