Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Иран: Соттогу “маскарапоздук”


Иранда демонстрацияда кармалгандардын соту
Иранда демонстрацияда кармалгандардын соту

Иранда июндагы президенттик шайлоодон кийин демонстрацияга чыккандардын дагы бир бөлүгү соттолуп жатат. Өткөн жумада да жүздөн ашуун адам соттолгон.

Соттолуп жаткандарга массалык башаламандыкты жараткан, тыңчылык кылган жана ислам системасын кулатууга далалат жасаган деген өңдүү түрдүү айыптар тагылууда. Аларды чет-мамлекеттер менен байланышта болуп, Батыштын маалымат каражаттарына кабар таркатып турган деп да күнөөлөштү. Чет-өлкөлүк журналисттер сот залынан чыгарылып салынган эле.

Бул ирет соттолуп жаткандардын арасында француз жараны, Франциянын жана Британиянын Тегерандагы элчилигинин эки кызматкери да бар. Ирандагы “Ирна” мамлекеттик маалымат каражатынын кабарлашынча, соттолуп жаткан 24-жаштагы француз жараны Клотильда Рейсс шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу баян жазып, аны француз элчилигинин маданият бөлүмүнө бергени жатканын мойнуна алган.

Рейсс Ирандан качып кетип жатканда, Тегеран аэропортунан кармалды. Ал беш ай бою Исфахан университетинде француз тилинен сабак берген мугалимдин жардамчысы катары иштеген эле. Аны кармашы менен айтылуу “Эвин” түрмөсүнө камашты.

Француз президенти Николя Саркози Рейссти тезинен бошотууну талап кылды.

Айыпталып жаткандардын арасында Британия элчилигинин башкы саясий аналитиги, өзү теги ирандык Хусейн Рассам да бар. Аны да “тыңчылык” үчүн айыптап жатышат.

“Ирна” агенттиги анын сөздөрүн келтирип, Рассамды британ элчилиги эки башка британ дипломаты менен бирге демонстрацияга чыгуусун буйруганын айтат.

Хусейн Рассам, 8-август, 2009
Агенттик жазганына караганда, Рассам эми ага өкүнүп жатыптыр, соттон аны кечиришин суранган имиш. Британиянын тышкы иштер министрлиги Рассамдын соттолушун айыптап, муну “такыр кабыл алгыс нерсе” деп сыпаттады. Жалпысынан шайлоодон кийин британ элчилигинде иштеген тогуз адам камакка алынган болчу. Бирок бирөө – Хусейн Рассам – соттолуп жатат.

Ушу тапта Евробиримдикте жетекчилик кылып жаткан Швеция Тегерандын азыркы кадамдарын “Жалпы Евробиримдикке каршы жасалган аракет” деп кабыл алаарын, демек, буга карата тийиштүү жооп кайтараанын билдирди.

Өткөн жумада да ушундай эле сот болуп, анда 100дөн ашуун киши – арасында реформачыл саясатчылар, журналисттер, адвокаттар – да соттолушкан.

Эркин журналист Зейдабади да соттолгондордун арасында эле. Анын аялы Махдие Мухаммади биздин радионун суроолоруна жооп берип жатып, анын күйөөсүн эмне үчүн соттоп жатышканын жана кандай айып тагылаарын айтышпаганын билдирди.

“Бизде анын ал-ахыбалы тууралуу эч кандай маалымат жок, - деп айтты ал. - Болгону 2-3 жолу ал телефон чалганы болбосо, андан бери кабарын уга элекпиз. Биз аны менен көрүшө да албадык. Бүгүн ал соттолуп жатканы тууралуу бизге кабарлап да коюшпады. Анын адвокатына да айтышпаптыр. Бүгүнкү сот жөнүндө “Фарс” маалымат агенттигинин сайтынан окуп билдик”.

Сот учурунда прокурор өлкөдөгү башаламандыкка чет-өлкөлөрдү, өзгөчө АКШ менен Британияны, айыптаган. Ирандагы оппозициянын лидерлери сотту “маскара-шоу” деп аташты.

Иранда президенттик шайлоо 12-июнда өткөн. Анда президент Махмуд Ахмединежад кайра уткан эле. Бирок оппозиция жана анын тарапкерлери шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганын айтып, бир канча күн массалык демонстрациялар тынбай койгон. Андан бери жүздөгөн адамдар камакка алынды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG