Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Тажыматов: Күчкө таянган бийлик көп узабайт


Кыргызстандык саясат талдоочу Санжар Тажыматов Казакстандагы окуялардын кай тарапка өзгөрүп кетээри казак бийлигинен көз каранды деп эсептейт.

"Азаттык:" Санжар мырза, Казакстандагы мунайчылардын нааразычылыгы саясий тополоңго айланды. Президент Назарбаев Жаңы-зөнгө коменданттык саат киргизди. Ал жактагы соңку окуяларга сиздин бааңыз кандай?

Тажыматов: Акыркы кездеги дүйнөдөгү окуялар тастыктап койду, жарандарды социалдык жактан гана камсыздап коюу менен маселе чечилбейт экен. Буга Араб өлкөлөрүндөгү ыңкылаптар да мисал боло алат. Адамга эркиндик керек экен. Жакшы жашоодон сырткары дагы адам өз оюн эркин айтып, каалагандай сүйлөгөнгө укуктуу болушу керек. Ал үчүн эл менен бийликтин ортосунда дискуссия болушу шарт. Казакстанда дал ошондой дискуссиянын жоктугунан, бир адамдын монологунан ушундай окуя келип чыкты. Ал жакта дискуссия талап кылган саясий күч пайда болду десек болот.

"Азаттык:" Казак бийлигинин мындан аркы аракети кандай болушу мүмкүн?

Тажыматов: Казакстандын борбордук бийлиги белгилүү деңгээлде күчтүү. Себеби мунайзатты мамлекет өзү көзөмөлдөгөн үчүн күч органдарын жакшы каржылап, күчтөндүргөнгө мүмкүнчүлүк бар. Ошон үчүн булар Жаңы-Өзөндөгү фактыларды жаап-жашырганга аракет кылат. Элдин нааразычылыгын адам укугу же демократиянын баалуулуктары менен карабайт, башаламандык кылды, кылмыш кылды деген күнөөлөр менен иш алып барат. Маселени жумшагыраак жол менен чечүүгө казак бийлиги даяр эмес, демек алар жаңылышат.

"Азаттык:" Президенттин жарлыгы чыкты. Жаңы-Өзөндө эми кагаздарды көчүрмө жасаган жабдыктарды, радио жана тележабдыктарды, үн жана видео тарткан жабдууларды колдонууга тыюу салып, же аларды чектеп коё алат. Бул деген кырдаалдын өтө эле татаалдашып бараткандагы белгиси эмеспи?

Тажыматов: Маселени күч менен чечүүгө мүмкүн эмес. Эгерде күч органдары элге ушундай басым менен мамиле кылса анда калктын кыжырдануусун күчөтөт. Бул нерсе жакшы натыйжа бербейт. Расмий бийликтин кадырын ого бетер түшүрүп, нааразычылык күчөй берет. Казак бийлиги муну чечүүнүн башка жолдорун издесе болмок. Адам укугунун чегинде эле маселени карап, ачык-айкын алып чыкса анда жеңилирээк бүтмөк. Күч менен чечебиз десе балким элди убактылуу токтотуп, убактылуу коркута алат, тыя алышат. Бирок бул окуя кийинчерээк чоң жарылууга алып келет. Муну дүйнөлүк тажрыйба көрсөттү. Калкты күч менен коркутуп башкаруу мүмкүн эмес.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG