Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Италиянын өкмөт башчысы азырынча иштен кетпейт


Италиянын өкмөт башчысы Маттео Ренци
Италиянын өкмөт башчысы Маттео Ренци

Ренцинин кызматтан кетүүсү бюджет кабыл алынганга чейин токтотулду. Италиянын өкмөт башчысы Маттео Ренци жекшембидеги референдумдун жыйынтыгынан кийин кызматтан бошотуу тууралуу арызды өлкөнүн президенти Сержо Маттареллага тапшырган.

Президент 5-декабрда өкмөт башчы менен жолугушууда өлкөнүн бюджети кабыл алынганга чейин кызматтан кетпей турууну сунуштаган. Италия маалымат каражаттарынын жазуусу боюнча, бюджет ушул жуманын аягында каралат.

Жекшемби күнү референдумду өкмөт башчы Маттео Ренци колдогон. Анда Сенаттын жана жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарын кыскартуу максатында Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушталган эле. Бирок премьер-министрдин демилгеси 41% гана колдоо таап, каршылар 59% болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG