Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:53

Казакстанда суу ташкыны токтой элек


Бир апта мурда башталган суу каптоо кесепети Казакстандын жети облусунда алтымышка жакын шаар, кыштактарда жүздөгөн турак жайларды жарактан чыгарды.

Эл аралык жана жергиликтүү маанидеги жүздөн ашуун автоунаа жолун сел жууп кетти. Табият кырсыгынан алты киши өлгөнү кабарланууда. Бирок расмий органдар муну ырастаган жок. Учурда тургундарды коопсуз жайга көчүрүү иштери уланууда.

Ушу тапта эң кооптуу делген Акмоло облусундагы Атбасарда өткөн жылы курулган дамба бузулуп, 269 турак жай жана жаңы бүткөн мектеп суу алдында калды. Дагы 130 там суу каптоо коркунучунда турат жана шаардан миңден ашуун киши коопсуз аймакка көчүрүлдү.

- Муну биздин админстрация дамба деп айткан. Ал селден, суу ташкындан сактамак. Аны кантип жасаган? Бул жерден, тигил жерден кыртыштарды ташып, үйүп коюшкан. Эч кандай бекемдей турган бетон колдонушкан эмес. Мунун дамба эмес экенин билүү үчүн сөзсүз адис болуунун кереги жок. Бул үйүлгөн эле топо болчу, - деди телеканалдардын бирине жергиликтүү тургун.

Казак өкмөтү суу каптоолордун кесепети менен колдон келишинче күрөшүүдө. Өкмөт башчы Бакытжан Сагинтаев табият кырсыгы боюнча өткөргөн жыйында Атбасарда атайын тургузулган дамбаны кайсы компания салып, ага канча каражат кеткенине кызыкты. Суроого казак ички иштер министри Калмуханбет Касымов жооп берди:

- Жергиликтүү бийликтен 200 миллион тенге бөлүнгөн. Курулушту алар жүргүзгөн. Азыр биз иш козгоп, текшерип, тергөө иштери башталат.

Ташкындаган суу борбор калаа Астанага жакындаганы айтылууда. Мындан улам Астана суу сактагычында сууну шаар четиндеги аймактарга агызуу аракети жүрүүдө. Учурда суу сактагычтагы бөлүштүрүүчү жай суунун агымына зорго туруштук берип жатат.

Бир апта мурун башталган суу каптоо Актөбө, Караганда, Түндүк-Казакстан, Батыш-Казакстан, Костанай, Акмоло, Павлодар облустарынын тургундарын түйшүккө салып, жергиликтүү бийликтин шаштысын кетирди.

- Үйүбүз чөгүп кетти, дубалдар жарылды. Буга кантип жашайбыз. Өзүмдүн кан басымым жогору, ооруйм, - деп кейип турат актөбөлүк Есенбике Жумашкалиева.

Актөбөдөгү сууда калган айыл тургундары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолукту. Айылдыктар кырсыктан бузулган турак жайларын калыбына келтирүүдө көмөктөшөт деп бийликтен үмүт кылып турушат.

Ал эми Актөбө облусунун акими Бердибек Сапарбаев мындай деди:

- Эң биринчи биз документти бар, мыйзамдуу үйлөргө жардам беребиз. Тартип боюнча ушундай. Андан кийин турмушу начар үй-бүлөгө жардам беребиз. Мисалы, көп балалуу, үй-бүлөдө майып адамы барларга көмөк көрсөтүлөт.

Интернетте жүктөлгөн видеолордон суу каптаган аймактарда кайык менен жүргөн жашоочулардын көрүүгө болот. Ошондой эле үйлөрдүн дубалы урап, айрымдары таптакыр эле жерге чөгүп кеткен. Ал аймактардагы мектептер, социалдык мекемелер жабылды. Ар кандай маалыматтарга караганда 8000 миңге жакын турган үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. Казакстанда жыл сайын ушул убакта дарыялар нугунан чыгып, өлкөнүн бир топ аймактары суу ташкынга кабылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG