Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Назарбаев сарамжал жашоого үндөдү


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Президент Нурсултан Назарбаев АКШ жана Европа биримдигинин Орусияга каршы санкцияларын “жапайычылык” деп атады жана долларды Казакстанда пайдаланууну токтотууга чакырды.

Ошондой эле өлкөдө акчаны оңго-солго сарптап, ысыраптанып жашаган заман бүттү деди ал 11-февралда Астанадагы өкмөттүк жыйында. Ушундан улам өкмөткө оперативдүү максатта пайдалануу үчүн атайын кор түзүп, бюджеттин чыгашасын кыскартуу буйрулду.

Шаршемби күнкү Астанадагы өкмөттүк жыйындын башкы темасы Казакстандын экономикалык абалына арналды. Себеби президент Нурсултан Назарбаев өкмөт мүчөлөрүнө түшүндүргөндөй, казынага мунай-газдан мурдагыдай мол киреше түшпөй калган.

- Мунайдын 1 баррели 100 доллардан кымбат болуп, металлдарыбыз жакшы сатылып жатканда биз жакшы жашадык. Мындайча айтканда, семирип да кеттик. Дайыма ушундай болот. Акчаны оңго да, солго да, туш тарапка коротуп жаттык. Бүттү. Эми каражатка карап жашоо керек. Бул капсалаңдуу заманда бир аз арыкташыбыз зарыл. Андан аман өтүүбүз абзел.

Назарбаевдин жетекчилигинде өткөн өкмөттүк жыйындан чыккан министрлер.
Назарбаевдин жетекчилигинде өткөн өкмөттүк жыйындан чыккан министрлер.

Нурсултан Назарбаев Казакстандын экономикасы кабылган катаал жагдайга Орусия валютасы - рублдин алсызданышы таасир эткенине, андан ата мекендик өндүрүшчүлөр да чыгым тартып жатканына токтолду. Бирок бул асиретке Москва башындагы Евразия экономикалык союзунун эч кандай тиешеси жок деди.

Ал эми Украина кризисине байланыштуу Америка Кошмо Штаттары жана Евробиримдик Орусияга каршы жарыялаган санкцияларды “жапайы” деп атап, Орусиядагы экономикалык катаал абал үчүн Батышты кыйыр күнөөлөдү.

- Ооба, Орусия бүгүн оор абалга туш келди. Бирок биз алар мененбиз. Бул жапайы санкциялар эч кимге жардамдашпайт. Евробиримдик 25 миллиард доллар жоготууда, Орусия 41 млрд. жоготууда. Орусия бул абалдан татыктуу чыгат жана өсүп-өнөт. Буга мен да, казакстандыктар да ишенет.

Алматыдагы акча алмаштыруучу жай.
Алматыдагы акча алмаштыруучу жай.

Бул сөз буга дейре Орусиянын Украинадагы кырдаалга кийлигишүүсүн жылма сындап жүргөн Назарбаевдин тону өзгөрүп калганын күбөлөйт.

Алматылык талдоочу Досым Сатпаевдин айтымында, рубль Батыштын санкцияларынын таасири астында арзандагандан кийин Казакстанда жасалган товарлар Орусиянын товарлары менен атаандаштыкка туруштук бербей, андан жергиликтүү бизнестин зыян тартуусуна түрткү берди.

- Рубль кескин арзандады. Ага байланыштуу Казакстанда өндүрүлгөн продукциялар мурдагыдай атаандаштыкка чыдабай калды. Себеби тенгенин наркы рублден жогору. Ошон үчүн казакстандык товарлардын баасы бийик. Бул жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн абалын оорлотту. Ошондуктан казак бизнесмендерине кантип жардам берилет деген суроо туулду.

Деген менен Нурсултан Назарбаев жарандарды мекенчилдигин көрсөтүп, Казакстанда жасалган товарларды сатып алууга үндөп, Улуттук банкты долларды өлкө ичинде пайдаланууну токтотууга, дедолларизацияга чакырды.

9-февралда 1 доллардын баасы 186 теңгеге жеткен. Былтыр 11-февралда тенге 20 процентке арзандатылган.

Досым Сатпаев
Досым Сатпаев

Эми казак өкмөтү, президент берген тапшырмага ылайык, оперативдүү чаралар үчүн 1,4 млрд. долларлык кор түзүүгө тийиш; бюджеттик чыгымдар 3,8 млрд. долларга же 10 процентке кыскартылат. Элди жумуш менен камсыздоо максатында Астанадан аймактарды карай салаа-салаа жолдор салынып, инфраструктура өнүктүрүлөт. Бирок серепчилер кулак сүйүнткөн программалар тегиз ишке ашарына көп ишенишпейт.

- Ички факторго кайрылсак, алардын эң негизгиси - мамлекеттик аппарат эффективдүү иштебейт. Анткени Казакстандын экономикасында башкы адам - чиновник. Мамлекеттик менеджмент өтө чабал. Андыктан көптөгөн программалар, ошондой эле экономиканын кайра иштетилбеген чийки заттарга болгон көз карандылыгынан бошонуу аракети өтөөсүнө чыккан эмес.

Алматылык серепчи Айдос Сарымдын баамында, өкмөт берегидей программалар менен өзүн жоошутпастан, учурдан пайдаланып, терең саяий-экономикалык реформага баруусу абзел.

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

Бир нече күн мурда эл аралык Standart&Poor's агенттиги Казакстандын кредиттик ишеним рейтингин төмөндөтүп, ВВВ+ ордуна ВВВ деп баалаган.

XS
SM
MD
LG