Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Студенттер диплом үчүн гана окушабы?


Кыргызстанда жогорку окуу жайларды аяктагандардын 70 пайызы жумуш таба алышпайт
Кыргызстанда жогорку окуу жайларды аяктагандардын 70 пайызы жумуш таба алышпайт

Кыргызстанда жогорку окуу жайын бүткөндөрдүн 70 пайызы жумушсуз калууда. Ага туура эмес кесип тандоо себеп болуп жатканы айтылууда.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 78 пайызы болсо эптеп окууга өтүүнү маанилүү деп эсептешет. Бул туурасында 28-майда Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын “Ийгиликтүү жаштар - ийгиликтүү өлкө” аттуу адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамасында айтылды.

Кыргызстан калкынын жарымынан ашыгы 25 жашка чыга электер. Бул курактагылардын басымдуу бөлүгүн студенттер түзүп, учурда жогорку окуу жайларында билим алгандар чейрек миллионго жакын. Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын “Ийгиликтүү жаштар - ийгиликтүү өлкө” аттуу адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамасында белгиленгендей жогорку окуу жайларды аяктап, диплом алгандардын көбү жумушсуз калып жатышат. Бул көрүнүштүн негизги себеби университетте окугандардын туура эмес кесип тандаганы жана окуунун максаты диплом алуу гана болуп калганы саналууда.

Улуттук университеттин биринчи курсунун студенти Махмуд Ойтемиров билдиргендей, учурда Кыргызстанда диплом алуу үчүн гана окуган жаштар арбын:

- Диплом үчүн окуш керек деген адамдарды мен өзүмдүн жашоо турмушумда кездештирип эле жүрөм. Себеби чоң окуу жайда окуу жана акчасы көп окуу жайларда билим алуу бул азыркы заманда мода болуп калды десем болот. Жаштар авторитеттүү болгулары келип жатышат.

Улуттук баяндаманын алкагында Кыргызстандагы жаштардын маселелерин аныктап, өнүктүрүү багытында миңге жакын жаштар менен изилдөө жүргүзүлүп, натыйжада мектеп бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгүнүн диплом үчүн гана жогорку окуу жайга тапшыргандыгы келип чыккан.

Улуттук баяндаманын авторлорунун бири Айнура Сагынбаева жаштар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча төмөнкүлөрдү айтат:

- Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 78 пайызы жогорку окуу жайларга барабыз дешет. Эмне үчүн барасың десек, баары эле барып жатышпайбы, мен да ошол үчүн барам дейт. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин жумуш жок болуп жатпайбы десең, баары бир барам, үйдө отурганда эмне кылам деп жооп беришип, ошо дипломду эле эңсешет. Бирок биз изилдөө жүргүзүп жатканда ар бир региондон бир, экиден бала “мен жогорку окуу жайга барбайм. Анткени канча бала дипломдорун чөнтөгүнө салып алышып жумушсуз отурушат. Анын ордуна кесиптик окуу жайларга барууну каалайм» деп айткандар да болду.

Айнура Сагынбаева жогорку окуу жайды бүтүргөндөрдүн көпчүлүгү жумуш таба албай кыйналганын белгилейт. Мындай көрүнүш өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу экендигин айтат.

БУУнун өнүктүрүү программасынын жардамы менен даярдалган баяндамадагы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ар бир төртүнчү мектеп бүтүрүүчү “Экономика жана башкаруу” адистигин тандашат. Мындан сырткары бүтүрүүчүлөр юрист адистигин да көбүрөөк тандай тургандыгы аныкталган. Баяндаманын авторлорунун бири Сүйүнбек Сырдыбаев бүтүрүүчүлөргө кесип тандоодо багыт берилиши керектигин айтат.

-Кептин баары эмнеде болуп жатат? Адистик багыт берүү керек. Бул жаштарга биздин абал кандай, кандай кесиптер керек, кесипти кандай тандоо керектигин түшүндүрүү абзел. Мисалы, бизде айыл жергесинде мал догдурлар жетишпейт.

“Ийгиликтүү жаштар - ийгиликтүү өлкө” аттуу адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамада билим берүү тармагынан тышкары Кыргызстан жаштарынын активдүүлүк деңгээли да изилденген. Натыйжада өлкөдөгү жаштардын 18 пайызы гана активдүү жаштар экендиги келип чыккан.

Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын улуттук жакшы санаалаштык элчисине талапкер, ырчы Мирбек Атабеков жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн билим керектигин айтат:

- Жаштарга азыр эмне жетишпей жатат? Жаштарга билим жана маданият жетишпей жатат. Баңги зат өңдүү башка бир терс көрүнүштөргө багыт алышууда. Мен да бул жерге жөн келген жокмун. Ушул жаштыгыбызды жөндөн жөн кетирбей келечек үчүн, бир гана өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз эмес, Кыргызстандын келечеги үчүн өзүбүзчө аракеттерди кылышыбыз керек.

Ал эми "Сорос" фондусунун жаштар программасынын директору Улан Шабынов билдиргендей, жаштарды жандандыруу үчүн ар кыл түшүндүрүү иштери колго алынышы керек:

- Жаштарды жарандык коомго кантип туура катышып, өз салымын туура кошууну үйрөтүшүбүз керек. Тренингдерди өткөрүп, ал боюнча акцияларды өткөрүшүбүз керек.

Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын “Ийгиликтүү жаштар - ийгиликтүү өлкө” аттуу адам өнүгүүсү жөнүндө улуттук баяндамасын даярдагандар жана жарандык коомдун мүчөлөрүнүн пикирлерине караганда, жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу учун агартуу иштери жүргүзүлүп, бүтүрүүчүлөргө кесип тандоодо көмөк көрсөтүлүшү абзел.
XS
SM
MD
LG