Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05

Чымкенттеги өрттөн кыргызстандыктар да жабыркады


"Бекжан" базарындагы өрт. Чымкент, 3-август, 2012.

"Бекжан" базарындагы өрт. Чымкент, 3-август, 2012.

Чымкенттин ири базарындагы өрт кыргызстандык бир жарандын өмүрүн алып, дагы бир канча соодагердин товары күйүп кетти.

Казакстандын тиешелүү органдары бул окуядан соң “бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу” деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Кыргызстандын консулдугу ушул тапта тилсиз жоо алып келген чыгымдын көлөмү такталып жатканын билдирүүдө.

Кыргызстандын Казакстандагы консулу Эдуард Насировдун “Азаттыкка” айтымында, Чымкенттеги “Бекжан” деп аталган ири базардагы өрттөн Ош облусунун тургуну, 1980-жылы туулган Каныбек Мамасадыков ажал тапты. Учурда анын сөөгүн мекенине жиберүү аракеттери көрүлүүдө.

Насировдун айтымында, Чымкентте маркумдун апасы, эжелери бар экен. Алардын документтери да өрттөнүп кеткен. Консулдук тиешелүү документтерди даярдап, чек арадан өткөрүү аракеттерин көрүүдө.

3-августта эртең мененки саат бештерге жакын Казакстандын Чымкент шаарындагы “Бекжан” базарында өрт чыккан. Базарда кыргыздар көп иштеген үчүнбү, айтор кыргыз базары деп да аталчу экен. Казак маалымат каражаттары аталган базарда 7 миңдей орун бар экенин, жалпысынан базардын 7 миң чарчы метри күйгөнүн жазып чыгышты.

Кыргызстандык жеке ишкер Жоодар Разаковдун айтымында, аталган базарда 5 миңдей кыргызстандыктын товары күйүп кеткен.

- Менин 4 миң долларлык товарым күйдү. Бул дагы эң азы. Эч товары жок, бир тыйыны калбай калып ыйлап жүргөндөр көп. Башы 200 миң, аягы 5 миң долларлык товарлары толук күйүп кеткен. Базардын ээлери 2 миң доллардан беребиз деп айтыптыр кээ бирлерине. Эсептеп келгенде беш миң кыргызстандыктын товары күйүп кеткендей. Ал акчаны берерине деле көп ишенбей турабыз.

Жергиликтүү казак маалымат каражаттары аталган базар ээси чыгым тарткан ар бир ишкер, соодагерге 300 миң теңгеден компенсация төлөп берүүгө убада кылганын жазып чыккан.

Бирок биздин кийинки маектеш Кубатбек Жолдошев мындай жардам он чакты гана кыргызстандыкка тийгенин белгиледи. Ал да Чымкентте он жылдан бери соода кылат экен. Өрттө анын бери дегенде 20 миң долларлык товары күйүп кетиптир. Мындай чыгым тарткандар базарда четтен табылат. Анткени Чымкенттеги кыргыздардын көбү ушул базарда иштешет.

- Базар толугу менен күйүп кеткен, эч нерсе калган жок. Мен жаңы эле товар алып келип киргиздим эле 20 миң долларга. Ошонун баары күйүп кетти. Бийлик өкүлдөрү, базар ээси менен эч ким сүйлөшкүдөй болгон жок. Биринчи 300 миң теңге, дээрлик 2 миң доллардай компенсация берилет деп аткан. Кечээ, мурдагы күнү берилди. Бул сумма деле барып-барып 15 миң сомго түшүп кетти. Ошону дагы кыргыздардан 10 чактысы эле алды, калгандары алган жок.

Консул Эдуард Насировдун айымында, Чымкентте иштеген 1200 гана кыргызстандык консулдук каттоодо турат. Алардын дээрлик бардыгы базарда соода кылат. Азырынча тилсиз жоо алып келген чыгымдын көлөмү белгисиз.

- Базар деген базар да. Азыр ал тургай өздөрү да билбей жатышат кайсы жерде эмнелери бар экенин. Кыргызстандыктардын көбү эле акчасы менен документтерин иштеген жерине, базарга сакташчу экен. Ошондуктан көп эле адам документсиз калыптыр. Мен өзүм жерине барып, абал менен таанышып келгени жатам. Ошол учурда Чымкенттин жетекчилери менен сүйлөшкөнгө аракет кылам. Бирок жардам өздөрүнүн жарандарына гана төлөнсө керек.

Ошентип Чымкентте соода кылган Кыргызстан жарандары кандай жардам алышары, деги эле алар-албасы да азырынча белгисиз. Болгону Казакстандагы консулдук документтерди тактоого жардам бере алары белгилүү болду.

Ал эми Казакстандын тиешелүү органдары бул факт боюнча “бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу” деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда иликтөө-тергөө иштерине 50дөн ашуун милиция кызматкерлери, ондон ашуун эксперттер тартылганын аймактык ички иштер департаменти жарыялады.

Казакстанда 60-80 миң чамалуу кыргызстандык жаран эмгектенет. Алардын мыйзамдуу-мыйзамсыз болуп 5 миңден ашууну Чымкентте соода кылаары айтылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG