Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Вашингтондун саясаты Израилге катуулайбы?


АКШ президенти Барак Обама Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуш үчүн Израил палестин аймактарындагы конуштарын жайылтууну токтотушу керек деп билдирди. Бейшембиде Вашингтондо палестин президенти Махмуд Аббас менен жолугушуу маалында Обаманын бул айткандары – Вашингтон Израилге карата саясатын бир аз катаалдатат деген пикир жаратты.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу демилгесинин алкагында Израилге дагы бир ирет басым көрсөтө кетти, бирок эгемен Палестина мамлекетин түзүү мөөнөтүн так өлчөп айткан жок.

Бейшембиде палестин президенти Махмуд Аббас менен жолугушуудан кийин Обама Жакынкы Чыгыштагы жаатташкан эки тарапты бирдей колдоорун белгиледи:

- Биз – Израилдин айныгыс досубуз, андыктан Израилдеги бейпилдик жана бакубат жашоо – биздин кызыкчылыкка төп келет. Бирок ага жетишиш үчүн тиешелүү шарттарды түзүп, Палестина мамлекетин түптөө зарыл деп ишенебиз.

Ушул максатка жетиш үчүн Израил басып алган палестин аймактарындагы бардык курулуш иштерин жана конуштарды кеңейтүү аракетин токтотушу керектигин Обама апта башында айткан.

- Мен премьер министр Нетаньяхуга тынчтыкка жетүү жолунда эки тараптын тең милдеттенмелери бар экенин эскерттим. Израил тарап конуштарды жайылтууну токтотууга милдеттүү. Андан сырткары келечекте Палестина толук кандуу мамлекет болушуна шарт түзүү кажет. Палестина өз кезегинде президент Аббас баштаган коопсуздукту бекемдөө чараларын улантышы зарыл.

Андан сырткары президент Обама палестин жетекчилиги аймакта Израилге каршы маанайды көкүткөн күчтөрдү тыйышы керек деп белгиледи.

Палестин президенти Махмуд Аббас анын өкмөтү Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча “Жол картасы” деп аталган долбоорду кынтыксыз аткаруу ниетинде деп ишендирди:

- Президент мырза, сиз Жол картасында шартталган эл аралык милдеттенмелерге токтоло кеттиңиз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биз ал долбоордо көрсөтүлгөн бардык милдеттенмелерибизди аягына дейре аткарууга даярбыз деп сөз берем.

Израил өкмөтүнүн басма сөз катчысы Марк Регев бирок бейшембиде Вашингтондун соңку билдирүүсүнө каяша айткан маанайда комментарийледи.

- Бейпилдик орнотуу жолунда бардык тараптардын өз милдети бар – Израил, же Палестина, же арап өлкөлөрү болсун. Израил өз тарабынан жаңы конуштарга бөгөт коюп, мыйзамсыз постторду алып салат. Ал эми буга чейин пайда болуп, жашоо сүрүп жаткан конуштар тагдырын биз палестиндер менен ич ара чечишебиз. Азырынча алардагы жашоо өз нугунда улана берет, - деди Тель-Авивдин өкүлү.

Израил көптөн бери ушул конуштардагы жаңы курулуш иштерин токтотуу чакырыктарына көңүл бурбай, ал жердеги калктын саны өсүп аткандыктан, жаңы турак-жай куруу муктаждыгы келип чыкканы менен түшүндүрүп келатат.

Эксперттер азырынча АКШ президенти Обама бир аз катаал билдирүүлөр жасаганы менен, Израилди айрым маселелерде чегиндириш үчүн канчалык алыс бара алаарын айтуу кыйын дешет.

Бирок Барак Обама Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу ишин колго алып, Американын мусулман дүйнөсүндөгү аброюн оңдоп, Иранга каршы бир катар баястуу арап өлкөлөрүнүн колдоосун табуу аракетин ыкчамдатаары айкын болуп калды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG