Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Медиа өкүлчүлүгү институту: Талапкерлердин ичинен К. Бакиевдин үгүт иштери катуу жүрүп жатат


25-июндан 1-июлга чейинки аралыкта талапкер Курманбек Бакиев Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары тарабынан эң көп чагылдырылган талапкер болду, деп айтылат Медиа өкүлчүлүгү институтунун 25-июндан 1-июлга чейинки жүргүзгөн мониторинг корутундусунда. Иликтөөлөр көрсөткөндөй бул жумада К. Бакиев талапкер катары УТРКнын шайлоого бөлүнгөн обосунун 53% ээлеген. Ошол эле учурда оппозициялык талапкер Алмазбек Атамбаевге 12%, Темир Сариевге 5%, Жеңишбек Назаралиевге 18%, Токтайым Үмөталиева менен Нурлан Мотуевге 6%дан ободон убакыт берилген. 5-канал шайлоого бөлүнгөн обосунун 82% азыркы президенттин үгүт материалдарына берген, ал эми НТС толугу менен 100% К. Бакиев тууралуу телеберүүлөргө арнаган. Булардын ичинен басымдуу бөлүгү президентти оң жагынан көрсөткөн берүүлөр. К. Бакиевден башка талапкерлердин УТРКдагы акысыз үгүт берүүлөрүнөн бөлөк жеке менчик жана Улуттук телеканал аркылуу үгүт материалдары жарыяланган эмес.
“Азаттык” үналгысында талапкерлердин ичинен Алмазбек Атамбаев обонун 42% ээлеп, анын 90% нейтралдуу түрдө, 9% талапкердин терс жактарын көрсөткөн, 1% оң жактарын көрсөткөн радиоматерилдар берилген. Ал эми Курманбек Бакиев үналгы обосунун 21% ээлеп, анын ичинен 38% нейтралдуу, 48% талапкердин терс жактарын, 14% оң жагын көрсөткөн берүүлөр болгон. Ушундай эле тең салмактуу көрүнүш башка талапкерлер тууралуу берүүлөрдө да бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG