Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Алгачкы кардын азабы


Бишкекте 9-ноябрдын кечинде жааган алгачкы кар шаар тургундарын жана тейлөө кызматтарын кыйла түйшүккө салды.

Аба ырайынын кескин суукташынан шаардыктар электр жылыткычтарын жапырт колдонуп, мындан айрым электр трансформаторлору жарактан чыкты. Эрте жааган кардан 10-ноябрда ондогон мекемелер менен ишканалардын иши үзгүлтүккө учурады.

Адегенде жамгыр жаап, артынан кар түшкөндөн жолдор көк жалтаң болуп, айдоочуларды кыйла жүдөттү. Көчөлөрдө узун-узун тыгындыдан кармалган көпчүлүк ишке кечигишти.

Бишкектеги ЖОЖдордун биринин студенти Айпери Сейитбекова да сабакка жетишпей калыптыр.

- Эртең мененки саат 8де сабакка жөнөгөм. Кадимки убакта 15 мүнөткө басып өткөн жолго бүгүн 40 мүнөттөн ашык убакыт жумшадым. Эртең менен келе жатканда жол жылгаяк болуп калыптыр. Автоунаалар араң жүрүп жатышкан. Сабакка кечигип, агайлардан тил укканга туура келди.

Эл башчыларына кум жол, элге муз жолбу?

Мындай ыңгайсыздыктардын жаралышына Бишкек тургундары шаар бийликтерине доомат артууда. Шаардык тейлөө кызматтары эл башчылары жүргөн жолдорго кум чачат да, андан башка көчөлөр көңүл сыртында калууда дешет алар.

Бишкек шаарынын тургуну Калича ошентип нааразы болгондордун бири:

- Даярдык абдан начар. Көчөлөргө бир нерсе себиш керек. Негизги көчөлөргө бир нерсе себишет, бирок четтеги көчөлөр калып калат. Азыр эле ушул жерден бирөө автокырсыкка учурады. Балким айдоочу ушул көчөдө кум жок болгон үчүн унаасын токтото албай калса керек.

Анткен менен Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы “Тазалык” ишканасы мындай дооматтарга макул эмес. Аталган ишкананын директору Рысбек Сарпашевдин маалымдаганы боюнча, таң эртеден шаардын көпчүлүк көчөлөрүнө кум себелип бүткөн:

- Таңкы саат 3дөн баштап эле кум себе баштаганбыз. Мына азыр бүтүп калдык. Азыркы учурда жолдор көк жылгаяк деген туура эмес. Биз өзүбүз да азыркы учурда жолдо жүрөбүз.

Кардын жаашы менен Бишкектеги дөңгөлөк алмаштыруучу жайлардын иши эселеп кызыды. Каамарабай жайкы дөңгөлөктөрү менен унаасын айдап жүргөндөр дөңгөлөктөрүн алмаштыруу үчүн кезек күтүп жаткан экен. Андайлардын бири Карыбек да ноябрда минтип кар жаашын күтпөптүр:

- Машинамдын төрт дөңгөлөгүн тең кышкыга алмаштырайын деп жатам. Мынчалык кар жаашын билген эмесмин. Декабрь айында алмаштырайын деп жаткам. Анан мына минтип кар жаап калбадыбы... Жол тайгалак болуп, жолдо авария да көп. Азыр болсо кезек күтүп алмаштырганга туура келүүдө. Бардык дөңгөлөк алмаштыруучу жайлар кезек болуп калыптыр. Үч-төрт жерге бардым, бардыгында кезек толтура. Эми бул жерден алмаштырайын деп жатам.

Шаардыктар жапырт жылыткыч колдонууга өтүштү

Ал арада үшүкчөл шаардыктар электр жылыткычтарын жапырт сая башташты, айрым электр трансформаторлору мынчалык чыңалууну көтөрө албай, иштен чыгууда.

“Түндүк Электро” ишканасынын маалымат кызматынын башчысы Гуля Мураталиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, шаардагы айрым аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.

- Кызыл-Аскер районунда жана "Дордой" базарынын тегерегинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Себеби башкы кабел жараксыз болуп иштен чыкты. Бүгүн кечке чейин ишке киришет деп бизге маалымат беришти. Негизинен бул райондордогу калк кышкыга көмүр, отун даярдашкан эмес. Ошондуктан азыр электр жылыткычтарды колдонуу менен күчтүн баары электр энергияга жумшалып жатат. Бул болсо электр трансформаторлордо чыңалууну жаратып, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратууда.

Бул күнү шаардык тез жардам кызматына кайрылгандардын саны да арбын болгон. Республикалык тез жардам кызматынын улук дарыгери Айнагүл Сыдыкова бул жагдайдын төркүнүн түшүндүрүп берди:

- Бүгүн аба ырайына байланыштуу телефон чалуулар көбүрөөк болду. Кичинекей балдардын арасында ооругандар көп. Көчөлөр жылгаяк болуп, машиналар жай жүрүп, чакырыктар көп болду.

Буга чейин Кыргыз өкмөтү кышка даярдык дурус экенин билдирген. Ага ылайык Бишкек, Ош жылуулук борборлору көмүр жана кара май менен жетиштүү камсыздалып, газ маселеси чечилгени жана Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү жетиштүү деңгээлде экени айтылган. Бирок биринчи кар жыл сайын ар бир кишинин жана мекеменин кышка канча камбыл экенин бат эле айгинелеп коёт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG