Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Казактардан шылкылдак


Карагандыдагы Мамлекеттик техникалык университеттин студенттери Кайрат Маштыбаев менен Элдар Ахмедов.
Карагандыдагы Мамлекеттик техникалык университеттин студенттери Кайрат Маштыбаев менен Элдар Ахмедов.

Казакстанда Билим берүү министри «Гарлем шылкылдакты» бийлегенден кийин окуудан чыгып калган студенттерди кайра калыбына келтирүүнү сунуштады.

Казакстанда эки студент дүйнөдөгү эң модалуу шылкылдама бийди бийлегендиги үчүн жазаланбай калышы мүмкүн. АКШдан тараган «Гарлем шылкылдакты» (Harlem shake) түштүк корейлердин «Гангам стилиндеги» бийи менен «кайраштырган» тасмасы интернеттеги Ю-Тюб видео порталына чыккандан кийин, Кайрат Маштыбаев менен Элдар Ахмедов Карагандыдагы Мамлекеттик техникалык университеттен чыгарылган эле.

Университет бул тасманы Маштыбаев менен Ахмедов тартып, монтаждаганын аныктаган. Аларга «окуу жайдын менчигине залал келтирип, тополоң салып, университеттин чарба кызматкерин ыза кылган» деген кине тагылгандан кийин экөө шылкыйып, үйлөрүнө кетишкен.

Мына эми ишке Билим берүү министрлиги кийлигишип, эки бийчи кайра окуусун уланта турган болууда. Министр Бахытжан Жумагулов ушул аптада кабарчылар менен жолукканда, экөөнө «ашкере катуу жаза» колдонулуп жаткандыгын айтып, мамлекеттик окуу жайдын жетекчилигине "экөөнү кайра калыбына келтирүүгө көрсөтмө берем" деп убада кылды.

Университет министрдин айтканы боюнча билдирүү жасай эле. Бирок студенттер Маштыбаев менен Ахмедов «Азаттыктын» казак кызматына окуусун 20-марттан тартып уланта алаары айтылгандыгын билдиришти.

Видео тасмада эркек балдардын тобу узун сүйрү үстөлдө үн катпай сабак окуп отурганын көрөбүз. Бир убакта бетине көзүнөн ылдый ак беткап байланган бала үстөлгө чыга калып, «Гангам» стилинде бийлеп кирет.



Көп өтпөй сахнага айланган үстөлдүн үстүнөн бул баланы жүзүн толук беткапка жашырган бирөө түртүп салып, «Гарлем шейк» бийин аткара баштайт. Калган балдар баш көтөрбөй, сабагын окуп отурушат, бирок «Гарлем шылкылдак» видеолорунун салты менен бир убакта "тозок" башталат да, бүт беткапчан, египеттик мумиялардай бутунан башына чейин ак бинт менен байланган балдар тирилген өлүктөрдөй шылкылдап бийлеп башташат. Шылкылдаган себеби, зыңкыйган мумиялар тирүү жандай бийлей албайт эмеспи!

Бул аткарууда студент балдардын кылыгын дубалдан карап турган президент Назарбаевдин сүрөтүнө зыян келтирилбеген шекилдүү.

Караганды Мамлекеттик техникалык университети феврал айында эки студентти окуудан чыгарып салгандан кийин, башка шаарларда флэш-моб нааразылык акциялары өткөн эле. Алардын биринде экс-депутат Бахыт Сыздыкова Астанадагы соода борборунда «Гарлем шейкти" аткарган.

Эми казак билим берүү министри университет бул балдарга эскертүү берүү менен чектелиши керек деп жатат. «Окуудан чыгарылгандан кийин экөө мамлекеттик грант алуу укугунан биротоло кол жууп калат, ошондуктан мен муну өтө катуу жаза деп эсептейм жана аны жумшартууга аракеттенем» деди Жумагулов.

«Гарлем шейкти» аткаргандар жазаланган учурлар буга чейин да болгон. Төгөрөктүн төрт бурчунда сансыз студенттер окуу жайларда шылкылдап бийлегенден кийин желкеге жеп, айлалары куруган. Ушул айда эле Австралияда 15 шахтер жер алдында "Гарлем шейкти" аткаргандан кийин жумуштан куулуп калышты.

Аты айтып тургандай «Гарлем шейк» АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Гарлем ооданында 1980-жылдары чыккан. Ал эми «Гангам» стили Түштүк Кореянын Гангам дубанындагы тургундардын көйрөң жашоо стилин туурагандардын бийи катары дүйнө жайылып кеткен.

XS
SM
MD
LG