Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Египет: Мубарак сот алдына келди


Хосни Мубаракты сотко төшөктө жаткан бойдон керебети менен алып келишти.
Хосни Мубаракты сотко төшөктө жаткан бойдон керебети менен алып келишти.

Каирде 3-августта мурдагы президент Хосни Мубарактын үстүнөн сот иши башталды. Египеттин мурдагы мамлекет башчысына жана анын жакын шериктерине демонстранттардын өлүмү боюнча айып коюлууда.

Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубаракка жана анын мурдагы мартабалуу коопсуздук кызматкерлерине ушул жылдын башындагы нааразылык акциясында 850 чакты адамды өлтүрүүгө буйрук берген деген айып коюлууда. Мубарак бийликте 30 жылга чукул отурган.

Сот алдына келгендердин арасында Мубарактын мурдагы ички иштер министри Хабиб ал-Адли жана башка тартип коргоо офицерлери бар. Эгер айыптуу деп табылса, алар өлүм жазасына кесилиши мүмкүн.

Мындан тышкары Мубарак жана анын Гамал, Алаа деген эки уулу коррупциялык кинелер боюнча жооп беришет. Хосни Мубарактын жакын шериги, ишкер Хусейн Салем коррупциялык айыптоо менен сыртынан соттолууда.

Мубаракты колдогондордун акциясынан бир көрүнүш
Жүзү кубарып, алсыз көрүнгөн 83 жаштагы Хосни Мубаракты сотко төшөктө жаткан бойдон керебети менен алып келишип, темир тордун артында отурган башка айыпталуучулардын жанына жайгаштырышты. Ошондон кийин аларга коюлган айыптар окулду.

Мубаракты Каирге Кызыл деңиздин боюндагы Шарм эл-Шейх курортунан апрел айынан бери дарыланып жаткан ооруканадан учак менен алып келишти.

Сот иши баш калаадагы Полиция академиясында өтүүдө. Бул жер мурда Мубарактын Полиция академиясы деп аталчу. Сот иши мамлекеттик сыналгыдан түз көрсөтүлүүдө.

Мубарактын колдоочулары жана алардын оппоненттери ураандарды кыйкырып, улам уу-дуу түшкөндө, башкы сот аларды тынчтанууга чакырды.

Мубаракка нааразылардын акциясынан бир көрүнүш
Полиция академиясынын алдында Мубарактын оппоненттери менен колдоочулары чогулушту. Коопсуздук кызматкерлери турса да эки тарап бири бирин таш менен уруп, кагылышуулар болду.

Каирдин тургуну Айман Мохамед Багат – Мубарактын колдоочуларынын арасында жүрдү:

– Мен жаш кезде муздаткычка кезекке турчубуз, көчөлөрдө таштанды жатчу. Мен чоңойгондо Египет көз алдымда кайра курулду. Бул иштерди аткарган Мубарак сыяктуу адамдарды эми соттоп жатышканы туура эмес. Ал мамлекет башчысы, кайсы өлкө болсо да Мубарактай президентти кааламак.

Мубаракка каршы козголоңдун чордону болгон Каирдин Тахрир аянтында да жүздөгөн аскерий тартип коргоочулар жайгаштырылды.

Сот Полиция академиясында өтүп жатат
Апта соңунда бул жерде реформаларды тездетүүнү талап кылган жүздөгөн демонстранттарды чатырлары менен кошо аскерлер сүрүп чыгарышкан.

Мубарак араб дүйнөсүндө ушул жылдын башында башталган козголоңдордон кийин сотко тартылып жаткан биринчи араб лидери.

Мубарак "өлсөм да киндик каным тамган жерде өлөм" деп, Египетте кала берген. Андан айырмаланып, "Араб жазында" биринчи болуп тактан кулаган Тунистин президенти Зине ал-Абидине Бен Али Сауд Арапстанга качып, мекенинде сыртынан соттолду.

XS
SM
MD
LG