Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Муңдуу ырдап, шайыр жүргөн талант эле...


Батырхан Шукенов
Батырхан Шукенов

1-май күнү таанымал казак ырчысы, музыкант Батырхан Шукеновдун сөөгү Алматыда жерге берилди.

Казакстандыктар 1-май күнү белгилүү ырчы, музыкант Батырхан Шукенов менен коштошту. Алматы калаасындагы Жамбыл атындагы мамлекеттик филармонияда өткөн ырчынын тажыясына бийлик өкүлдөрү, белгилүү ырчылар жана ырчынын миңдеген күйөрмандары келишти.

Ал жерде Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин көңүл айтуу катын Алматы шаар башчысы Ахметжан Есимов окуп берди.

Шукеновдун сөөгү Алматыдагы Кеңсай көрүстөнүнө коюлду.

Ырчы менен коштошу зыйнатына ырчы менен достошуп жүргөн кыргызстандык музыкант Адил Чекилов да барган. Ал “Азаттыкка” курган маегинде Шукеновдун ырлары муңдуу болгону менен жашоодо кыйла тамашакөй жүргөнүн эскерет.

Кыргыз музыканты Адил Чекилов Батырхан Шукенов менен
Кыргыз музыканты Адил Чекилов Батырхан Шукенов менен

- Ал Бишкекке келип калганда эле мага чалып, “Адилка, салам! Кандайсың? Мен Бишкектемин” деп дайыма ачык көңүлдө жүрчү. Бир күнү менин ата-энемдин үйүндө отуруп, баарын күлдүрүп, боорду эзген жайы бар. Анын ырларындагы муңдуулук, жалгызсыроолук балким анын ички сезимин туюндуруп жүрбөсүн. Жан дүйнөсү жалгызсырап жүргөндүр. Айтор ырлары дээрлик муңдуу эле.

Батырхан Шукенов менен чогуу иштеп калган дагы бир журтташыбыз Улан Рыспеков ырчынын аябай жөнөкөй мүнөзүн, жоопкерчиликтүү сапатын эстеди.

Улан Рыспеков Батырхан менен Москвада музыкалык аппаратуралары менен иш алып барган орус-жапон Yamaha Music Russia корпорациясында иштеп жүргөндө таанышып калган:

Улан Рыспеков
Улан Рыспеков

- Батырхан менен көп эле иштешип калдык. Эки-үч долбоорду жасадык. Мамилеге аябай жөнөкөй адам болчу. Ал бир нерсени өзүнө талап кылып койчу жана аны ишке ашырганга аябай аракет жасачу.

Шукенов менен бир нече жолу маектешкен, кеп кеңеш сурап, кийин музыка жаатында кызматташып жүргөн кыргызстандык композитор, музыкант Жамиля Муратова ырчы менен эстрада музыкасын анализ кылган күндөрү тууралуу буларга токтолду:

- Шукенов менен 90-жылдардын башында таанышып калдым. Алгач ырчы менен ТВ үчүн маек кургам. Ошондо эле жөнөкөйлүгүн байкадым. Кийин Бишкекке келген сайын андан кеңеш сурап жүрдүм. Биз бир муундун жаштары элек. Шукенов менен кыргыз, казак эстрадасындагы салттуу музыкага заманбап дем берүү боюнча сүйлөшүп калдык. Бул жаатта экөөбүз анализ жүргүзгөнгө да үлгүргөнбүз.

Батырхан Шукенов БУУнун Балдар фондунун элчиси. Алматы. 19-ноябрь. 2010-ж.
Батырхан Шукенов БУУнун Балдар фондунун элчиси. Алматы. 19-ноябрь. 2010-ж.

Казакстан маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Батырхан Шукенов БУУнун Балдар фондунун ыктыярчысы болчу. Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндө бир нече музыкалык сыйлыктардын ээси болгон.

Шукенов 53 жашка чыгарда 29-апрелде жүрөк оорусунан каза болгон.

Ырчынын артында бир уулу калды.

Ушул күндөрү КМШ өлкөлөрүндө Шукеновдун күйөрмандары анын ырларын аткарып, эскерүү кечелерин өткөрүп жатат.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG