Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Чегиртке казак дыйкандарынын шайын оодарды


Чегиртке
Чегиртке

Түштүк Казакстанды каптаган чегиртке 27 миң гектар эгинди жеп кетип, анын айынан дыйкандар менен бийлик акыйнек айтышууда.

Түштүк Казакстандагы Ордобасан районунун дыйкандары чегирткенин айынан быйыл түшүмдөн кол жууп калчудай болуп турушат. Алар эккен эгинди чегиртке жеп кетүүдө. Дыйкандардын айтышынча, аймакты 31-майдан бери зыянкеч каптап жатат. Ордобасандагы Берген айылынын тургуну Канат Нурумбетов 2 гектар жерге эккен дарбызынын чыгымы акталарына көзү жетпейт.

- 31-майдан бери чегирткеге каршы өз күчүбүз менен алышып келатабыз. Жер семирткичтерге, айдоо-сугаруу иштерине 700 миң теңге коротком. Эрте жаздан бери кылган эмгегим текке кеткени турат. Банктан алган кредитти кантип төлөөнү ойлогондон корком. Райондук бийликтен пайда жок. Убагында жер аянттарын дарылабай койгондун кесепети болду. Былтыр "чегиртке байкалса билдиргиле" дешкен эле. Быйыл кайрылсак, дары жок, эки-үч күндөн кийин барып сээп беребиз деп тим болушту. Бөлүнгөн акчаны максаттуу пайдаланса, биз мынчалык зыян тартмак эмеспиз.

Түштүк Казакстанды саранча каптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

Эгиндерди чегиртке каптап, дыйкандар зыянга учураганынан казак бийликтери кабардар. Бирок алар чегирткеге каршы дарылоо иштери болбой калганын четке кагышат. Өлкөнүн айыл чарба министрлигинин Түштүк Казакстан боюнча башкармалыгынын жетекчиси Серик Турбеков чегирткелердин көбөйүп кетүүсүн аба ырайынын жаанчылдыгына шылтады:

- Жалпысынан быйыл облус боюнча 27 миң гектар жерди чегиртке каптады. Анын ичинен 10 миң гектар жер дарыланган. Дарылардын натыйжасыз болуп жатканына аба ырайынын жаанчылдыгы себеп. Чегирткелерден облустун же райондун экономикасына тиешеси бар жерлер жабыркаган жок. Даттанган фермерлер өздөрү чегирткенин уюгуна эгин айдашкан. Аларга бийлик компенсация төлөйбү же жокпу билбейм. Ал дыйкандардын мамлекеттик актысы да жок.

Адистердин айтымында, Түштүк Казакстанды маракан чегирткелери каптоодо. Алардын ар бири 47 күндө 100-150гө чейин көбөйүүгө жөндөмдүү.

Учуп бараткан чегирткелер
Учуп бараткан чегирткелер

​Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда быйыл чегиртке менен күрөшкөн 12 адистин өздөрү да ууланып калышкан.

Дыйканчылык аянттарын каптаган чегирткелер Түштүк Казакстандын борбору Шымкент шаарына да жайнап киришкен. Өлкөнүн айыл чарба министрлигинин маалыматына карганда 5 миллион айдоо аянтын зыянкечтерден коргоого 600 миллион теңге бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG