Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Көчмөн цивилизацияны аңдоо - алдыга жол издөөнүн эле аргасы


Президенттик шайлоо чукулдаганы бийлик өкүлдөрү тарабынан дагы бир демилгеге жол ачылды. Бишкекте көчмөндөр цивилизациясын изилдөөчү борбор ачуу, кино эпопея тартуу идеясы көтөрүлүүдө. Жаңы идеяны жар салуунун алдында билим берүү системасын реформалоо башталары айтылган. “Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусу көчмөндөр цивилизациясына арналат.

Талкууга парламент депутаты, жаңы концепцияны иштеп чыгуучу жумушчу топтун жетекчиси профессор Зайнидин Курманов менен Бишкек адам таануу аалымканасынын төрагасы Кадыр Кошалиев катышты.

- Кыргызстандын кезектеги идеологиясына таканчык болчу дагы бир маданий долбоор – көчмөн цивилизацияны аңдоо милдети коюлду. Зайнидин мырза, буга кайрылуунун артында кандай саясий кызыкчылыктар бар? Буга чейин “Манастан” 7 осуят табылып, улуттук идеологияга таканчык болору айтыла баштаган. Эми болсо көчмөндүк цивилизациясы. Ушунун себеп-жөнүнө токтоло кетсеңиз.

Зайнидин Курманов:
- Эгемендикке жеткенден бери улуттук идеяны табуу аракети көп эле жасалды. “Манас” осуяттары, мамлекеттүүлүктүн 2200 жылы жана башкалар. Бирок алар максатына жетпей калды. Эң алгач биздин ким экендигибизди аныктап алышыбыз керек. Илим тилинде ал өз алдынчалыкты – иденттүүлүктү аңдоо же самоидентификация деп аталат. Азыр болсо шарт-жагдай жетилип калды окшойт, элибиз да түшүнүп калды. Президент жакында жаңы маданият долбоорунун концепциясы кандай болушу керектиги жөнүндө ой-пикирин айтты. Мына жапандар менен корейлер деле бизге окшоп, жакын тууганы жок калк болчу. Экономикалык жагынан абдан алдыга кеткен өлкөлөр. Өткөн кылымдын 60-80-жылдары алар да изилдөө жүргүзүп, жыйынтыгында түпкүлүгү алардын ата-бабалары монгол-түрк калктарына жакын, Алтайдан ооп кеткен калк экендиктерин айтып чыгышты. Алар да көчмөн цивилизациядан өткөнүн таанып билишти. Биз да ушул жолдон өтүшүбүз керек.

- Буга чейин жана сөз башында айтылгандай, улуттук идеяны издөө аракети жасалып келди. Көчмөн цивилизациясы да, Кадыр мырза, ошентип унутта калган идеялардын бири катары утурумдук саясий кызыкчылыктардын садагасына чабылып калбайбы? Анын үстүнө демилге президенттик шайлоо алдында коюлуп жатат.

Кадыр Кошалиев: - Биз бул маселени 10 жыл мурун койгонбуз. Азыр адамзат цивилизациясы туура нукта өнүгүп баратабы же жокпу, деген маселе талкууга алынып жатат. Ар бир эл өз тарыхына, менталитетине, каада-калтына жараша өнүгүшү керек. Биз Батышты туурайбыз, деп көп убактыбызды кетирип алдык. Улуттук жолго кайтуу, көчмөн цивилизацияга, ата-баба жолуна кайтуу, ошону изилдеп-үйрөнүү эң жакшы нерсе. Ириде тарыхтын актай калган жерлерин тактап туруп жазуу керек. Көптөгөн адистер бул ишке катышуусу керек. Бир эле тилдик аспектисинен канча маселелерди тактап алууга болот. Маселе туура коюлду. Эми аны тактап, иретке салуу маселеси калды. Коом кабыл алгандан кийин идеянын жашап кетишине кеңири жол ачылат.

- Зайнидин мырза, мына ушул жаңы демилге, жаңы идея президенттик шайлоо алдында жарыя кылынып жатат. Мындан мурдараак билим берүү системасын реформалоо демилгеси көтөрүлгөн. Шайлоо алдындагы тез-тез көтөрүлгөн демилге-идеялар кандай саясий максаттын арыгын чабууда? Ушуга токтоло кетсеңиз.


Зайнидин Курманов: - Бул идеяны президент көтөрүп чыгышы керек эле. Мурда А.Акаев да дурус идеяларды көтөрүп келди, бирок алардын көбү ишке ашпай калды. Азыр болсо идеяны окумуштуулар колдоп жатышат. Көчмөн цивилизация тууралуу кеп кылганда мен айрым сандарды келтире кетйин. Мына кыргыздын каны – гени 6 000 жыл мурда эле бар экени далилденүүдө. Ал кезде Мисир мамлекети – Египет курулган. Бул аралыкта канча элдер, цивилизациялар, мамлекеттер жоголду. Кайриет, кыргыздар жашап келатабыз. 2200 жыл мурда азыркы Монголиянын Кыргыз Нур деген көлүнүн жээгинде биринчи мамлекети, 1000 жылдан кийин Энесайда кыргыз мамлекети болгон. Анан 20-кылымда үчүнчү ирет мамлекети түзүлдү. Дүйнө жүзүндө 5 миңге жакын эл, тил бар экен. Анын ичинде түрк тилинде сүйлөгөн 51 калк бар. Ошонун 6 өзүнчө мамлекет. Ошолордун бири кыргыздар. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдалана албай, 6 миң жыл ата-бабабыз жоготпой алып келген тил, салт-санаабызды жоготуп койсок – анда бизге убал жок. Туура эмес жолго түшсөк – салт-санаа, маданият, тарыхыбызды жоготуп алабыз. Бул абдан терең маселе. 6 миң жыл ичинде кыргыздар динин алмаштырып, жашоо ыңгайын өзгөртүп келди. Маселен Энесайлык кыргыздар токой адамдары болушкан. Шаарда жашаган адамдар болушкан. Боз үйдө эмес, талдан жасалган жыгач үйлөрдө жашашкан. Темирди, жезди иштеткен, карапа жасашкан.

- Кадыр мырза, кыйла жыл ушул идеяны айтып-деп келаттыңар эле. Эми анын ишке ашышына шарт түзүлдүбү?

Кадыр Кошалиев:
- Бул идеяга берилген, анын үстүндө иштеген адамдарды айта кетейин. Биринчилери ыраматылык Абдулхай Алдашев, Самат Кадыров, Амантур Акматалиев болгон. Анан азыр иштеп жаткан Дастан Сарыгулов, Чоюн Өмүралиев, Байас Турал, Кусейин Исаев, Асан Жакшылыков жана башка чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү бул маселени көтөрүп келатат. Бул улуттук жолго түшүү. Албетте, бул жерде улуттук обочолонууга кетпеш керек. Адамзат цивилизациясынан биздин улуттук кыртышка өнө турганын кабыл алышыбыз керек. Бирок кыргыз өз жолу менен өнүгүшү керек. Кыргыз каада-салтын сактоого аракет кылат. Конфуций мыйзам үстөмдүгү орногон жерде кылмыштуулук күч, каада-салт башкарган жерде ыйман күчтүү деген. Бар нерседен идеология жаратсак эл кабыл алат. Мына тарыхы 500 жылга жетпеген казактар 30 том тарыхын жазышты. “Көчмөндөр” деген киноэпопея тартышты. Биздин кыргыздардын теги гунндарга барып такалат. Аттиланын эстелигин тургузуп койсок деле жарашып эле калмак.

- Зайнидин мырза, сиз жетектеген жумушчу топ көчмөн цивилизациясы боюнча концепцияны октябрга чейин тапшырышы керек. Анда кандай иштер жасалышы каралат? Анан көчмөндүктүн материалдык маданияты деп өзүнчө бир жай курулабы? Ушуга токтоло кетсеңиз.

Зайнидин Курманов: - Терең изилдей турган борбор ачылышы керек. Анан буга чейинки жазылган китептерди дагы бир тактап-текшерип чыгып, анан өзүнчө бир китеп жазганга аракеттенебиз. Ал эми киноэпопея жөнүндө болсо анын пландарын түзүп, кыргыздардын башын кошо турган идеяны камтыган кинону чыгарышыбыз керек. Бул өзү бир күндүк жумуш эмес.

- Кадыр мырза, айтсаңыз, дагы кандай иштер жасалышы керек?

Кадыр Кошалиев: - Коомдо мына туташ кризис жүрүп жатат. Азыр ошондон чыгуу аракети жасалып жатат. Системалык кризис деген эмне? Ал саясий, экономикалык, рухий кризистин тутуму. Азыркы көчмөн цивилизациясын изилдөө алдыга жол издөө дегенди эле түшүндүрөт.

- Мырзалар, студияга келип талкууга катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG