Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Казакстанда дагы бир аткаминер камалды


Казакстандын атайын кызматы президенттик администрациянын мурдагы эки жогорку кызматкери кармалганын 16-январда билдирди. Аларга мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу айыбы коюлду. Бир нече апта ичинде кошуна өлкөдө мурдагы жана азыркы жогорку аткаминерлер кармалды.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүнө ылайык, 12-январда кызматынан бошотулган президент акимчилигинин мурдагы төрага орун басары Баглан Майлыбаев «мамлекеттик сырды мыйзамсыз чогултуп, жарыялаган, ачыкка чыгарган» деген шек менен камалды. Аны менен чогуу президенттик аппараттын ички саясат бөлүмүнүн жетекчисинин мурдагы орун басары Николай Галихин шектелүүдө.

Райондук соттун 14-январда чыгарган ордери менен алар эки айга камакка алынды. Билдирүүдө шектүүлөрдүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөндө далилдер табылганы айтылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кошумча маалымат берилери кабарланды.

41 жаштагы Баглан Майлыбаев мурда президенттин маалымат катчысы болчу. Кийин маданият жана маалымат министринин орун басары, ошол эле мекеменин маалымат жана архивдер комитетин жетектеп келген.

Куандык Бишимбаев
Куандык Бишимбаев

Бул бир айга жетпеген убакыт ичинде кошуна өлкөдө мурдагы жогорку аткаминерлер кармалган биринчи учур эмес. Өткөн жумада Экономика министрлигинин мурдагы жетекчиси Куандык Бишимбаев пара алган деген шек менен камалган. Андан мурун мамлекеттик каражатты кымырып алган деп шектелген Пенсиондук фонддун төрагасы Руслан Ерденаевдин камалышы тууралуу маалымат чыккан.

Декабрдын соңунда болсо Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Нартай Дутбаев да "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган" деген шек менен кармалган. Жакында Астана шаарынын коллегиялык соту аны эки айга камакка алуу чечимине каршы апелляциялык арызды четке какты.

Анын адвокаты Жоомарт Сармановдун айтымында, мурдагы башкы чекисттин иши «жашыруун» катары сыпатталып, Улуттук коопсуздук комитети тараткан гана маалымат берилет. Сарманов Дутбаев купуя маалыматтарды шардана кылган жана кызматтык ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган деген айыптоолорду четке какканын, айрым маалымат каражаттарында бурмаланган, аны каралаган макалалардын жарык көрүшүнө нааразылыгын билдиргенин кошумчалады.

Дутбаев атайын кызматты 2001-жылдын декабрынан 2006-жылдын февралына чейин жетектеп турган. Ал жылдын 13-февралында Алматы шаарынын жака белинде оппозиция лидери Алтынбек Сарсенбаев менен эки жардамчысынын сөөктөрү табылган. Алардын көзүн тазалоого комитеттин атайын күчтөрүнүн тиешеси бар болушу мүмкүн деген маалымат тарагандан кийин Дутбаев кызматынан өз арызы менен кеткен.

Айрым талдоочулар анын камалышын "эски иштер" менен байланыштырат. Сарсенбаевдин киши колдуу болушунан тышкары 2003-жылдын май айында «Казакстан оппозициялык тандоосу» деген оппозициялык кыймылдын төрагасы Мухтар Аблязовдун мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушун да эске салышат.

Дагы бир эксперттер болсо чуулгандуу камакка алуулардан кландар ортосундагы күрөштүн белгилерин көрүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG