Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Тажикстан: “Азаттыктын” кабарчыларына иштөөгө уруксат берилди


“Азаттыктын” тажик кызматынын алты журналистинин аккредитациясы 5-декабрда калыбына келтирилип, алар кайрадан иштей баштады.

25-ноябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги алардын аккредитациясын жокко чыгарган эле. Министрлик мындай чечимди президент Эмомали Рахмондун кызынын мамлекеттик кызматка дайындалышы боюнча маалымат жазылгандан кийин чыгарган.

“Азаттыктын” тажик кызматы алардын кабары министрликтин расмий сайтындагы маалыматка таянып жазылганын билдирген. "Азаттык" радиосу тажик бийлигинин мындай чечимине нааразылык билдирип, журналисттердин ишин улантууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG