Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Мигранттар жөнөткөн акча агымы өстү


Мигранттардын каражат которууларынын статистикасы жүргүзүлгөн 2005-жылдан бери Кыргызстан эң чоң көлөмдү 2008-жылы алып, анда 1 миллиард 205 миллион долларды түшкөн.
Мигранттардын каражат которууларынын статистикасы жүргүзүлгөн 2005-жылдан бери Кыргызстан эң чоң көлөмдү 2008-жылы алып, анда 1 миллиард 205 миллион долларды түшкөн.

Быйылкы жылдын он айында Кыргызстандын тыштагы эмгек мигранттары мекенине 900 миллион доллардай акча жөнөттү. Анын биринчи кезекте мигранттардын мекенинде калган тууган-туушкандарынын жашоосун, андан барып өлкөдөгү социалдык –экономикалык туруктуулукту кармоодогу ролу чоң болгону менен эксперттер Улуттук дүң өндүрүштүн бери дегенде 20%на барабар каражаттын өнүгүү үчүн таасири анчалык сезилбей жатканын айтышат.

Эл аралык Миграция уюму жарыялаган эң соңку маалыматка караганда, быйыл дүйнө боюнча мигрант деп эсептелгендердин саны 214 миллион. Эл аралык миграция уюмунун болжолунда, эгер мигрант калктын саны азыркыдай нукта өсө берсе, 2050-жылга карата 405 миллион адамга жетиши мүмкүн. Бул дүйнө калкынын 7 пайызы дегенди билдирет.

Кыргызстанда четке кеткен эмгек мигранттарынын саны канча экенин эч бир мамлекеттик мекеме так айта албайт. Мунун себеби ал сан жыл мезгилдерине карата ар убак өзгөрүп турары менен түшүндүрүлүп келет. Кыргызстандык эмгек мигранттары эң көп жүргөн Орусиянын Миграция боюнча федералдык кызматынын төрагасы Константин Ромадановскинин жакындагы билдирүүсүнө караганда, быйыл аларга Кыргызстандын расмий түрдө 382 миң эмгек мигранты кирген.

Былтыркыдан көп, бирок мурдагы жылдан аз

Москвадагы кыргыз мигранттары
Глобалдык экономикада 2008-жылдын күзүндө башталган каржы кризиси жана анын кийинки кесепеттеринен улам мигранттардын көбү өз үйүнө кайтууга аргасыз болуп, калгандарынын мекенине короткон каражаттары азайган эле. Бирок акыркы маалыматтар быйыл кырдаал оңолгонун көргөзүүдө. Кыргызстандын Улуттук банкына кайрылганыбызда, банктын төлөм балансы жана тышкы карыз бөлүмүнүн экономисти Акжол Саадабаев буларды маалымдады:

- Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 2010-жылдын 10 айында ( эмгек мигранттарынан) 884 миллион доллар каражат түштү. Эгер 2009-жылдын 10 айы менен салыштырсак, 157 миллионго көбөйдү же 22%га өстү. Эгер 2008-жыл менен салыштырсак, анда 10 ай ичинде 950 миллион доллар келген болчу. Көрүнүп тургандай 2008-жыл менен салыштырсак азыраак. Бирок быйылкы 10 айдын жыйынтыгы 10-15 күн ичинде али такталат. Биз 2008-жыл менен эле барабар болот деп ойлоп жатабыз.

Улуттук банктын өкүлү алдыда айткан 884 миллион жеке адамдар расмий акча которуу системалары аркылуу Кыргызстанга жөнөткөн жана Кыргызстандан кайра сыртка жиберилгенден кийин калган сумма. Өзү быйыл 10 айда алдын ала маалыматтар боюнча, жеке адамдар 978 миллион доллар которушса, ошол эле учурда тышка 94 миллион жөнөтүлгөн.

Акча которуулар почта аркылуу да жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы Улуттук банктын өкүлүнүн айтымында, жыл аягында барып чыгарылат. Мындан сырткары эмгек мигранттарынын каражаты өлкөгө чогуу иштегендер, тааныштар, туугандар өңдүү катталбаган каналдар аркылуу да келет. Мигранттардын каражат которууларынын статистикасы жүргүзүлгөн
2005-жылдан бери Кыргызстан эң чоң көлөмдү 2008-жылы жылып алып, анда 1 миллиард 205 миллион доллар түшкөн. Былтыр болсо эмгек миграттарынан 966 миллион доллар алынган. Эгер эмгек мигранттары быйыл жыл аягына чейин бир миллиард доллар эле каражат жөнөтөт деп эсептесек, бул Улуттук дүң өндүрүштүн өкмөт күткөн көлөмүнүн 20%дан ашуунуна барабар дегенди туюндурат.

Мигранттардын мекенине салган акчасы дүйнө боюнча көбөйдү

Дүйнөлүк банктын жакындагы баяндамасына караганда, быйылкы жыл дүйнөнүн баардык эле аймактарында эмгек мигранттарынын мекенине жөнөткөн каражаты өскөнүн көргөздү. Аталган эл аралык каржы уюмунун миграция жана акча которуулар боюнча бөлүмүнүн башчысы Дилип Рата Дүйнөлүк банктын интернет сайтына коюлган интервьюсунда белгилегендей, бул чынында күтүүсүз болду:

- Акча которуулар чынында биз аз төмөндөгөн, бирок кайра дароо эле калыбына келди. Бул баарыбыз үчүн күтүүсүз болду. Анткени биз глобалдык кризис жөнүндө сөз кылганбыз жана акча которуулар олуттуу деңгээлде төмөндөрү күтүлгөн. Акча которуулар кризис алдындагы деңгээлине дароо эле чыкты. Анын деңгээли өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө берилүүчү расмий жардамдын көлөмүнөн үч эсе жогору. Ошондой эле алар азыр өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө багытталган тикелей инвестициянын көлөмүнө жакындап бара жатат.

Дүйнөлүк банктын соңку божомолуна караганда, быйыл жыл соңуна чейин чет элдеги эмгек мигранттарынын мекенине расмий жөнөткөн каражаты дүйнө боюнча 325 миллиард долларга чыгары күтүлүүдө. Ал эми былтыр бул көрсөткүч 307 миллиард долларды түзгөн. Акча сыртка жөнөтүлгөн өлкөлөрдүн алдыңкы беш өлкөнүн ичинде ирети менен АКШ, Сауд Аравия, Швейцария, Орусия, Германия турат. Ал эми мигранттарынан эң көп каражат алган беш өлкө - Индия, Кытай, Мексика, Филлипин, Франция.

Казакстандагы эмгек мигранттарынын жыйыны. Алматыб 24-июнь, 2010-жыл.
Кыргызстандыктар үчүн болсо Улуттук банктын статистикасына караганда, каражат эң көп келип жаткан өлкө Орусия. Быйыл он айда Орусиядан 908 миллион доллар келген. Экинчи орунда болсо Кошмо Штаттары турат. Америкадан быйыл он айда 35 миллион доллардан ашуун акча которулган. Үчүнчү орунда Казакстан. Казакстандын үлүшү 25 миллион доллардан ашуун. Тыштан түшкөн каражатты Кыргызстандын өз аймактарына бөлө келгенде, алардын үлүшү кандай? Сөз Улуттук банктын экономисти Акжол Саадабаевде:

- Жеке адамдардын акчалай которууларын Кыргыз Республикасынын облустары боюнча бөлүштүргөн шартта 2010-жылдын тогуз айында эң көп, 45 пайызы Бишкек шаарынын үлүшүнө туура келди. Ош облусуна 27%, Жалал-Абад облусуна 14%, Баткен облусуна 6%. Эң азы Нарын менен Талас облусуна түштү. Бул жыл сайын эле окшош болот. Акчалай эсептегенде Бишкек шаарына 9 ай ичи 426 миллион түшүптүр, Ош облусу болсо 265 миллион, Жалал-Абад облусуна 139, Баткен облусу 59 миллион.

Экономикага салым ар тараптуу

Мигранттардын каражаты биринчи кезекте алардын мекенинде калган үй-бүлөлөрүнүн, тууган-туушкандарынын күнүмдүк турмуш тиричилигин, алардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө жумшалат.

Бул өз кезегинде ички керектөөнү күчөтүп, кандайдыр бир деңгээлде улуттук дүң өндүрүшкө салым кошот. Мындан сырткары эмгек мигранттарынын которгон акчаны накталап берүүдө кызмат акысы үчүн 1,5%дан 2%га чейин үстөк алган коммерциялык банкттар өз пайдасын көрүүдө.

Өлкөнүн тыш дүйнө менен экономикалык алака-катышында импорт-экспорттон ар убак ашып кетерин же импорт үчүн сарпталган чет элдик валюта экспорттон табылган кирешеден көп экенин эске алганда, улуттук акча – сомдун курсун кармоодо чет элдеги эмгек мигранттарынын салымы барбы жана канчалык? Биз бул суроону Улуттук банктын экономисти Акжол Саадабаевге жолдодук:

- Бар десек болот. Бирок муну так айта албайбыз. Анткени атайын изилдөөлөр жүргүзүүлүсү керек. Андай изилдөөлөр боло элек. Негизги которулган акчалар тышкы соодадагы терс балансты толук жаба бербейт. 2005-2009-жылдардын ичинде соодадагы терс баланстын орточо көлөмү 1 миллиард 100 миллион доллар болгон. Ал эми жеке адамдар которгон акчанын орточо көлөмү 895 миллион болду. Демек андан 200 миллион долларга азыраак.

Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору Чыңгыз Макешов тыштагы эмгек мигранттарынын мекениндеги макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоодо ролу чоң деп эсептейт. Бирок анын пикиринде, мигранттар көбүрөөк пайданы иштеп жүргөн өлкөсүнүн экономикасы үчүн келтирүүдө:

- Адам Смиттин теориясы боюнча экономиканын өнүгүшү адам эмгегине көз каранды. Андыктан Кыргызстандын жигиттеринин чет мамлекеттерде эмгектенип, Орусия, Казакстандын экономикасын көтөрүүгө көбүрөөк салым кошуп жатканы биздин жүрөгүбүздү өйүтөт.

Күнүмдүктөн артпайт, келечекке салбайт

Ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Чыңгыз Макешов биз менен маегинде кошумчалагандай, чет элдеги эмгек мигранттарынын оор эмгек менен тапкан каражаты мекенинде көбүнесе күнүмдүк турмуш-тиричилик үчүн сарпталып жатканы байкалат. Бирок мындай тенденцияны уланта бербей, ал каражатты өлкөнүн өз экономикасы үчүн иштетүү, болочокко инвестиция кылуунун эки жак (мамлекет жана мигранттар) үчүн тең пайдалуу механизмдерин табуунун үстүндө ойлоно турган мезгил келди:
Чынгыз Макешов.

- Бизде инвестициялоо үчүн акча чогултмак турмак, күнүмдүк оокатка жетпей калып жатпайбы. Ошол эң негизги проблема болуп жатат. Бирок кыргызда потенциалдар көп. Маселен четтеги эмгек мигранттарынын акчасын күнүмдүк оокатка сарптабастан экономиканы өнүктүрүү системасына тартуу үчүн, биздин оюбузча, инвестициялык компанияларды түзүү керек. Эгер ошол бир миллиард доллар акчаны экономиканы өнүктүрүү жолуна салсак, бул биринчиден экономиканы жылдырмак. Экинчиден күнүмдүк оокатка кетпей, үстүнө кошумча каражат алып келмек. Ал каражаттарды тартууга болот, эң башкысы механизмдерди иштеп чыгуу керек.

Дүйнөлүк банк экономикалык миграцияны жана акча которууларды талдаган жакындагы баяндамасында, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн кеткен экономикалык мигранттардын саны, муну менен катар алардын мекенине жөнөтүүчү каражатынын көлөмү да көбөйөрүн божомолдойт. Дүйнөлүк банктын эсебинде, 2012-жылы мигранттар тарабынан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жиберилүүчү акчанын көлөмү 370 миллиард долларга чыгышы мүмкүн.

Андыктан Дүйнөлүк банк өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкмөттөрүн миграция жана акча которуулар чөйрөсүндөгү тенденцияларды кылдат иликтөөгө чакырат. Анткени бул өз кезегинде четтен келип жаткан ири капиталды коргоо жана натыйжалуу пайдалануу боюнча туура чараларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Бул эл аралык каржы уюмдун миграция жана акча которуулар боюнча бөлүмүнүн башчысы Дилип Рата Дүйнөлүк банктын интернет сайтына коюлган интервьюсунда мындай дейт:

-Биз өзүбүз пайдалуу деп эсептеген белгилүү бир чөйрөгө бурууга умтулган жокпуз. Биздин көздөгөнүбүз бул акча агымынын өнүгүүгө таасири көбүрөөк болгудай жолду табуу. Мунун эки жолу бар. Биринчиси, которулуп жаткан акчаны жеке же үй-бүлөлүк деңгээлде каржылык системага, башкача айтканда депозиттерге, кредитке, микрокаржылоого байланыштыруу. Мындан сырткары которулган акчаны пайдалануунун натыйжалуулугун мамлекттик деңгээлде да көтөрүүгө болот. Бул жерде, мисалы, диаспора бонддору өңдүү ыкмалар бар.

Диаспора бонду Кыргызстанга жарайбы?

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, мисалы кезинде Индия менен Израиль диаспора бонддорун же башкча айтканда четтеги мекендештер үчүн баалуу кагаздарды чыгаруу менен 35 миллиард доллар топтогон. Каржылык кризиске кабылган Греция быйыл сентябрда чет элдеги гректердин каражатын тартуу үчүн ушундай бонд чыгаруу планы бар экенин жарыялады. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттерден ушул ыкманы караштыра алат дегендердин тизмесине Дүйнөлүк банк Азия менен Африканын 25тей өлкөсүн кошкон.

Казакстандан депортацияланган мигранттар. 1-февральб 2010-жыл, Бишкек.
Кыргызстан ал тизмеде жок. Бишкектеги Борбор Азия Эркин базар институтунун талдоочусу Нурбек Ташбеков Кыргызстандын шартында деле өкмөт баалуу кагаз чыгаруу аркылуу калктын же мигранттардын каражатын кайсыл бир долбоорлор үчүн тартса болот деп эсептейт, бирок эл эң жакшы дегенде каражатын кыска мөөнөткө гана ишенип тапшыруусу мүмкүн:

- Эгер тобокелчилиги нөл пайыз, акчанын кайтарылуусу 100%га кепилденген мамлекеттик казына векселдери түрүндө болсо бул идеяны ишке ашырууга мүмкүн. Бирок ал 12 айга чейинки, кыска мөөнөткө гана эсептелген баалуу кагаз болот. Анткени бизде эл узак мөөнөттүү баалуу кагаздарга ишенбейт. Буга кошумча үстөк пайызы жок дегенде инфляцияны жабуусу керек. Ушундай баалуу кагаз менимче, элдин керектөөсүн жаратса керек. Ал эми узак мөөнөттүү баалуу кагаздар өлкөдөгү кырдаалга жана элдин ага ишенбегенине байланыштуу суроо-талап жаратпайт.

Ал эми акча которуулар жаатында Орусиядагы эмгек мигранттары менен тыгыз иштешкен “Кыргызстан” коммерциялык банкынын башкармалык башчысынын орун басары Нарынбек Алыбаевдин айтымында, алар быйылкы жыл ичи эмгек мигранттарынын үч чет элдик ( рубль, доллар, евро) валюта боюнча 400 миң жолудан ашуун акча которуусун тейлешти, бирок анын пикиринде, баалуу кагаз чыгаруу аркылуу мамлекет мерчемдеген долбоорлорго чет элдеги диаспоранын чоң бөлүгүнүн болбосо да, аз бөлүгүнүн каражатын тартууга болот:

- Массалык түрдө мындай долбоор болбосо керек. Анткени негизги массаныкы үй-бүлөсүнүн муктаждыгы үчүн гана жиберилген каражаттар. Орточо алганда акча которуулардын көбү 5 миң долларга чейин. 10 миң, 20 миң доллардык которуулар да бар. Бирок 60-70%ы бир миң долларга чейинки которуулар. Мындай ишти ( баалуу кагаздар боюнча) өзүнчө Орусияда ири ишкерлер ( кыргызстандык) бар, ошолор менен жүргүзсө болот го дейм.

Дүйнөлүк банк Миграция жана өнүгүү боюнча өткөн айда Мексикада болгон глобалдык форумга даярдаган баяндамасында мигранттар инфраструктураны, турак-жай, саламаттыкты сактоо жана билим берүү боюнча долбоорлорду каржылоого кызыкдар болушу мүмкүндүгүн, аларга сунуш кылуучу баалуу кагаздар үчүн төлөнүүчү үстөк банкка салынуучу аманаттардыкынан жогору болуусу керектигин белгилейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG