Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Казакстан: ураган үй тогуз адамдын өмүрүн алды


Кырсык болгон үй. 2-январь, 2017-жыл
Кырсык болгон үй. 2-январь, 2017-жыл

Казакстандын Караганды облусунда кабат үйдүн бир ыптасы урап түшүп, тогуз адам набыт болду. Алардын үчөө жаш балдар. Кырсыкка үйдүн жертөлөсүндөгү мештин жарылуусу себеп болгону айтылууда. Мындай кырсык облуста мурда да болгон экен.

Жаракаты олуттуу эки киши ооруканага жаткырылды. Калганы жана үйдүн башка батириндегилер коопсуз жайга, айрымдары туугандарыныкына көчүрүлдү.

Бешинчи кабатта жашаган Алексей Алексеенко Жаңы жыл майрамын апасы, келини, анын бир жарым жашар баласы менен чогуу тосушкан экен. Мурдараак иштери менен чыгып кеткендиктен Алексей каргашага кабылган эмес. Кырсык ал бүлөдөгү жаш эне-баланын өмүрүн алды.

- Апам экинчи кабаттагы кошунаныкына түшкөн экен. Ал жактан кайтып, үйгө кире берерде жардыруу сыяктуу үн угулду дейт. Анан урап кетиптир. Апамды биринчилерден болуп куткарышты. Азыр аман-эсен.

Иш сапардагы инисине - наристенин атасына азырынча байланышууга мүмкүн болбой, каргашалуу кабарды угузуша электигин кошумчалады Алексей.

Кырсык 1-январда түнкү саат он жарымдар чамасында болгон. 60 батирлүү беш кабаттуу үйдүн бир ыптасы же 10 батири толук кулаган. Ага үйдү жылыткан автономдуу мештин жарылышы себеп болгону алдын ала айтылууда. Азыр аны тактап иликтөө үчүн республикалык деңгээлде комиссия түзүлдү. Удаа эле кылмыш иши козголду.

Шахан Караганды шаарынан 35 чакырым ыраактагы, шаар тибиндеги айыл. Токсонунчу жылдарга чейин отуз миңдей киши жашачу. Андан кийин көбү көчүп кетип, азыр сегиз миңдейи гана калган. Ошондон улам борбордук жылытуу системасы жабылып, кабат үйдөгүлөр алынын келишинче жылытууга өтүшкөн. Бирлери жертөлөсүнө жалпы меш койсо, башкасы өз батирине киргизишкен.

Карагандыдагы үйлөрдүн басымдуусу совет мезгилинде курулуп, эскилиги жеткен. Мунун айынан мындай кырсыктар буга чейин болуп эле келген дейт "Азаттыктын" казак кызматынын аймактагы кабарчысы Елена Вебер:

- Өткөн 2016-жылы кышында Карагандыдагы дагы бир алыскы айылда бир кабат үйдүн бүтүндөй подъезди урап түшкөн. Бирок анда убагында элди куткарып кетишип, жараат алгандар болгон эмес. А бир нече жыл мурда Темиртауда да кабат үйдүн бир жагы урап, анда өлгөндөр, жаракат алгандар болгон. Демек, Караганды облусунда эски үйлөр урашы биринчи эле болуп жаткан жок.

Ал эми 2012-жылы ушул эле Карагандыда жаңы курулган көп кабат үй ооп жыгылган. Кыңайып бараткан үйдөн күн мурунтан жашоочулары чыгарылып кеткендиктен анда жаракат алгандар болгон эмес.

Акыркы жагдай Казакстан эле эмес, Кыргызстандагы да советтик эски үйлөрдүн абалын дагы бир ирет эске салууда. Мурда өндүрүштүк максатта курулуп, кийин иш токтогондо көпчүлүк эли көпчүп кеткен Миң-Куш, Кажы-Сай, Таш-Көмүр сыяктуу шаарларда, андан башка район борборлорунда андай эски үйлөр көп.

Алардын айрымдарында да борборлоштурулган жылытуу системасы иштен чыккан. Ар үйдүн жашоочулары өз алдынча, колунан келишинче жылытууга өтүшкөн.

Андагы өрт жана башка коопсуздук эрежелери талапка жооп берер-бербеси белгисиз.

Мамлекеттик экотехинспекция өкүлү ал үйлөрдөгү коопсуздукту тескешпей турганын, алар юридикалык тараптарды гана көзөмөлдөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG