Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

РЫСПЕК АКМАТБАЕВ АТЫЛЫП НАБЫТ БОЛДУ


Рыспек Акматбаев бүгүн Бишкекте жалданма киши өлтүргүчтөрдүн аткан огунан кайтыш болду. Окуя түштөн кийин саат алты жарымдарда Көкжар жаңы конушундагы мечитте болгон.Көргөндөрдүн айтымында, Рыспек Акматбаев мечиттен чыгып келатканда аны көздөй каралжын түстөгү "Ауди" автомашинасынан бетине маска кийген белгисиз бирөөлөр ок жаадырган. Ок тийген Акматбаев ошол жерден кайтыш болгон. Атылган октон дагы эки өспүрүм бала жарадар болгону айтылууда.

Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, атышуу болгон жерден 31 октун гильзасы табылган. Бирок Рыспек Акматбаевдин сөөгү укук коргоо органдары баргыча алынып кетип, аны соттук- медициналык экспертизадан өткөрүү иштери боло элек. Рыспек Акматбаевдин адвокаты Рыспек Нагаевдин айтымында, анын сөөгүн дароо туулган айылына алып кетишкен, эртен жерге коюлат.

Рыспек Акматбаев апрель айында Балыкчыда депутаттык шайлоодон жеңип чыккан, бирок ага каршы козголгон кылмыш иштери сотто каралып бүтө электигине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы аны депутат катары каттабай келаткан.

Рыспек Акматбаев өткөн жылдан бери үч адамды, анын ичинде милиция полковниги Чыныбек Алиевди өлтүрүүгө катышы бар деп шектелип сотто суралып жаткан. Адегенде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны күнөөлөгөнгө далилдер жетишсиз деп актаган чечим чыгарган. Жабыр тарткан тараптагылар бул чечимди талашып Бишкек шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот Балыкчыда шайлоо аяктагандан кийин бул ишти апелляциялык тартипте карап баштаган болчу.

Рыспек Акматбаевдин бир тууганы, парламент депутаты Тынычбек Акматбаев өткөн жылы октябрь айында түрмөлөрдү кыдыруу маалында киши колдуу болуп каза тапкан. Ошондон кийин Рыспек Акматбаев бул өлүмгө премьер-министр Ф. Куловдун катышы бар деп айыптап, анын отставкасын талап кылып Бишкекте бир топ күн бою өзүнүн таламдаштары менен нааразылык жыйынын өткөргөн болчу.

XS
SM
MD
LG