Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Президенттик жарыштагы теңчиликти Консот ордуна кое алабы?


"Ак жол" партиясынын 1-майдагы курултайынан
"Ак жол" партиясынын 1-майдагы курултайынан

Конституциялык Сот президенттик шайлоого байланыштуу Курманбек Бакиевдин Баш мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарына жана милдеттерине аныктама берери күтүлүүдө. СДП фракциясынын башчысы Б.Бешимов менен укук коргоочу Азиза Абдырасулова президентикке талапкерлер арасында теңчиликти камсыз кылуу үчүн шайлоо убагында президент ыйгарым укуктарын убактылуу өткөрүп бериши керек деген талап менен Конституциялык Сотко арыз беришкен.

Социал-демократ депутат Бакыт Бешимов Конституциялык Соттон Баш мыйзамдын 45-беренесинин 3-пунктуна түшүндүрмө берүүнү өтүнгөн. Бул беренеде иштеп жаткан президент президенттик шайлоо башталганга чейин өзүнүн саясий партиялардагы, уюмдардагы ишмердүүлүгүн убактылуу токтотоору тууралуу жазылган. Бакыт Бешимов президенттикке талапкерлерге тең мамиле жасалбай, административдик ыкмалар колдонулуп жаткандыктан, ушундай кадамга барууга аргасыз болгонун айтты:

- Президент чынында элдин ынтымагынын кепили, биримдигинин символу болуп кызмат кылса жалпы эл туура түшүнүп, кубаттайт эле. Теңсиздик болуп атат, тилекке каршы. Ошон үчүн ушундай кадамга барганга аргасыз болдук.

Бакыт Бешимовдун берген арызын Конституциялык Сот карар-карабасын шаршемби күнү депутаттын катышуусунда аныктаганы турат.

Бул аралыкта “Ак жол” партиясынын төрага орун басары Табылды Орозалиев президент Бакиев партиянын төрагасы милдетин 2007-жылы декабрда төрага болуп шайланары менен эле кайра токтотуп, милдетин орун басарына өткөрүп берген деп ишендирди:

- Конституцияга ылайык ал төрага катары милдетин түздөн-түз аткарбайт. Ошол эле мезгилде партиянын лидери катары кала берет.

Ал эми “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулованын 15-июнда тапшырган кайрылуусун өндүрүшкө алар-албасын азырынча Конституциялык Сот айта элек. Укук коргоочу Конституциялык Соттон Шайлоо Кодексинин 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-жобосун Баш мыйзамга төп эмес деп табууну сурап жатат. Шайлоо Кодексинде талапкер катары катталган жаран бардык мамлекеттик ишмердүүлүгүн убактылуу токтотору каралып, бирок алардын катарына Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары кирген эмес.

Ошол эле мезгилде Баш мыйзамдын 21-беренесинин 6-жобосунда жарандардын укук-милдеттери жөнүндөгү мыйзамдар жалпыга бирдей колдонулуп, кандайдыр бир артыкчылык берилбеши керек экендиги белгиленген. “Ага карабастан президент Курманбек Бакиев президенттик милдетин убактылуу токтотпой туруп талапкер катары катталды. Бул өз кезегинде укук коргоочунун Конституциялык Сотко кайрылышын шарттады” деп билдирди адвокат Нурбек Токтакунов “Азаттыкка”. Адвокаттын айтымында президент өзүнүн кызмат ордунда тургандыгы эле административдик ресурстарды пайдаланууга кынтыксыз жол ачып коюп атат жана бул башка талапкерлердин теңата ат салышуусуна тоскоолдуктарды жаратат.

Бийликтин тарапкерлери болсо шайлоо жараянына аралаш оппозиция лидерлеринин бири жана укук коргоочу көтөрүп жаткан бул эки маселени жактырышкан жери жок. Маселен, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы, “Ак жол” партиясынан депутат Зайнидин Курмановдун оюнда президенттик шайлоо аяктаарга аз калганда көтөрүлүп жаткан демилгелерде негиз жок:

- Түшүнбөй жатам. Бир гана чатак уюштуруу максаты жөнүндө ой келип атат. Эч кандай негиз жок болуп атат. Ачык-айкын, тең ата болушун каалашса мурун эмнени жасап жүрүштү?

Депутат Курмановдун пикиринде президенттик милдетти өткөрбөй туруп кайра шайлоого катышуу эл аралык нормага кирген жана андан өөн издөө натура. Ал эми укук коргоочунун адвокаты Нурбек Токтакунов Кыргызстан менен Батыш өлкөлөрүн салыштырууга болбойт деп эсептейт. Анткени, демократия калыптанган өлкөлөрдө президенттин иштеп турушу башка талапкерлерге эч качан терс таасир эте албайт. Кыргызстанда тескерисинче, болуп аткандан кийин бийлик символ боло турган кадамдарга барышы керек дейт:

- Жакында Чолпон Турсуновна (Баекова, Конституциялык Соттун мурдагы төрайымы, депутат - ред.) айтпадыбы, биз демократияны эми араң кура баштадык, ошондуктан, бизди чыныгы укуктук мамлекет деп айтууга болбойт деп айтпадыбы. Ушул үчүн деле бийлик ушул өңдүү формалдуу иштерди жасап коюшу керек эл көзүнө, мына мен милдетимди өткөрдүм, мен административдик басым жасагым келбейт деп.

Ошентип президенттик шайлоонун капшабы менен көтөрүлгөн бул эки кайрылууга Конституциялык Сот кандай жооп кайтарары жакынкы аралыкта маалым болот деп күтүлүүдө. Мындай чукул жоопко Конституциялык Сотту президенттик шайлоо милдеттендирип турат.
Кайрылган тараптар болсо эгемен Кыргызстандын Конституциялык Сотунун буга чейинки чечимдерин эске алып, өз суроолоруна канагаттандырарлык жооп аларына ишенишкен жери жок. Акыркы жолу Конституциялык Сот СДП фракциясына мүчө депутат Асылбек Жээнбековдун президенттик шайлоонун мөөнөтүн тактоо жөнүндөгү арызын карап, президенттик шайлоо быйыл өтүшү керек деп тыянак чыгарып берген. Бул чечим 23-июлда президенттик шайлоонун белгиленишин шарттаган болчу. Баш мыйзам боюнча президенттик шайлоо күзүндө болмок деп эсептеген оппозиция Конституциялык Сот бийликтин тапшырмасын аткарды деген доомат коюп келатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG