Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Коогалаң: Чакырык болгон беле?


Эл аралык иликтөө комиссиясы июнь коогалаңы боюнча айыпталган Кадыржан Батыров баштаган адамдардын козуткуч аракеттерине баа берген эмес.

Бул тууралуу Кыргызстандын башкы прокурорунун орун басары Рыскул Бактыбаев билдирди. Анын айтымында, этностор аралык кагылышка аталган адамдардын катышы бар экендигин тастыктаган тергөөнүн материалдары эл аралык комиссиянын көңүл сыртында калган.

Июнь коогалаңын уюштурган деп шектелген К. Батыров, И. Абдрасулов,
Ж. Салахуддинов, М.Абакжанов жана К. Абдуллаева боюнча кылмыш иштери тергелип бүтүп, жакында сотко өткөрүлдү. Алар "улуттар аралык кастыкты козуткан", "куралдуу топторду түзүшкөн" жана "мыйзамсыз курал-жарак сакташкан" деген бир катар беренелер боюнча ар кимиси ар башка кылмыш эпизоддору боюнча айыпталышууда.

Эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен 3-майда жарыяланган тыянакта К. Батыров баштаган өзбек тектүү саясатчылардын июнь коогалаңына катышы бардыгын тастыктаган далилдер табылбагандыгын белгилеген болчу:

- Биз автономия тууралуу маселени олуттуу иликтеп көрдүк. Анткени ушуга байланыштуу имиштер коомчулукта аябай эле көп болуп, ал окуялардын учурунда чоң ролго ээ болгон. Муну мен жакшы түшүнөм. Анткени 20 жыл мурун өзбек коомчулугунан чыккан кайсы бир кыймыл автономия маселесин көтөргөн. Мына ошондуктан адамдардын эсинде койулган ал талап сакталып калган. Бирок биз К. Батыров баштаган өзбек лидерлеринин митингдерде сүйлөгөн сөздөрүн иликтеп отуруп, сепаратизмди же автономия талап кылгандыгын көргөн жокпуз.

Баяндамага “батпаган” тергөө материалдары

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча эл аралык комиссиянын эксперттери аттары аталган адамдардын июнь коогалаңын уюштурууга тиешеси болгондугун тастыктаган тергөө материалдары менен таанышып чыгышкан. Бирок берилген далил материалдардын мазмуну баяндамага киргизилген эмес.

Башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев К. Батыровго жана анын санаалаштарына карата жетиштүү далилдер бар экендигине токтолду:

- К. Батыров 20-майдан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок Жалал-Абадда ага чейинки окуялардын башында туруп, биринчи тирешүүдөгү үч адамдын каза болушуна себепкер болгон. Тейиттеги Бакиевдердин үйлөрүн барып өрттөткөн.

Июнь окуялары башталганга чейин эле май айында “Ош ТВ” менен “МезонТВдан” көрсөткөн өңчөй өзбектердин митингинде “биз бул учурду жыйырма жыл бою күткөнбүз” деп ачык эле айтып жатпайбы. Бул эми ошол мезгилдеги бийликтин алсыздыгынан пайдаланып алалы деген сөз да.

Мындан башка дагы улуттар аралык ажырымга доо кетире турган сөздөрү болгон. Мына ошонун баарын алып, биз экспертизага бергенибизде адистер “бул сөздөрдүн алдында байкалбаган чакырык жаткандыгын жана ынтымакты бузууга багытталган” деген бүтүм чыгарышкан.

Мындан сырткары И. Абдрасулов жанагы SOS деген белгилерди жазган, күндүз жана түнкүсүн жалтырап көрүнө турган өзгөчө сапаттагы бойокторду бир ай мурун чет өлкөдөн тонналап ташып келгендиги тастыкталган.


"Тастыктоочу далилдер жок"

Ошол эле учурда Башкы прокуратура батыровдордун башка бир байланыштары боюнча материалдар тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу сот башталганга чейин жарыяланбай тургандыгын эскертти. Анткен менен издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров “Азаттыктын” өзбек кызматына курган маегинде июнь коогалаңына алардын эч кандай катышы жок экендигин белгиледи:

- Акыйкатта бир да жолу кайсы бир жерде мен автономия тууралуу сүйлөгөн эмесмин. Кыргызстандын түштүгүндө өзбектерге байланыштуу ушул сыяктуу сөздөрдү активдүү уюштурушту. “Өзбектер куралданып жатышат, алар автономия талап кылышат экен, өзбек тилине макам сурады, катуу даярданып жатышыптыр" деген сыяктуу ушактар ошол окуяга чейин эле кеңири таратылган. Бирок июнь айындагы окуя кимдин колунда курал бар, кимдин колунда курал жок экендигин көрсөттү.

Буга чейин июнь коогасын иликтеген улуттук комиссия өз тыянагында автономияны талап кылган ачык чакырыктар болбогону менен өзбек тектүү саясатчылар өткөн жылы апрель-май айларында өзбек тектүү жарандар көп жашаган аймактарда түрдүү жыйналыштарды уюштурушкандыгын белгилеген. Алардын кескин түрдө саясий активдешүүсү экинчи бир тараптын кооптонуусун жараткандыгын эл аралык серепчилер да жазып келишкен.

Улуттук комиссияга мүчө болуп, бирок кийин анын курамынан чыгып кеткен укук коргоочу Азиза Абдрасулова өзбек тектүү саясатчылардын ачык карама-каршылыка үндөгөндүгүн тастыктоочу далилдерди көрбөгөндүгүн айтты:

- Биз Ошто жана Жалал-Абадда улуттук комиссиянын курамында иштеген учурубузда алардын "Кыргызстандын жерин бөлүп кетели же кыргыздарга каршы курал алгыла, чыкканга даярдангыла" деген сыяктуу чакырыктарын бир дагы тартип коргоо органдары же атайын кызмат бизге көрсөтүп бере алышкан жок.

Бул боюнча бейне тасма же үн жазуусун же башка бир далил заттарды, чынын айтыш керек, көргөн жокпуз. Бирок алар ошол өңчөй өзбек тектүү жарандар менен гана көптөгөн жолугушууларды уюштурушкандыгы аныкталган. Анда Баш мыйзамды кабыл алууга байланышкан саясий маселелер гана козголгон.


Колдо бар фактылар

Ошол эле учурда улуттук комиссиянын башка мүчөлөрү июнь коогалаңын иликтөө учурунда акылга сыйбаган фактылар туурасында маалыматтарга ээ болушкандыгын айтып келишет. Бирок алардын көпчүлүгү өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоо үчүн комиссиянын баяндамасына киргизилбегендигин кошумчалашты.

Улуттук комиссиянын мүчөсү Орозбек Молдалиев июнь коогалаңы алдын-ала даярдалган дегенге негиз бар деп эсептейт:

- Туюгунан эле айтканда алардын алдын-ала уюштургандыгынын далилдери бар. Элди бөлүп-жарып сүйлөгөн кайрылуусунан башка да бир топ күбөлөрдүн берген материалдары турат.

Алар өздөрүнүн жактоочуларын он башы, элүү башы, жүз башы жана миң башыларга бөлүп уюштурушкандыгын далилдеген толгон-токой мисалдар кеңири.

Жөндөн-жөн эле кантип 10-июндан он бирине караган түнү “Алай” мейманканасынын алдына боз баш балдардын мушташын шылтоо кылып эле миңдеген адамдар ушунчалык тездик менен чогула койсун?

Беймаал азан айтылып, кызыл жарыгы менен ракеталар эмне үчүн атылып тургандыгын айтып берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана башка далил заттар бар. Ошондой эле атайын ок атуу үчүн жабдылган темир чопкуттуу КАМАЗдар 1-2 күндүн ичинде эле коргонуу үчүн жасалган дегенге ким ишенет?


Кадыржан Батыров баштаган беш адамдын үстүнөн сот иши өткөн айдын аягына белгиленип, бирок жактоочуларынын жоктугуна байланыштуу ал белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бул иш боюнча соттолуучулар издөөдө болгондуктан тергөө учурунда алардын айыбы сыртынан угузулган.

XS
SM
MD
LG