Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Лондондо Казакстандын жылдызы жанды


Казы-картаны жакшы көргөн Илья Ильин
Казы-картаны жакшы көргөн Илья Ильин

Лондондо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Казакстан 204 өлкөнүн ичинен 9-орунда баратат.

Спорт эксперттери менен журналисттер казактардын мындай күтүүсүз ийгилигине таң калышканын жашырышкан жок. Орусия да алтын медалдардын саны боюнча Казакстандан бир кыйла артта калды эле, эки күн мурун араң дегенде эки алтын утуп, алдыга озуп чыгышты.

Олимпиаданын алдында Казакстандын Спорт агенттигинин жетекчилиги бери дегенде үч алтынды эңип келебиз деп ишенимдүү сүйлөп жаткан. Эми ал максаты ашыгы менен ишке ашып, оюн ортолой электе эле 6 медалды багындырышты.

Алтынга карата ийгиликтүү жолду велоспортчу Александр Винокуров ачып берген. Андан соң оор атлетчилер Зульфия Чиншанло, Майя Манеза, Светлана Подобедова, эркектерден оор атлетчи Илья Ильин жолду улап, алтындардын санын арбытып жатышты. Алтынчы алтын медалды жеңил атлетчи Ольга Рыпакова алып берди.

Майя Манеза
Майя Манеза
Астанадагы “Спорт” басылмасынын башкы редактору, Казакстандын Спорт журналисттеринин ассоциациясынын төрагасы Несип Жунусбай туташ жеңиштерди казактар өздөрү да күткөн эмеспиз дейт:

- Биз велоспортчу Винокуровдон алтын медаль күткөн эмеспиз. Анын жашы 40тан ашып калды. Лондондо алдыңкы он спортчунун катарына кирсе керек деп болжодум эле. Анан эле Винокуров алгачкы алтынды алып келди. Анын жеңиши башкаларга да дем берди окшойт, биринен сала бири алтын ута баштады.

Казакстан мындай ийгиликке жетиш үчүн башка өлкөнүн жигердүү спортчуларына өлкөнүн жарандыгын жана чоң суммадагы акча сунуштаган экен. Айрым басылмалар Казакстанга алтын алып келгендердин арасында улуту казак бир да атуул жок экенин жазып чыгышты. Мисалы, Лондондо Казакстандын желегин желбиретип, гимнин жаңырткан Майя Манеза Кыргызстанда туулган, дагы бир чемпион Чиншанло Кытайдан болот.

"Спортчуларды сатып келсең эле жеңишке жетесиң деген жаңылыш түшүнүк" дейт казакстандык спорт журналисти Жунусбай. "Казакстан мыкты машыктыруучулардан да акча аяган эмес, демек чемпион болуунун негизги себеби - көп акча жумшалганында", - деди журналист.

"Кеп акчада эмес, казы-картада"

Казакстанга алтын менен кайтып барган оор атлетчи Илья Ильинди спорт күйөрмандары өзгөчө шаң менен тосуп алышты. Ильиндин колунан кармап калууга умтулган күйөрмандары пайда болду. Ал жеңиштин сыры - казы-карта жана кымыз деди:

"Мен казы-карта жейм. Казы-карта - идеалдуу тамак", - деди чемпион.

Казакстандын алтын медалдары бул сан менен гана чектелбейт, алдыдагы күндөрү мелдешке чыкчу спортчулардан да чоң үмүт артып турабыз дешет өлкөнүн спорт жетекчилери.

Айтор, Борбор Азиянын башка өлкөлөрү бир эле алтынга жетсек ыраазыбыз деп Кудайдан тиленип жаткан чакта, Казакстандын телеканалдары өздөрүн дүйнөлүк дөө шаа өлкөлөрдүн атаандашы катары сыпаттай баштады.

Азыр алдыңкы ондукта Казакстан менен теңтайлаша келаткан Жапония алда канча артта калды. Казакстан болсо Германия жана Италиядан кээде алдыга озуп, кээде артта калып, алдыңкы бешилтикке умтулуп турган кези.

Эми алтын медалга ээ болгон азак спортчулары президенттин колунан 250 миң доллар алышат. Демек спорттон акчаны аябасаң, Олимпиада сенден да алтын аябайт окшойт...


Жеңүүчү кыздар мекенине кайтышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG