Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Казакстан: жарандыктан ажыратчу жаңы мыйзам


Казакстанда жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору парламентке жөнөтүлдү.

Юстиция министрлиги сунуштаган мыйзам долбоорунда геноцид, экоцид, сепаратисттик, экстремисттик аракеттер, терроризм, куралдуу жаңжалдарга катышуу, конституциялык түзүлүшкө шек келтирүү, президентин өмүрүнө кол салуу, күч менен бийликти басып алуу, ага чакырык жасоо сыяктуу он алты кылмыштын түрүнө жарандыгынан ажыратуу деген кошумча жазага тартуу белгиленген. Казак өкмөтүндө бул мыйзам долбоору колдоо тапты, эми ал парламентте каралат.

Юстиция министри Марат Бекетаев Кылмыш-жаза кодексиндеги бул өзгөртүүлөр өлкөнүн өтө маанилүү кызыкчылыктары - мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүштү, президенттик башкарууну сактоого багытталды деп билдирди:

- Мында эч кандай саясат жок. Эч кандай саясий суроолор менен байланышы да жок. Сөз террористтик аракеттерге катышып келген кишилердин Казакстанга кайтып келип, экстремисттик идеясын жайылтууга бөгөт коюу жөнүндө болуп жатат, - деди юстиция министри Марат Бекетаев.

Бул Кылмыш-жаза кодексинин он бир беренесинде "улуттук кызыкчылыктарга каршы кылмыш" деп белгиленет.

Анткен менен укук коргоочу Евгений Жовтистин пикиринде, бийлик ар кандай кылмыштарга каршы күрөшкө жамынып алып адам укуктарын чектеп жатат. Казакстандык укук коргоочу эми бул беренелер саясий максатта дагы колдонулат деген ойдо.

- Конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирди деген беренелер бизде экстремисттик, террористтик аракеттер деген беренелер менен бирдей болуп калат. Бул беренелер эми саясий максатта колдонулушу толук мүмкүн. Бул саясий оппоненттерге куугунтук дегенди билдирет. Ушундай эле беренелер менен оппозиция лидерлери, активисттер, жер боюнча чыккандар жоопкерчиликке тартылбадыбы. Демек буга жарандыктан ажыратуу жоопкерчилиги кошулса, саясий максатта колдонулат.

Чынында, ушундай берене боюнча акыркы жылдары бир катар активист, саясатчылар, ар кыл конфессиялардын өкүлдөрү соттолгону белгилүү.

Мыйзам долбооруна ылайык, жарандыктан соттун чечими менен ажыратылат. Бирок адамдын андан аркы тагдыры эмне болору мыйзамда так жазылган эмес.

Жакында Конституцияга түзөтүүлөр киргизилгенден кийин Казакстан президенти мыйзамдарды өзгөртүү жана толуктоо жөнүндөгү буйругун чыгарган. Юстиция министрлигинин мыйзам долбоору мына ошол буйрукту аткаруу алкагында иштелип чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG