Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Москва аза күтүүдө


Домодедоводогу жардыруу курмандыктарына 26-январдагы аза күтүү Москва шаары менен Москва облусунун аймагында жарыяланган.

Москванын Домодедово аэропортунда 24-январда кечке жуук жасалган жардыруудан 35 киши, анын ичинде сегиз чет элдик жаран набыт болуп, 100дөн ашуун киши жаракат алган.
Москвалыктар жардыруу курмандыктарын эскерүүдө, 26-январь.

Тергөө органдарында жардырууну жанкечти жасаган деген шек бар. Орус өкмөт башчысы Владимир Путин бул кылмышты уюштургандар жаза аларын эскертти. Президент Дмитрий Медведев жардырууга жол бергени үчүн аэропорттун жетекчилигин жана күч түзүмдөрүн сынга алды.

Twitter сайтынын колдонуучулары Домодедоводогу жардыруунун курмандыктарынын элесине арнап, 28-январда саат 12де беш мүнөт бою эч кабар жөнөтпөй, тыныгуу болоорун жарыялашты. Twitter сайтынын 20 миллиондон ашуун колдонуучусу бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардырууда набыт болгондордун өздүгү тастыкталганын, бир гана жанкечтинин аты-жөнү тактала электигин билдирди. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев “мамлекетке кезектеги абдан ырайымсыз чакырык ташталды”,-деп айтты.

Москвада эки күндөн бери ыктыярчылар жардыруу маалында жараат алгандарга кан тапшырууда. Алардын катарын “Кавказ эли” конгрессинин мүчөлөрү толуктады. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Ирина Андрианова “жабыр тарткандарга жана алардын жакындарына тиешелүү жардам берилүүдө” деп билдирди.
Жардыруу болгон Домодедово аба майданы, 24-январь.

Талдоочулар Домодедоводогу жардыруу Дмитрий Медведев менен Владимир Путинге чоң сокку да, жөлөк да болорун айтышат. Бул жардыруу менен Кремль бардык шек алдырган жааттарды кысымга алууну күчөтөрү, террорго каршы күрөш жүрүп жатат деп түшүнгөн жарандар аны колдоого алары айтылууда. Жыйынтыгында бул кан жуткузган кайгылуу окуя Владимир Путиндин 2012-жылы президент болуп шайланышына алып келет деген божомол бар.

Карапайым калк бул жолу да өлкөнүн күч органдары террорду колго алалбаганына нааразы. Атын айткысы келбеген айым “биздин атайын кызмат террорчуларга салыштырганда жай иштейт деп айтууга ооз барбайт, ошол эле учурда иш жүзүндө алар ошондой болуп чыгууда”,-десе, дагы бир киши “эмне себептен атайын кызматтын, ИИМдин жетекчилери эч жоопко тартылбайт? Министр, генералдардан эч кимди кызматтан бошотулбайт? Алардын колунан иш келбей турганы канча жолу далилденип жатат”,-деп айтты.

XS
SM
MD
LG