Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Айланайын, абайла!


Талас облусу боюнча акыркы он айда 90 жол кырсыгында 47 адам набыт болду. Буга унаалардын көптүгү, айдоочулардын жол эрежелерин сактабаганы себеп болууда.

Бир аз мурун эле Талас шаарындагы №1 мектептин жанындагы жөө жүргүнчүлөр тилкесинен машине уруп кеткен Зайырбек мукактана башынан өткөн окуяны айтып берди. Ал аман калганына сүйүнүүдө:

"Калпагымды унутуп калып, үйгө кайтып баратканда зебрадан БМВ коюп кетпедиби", - дейт Зайырбек.

Тилекке жараша Зайырбек жол кырсыктан жабыркаган эмес. Аталган мектептин 5-классынын окуучусу Зайырбекти машине сүзүп кеткенине мектептин директору Самара Жарманбетова капысынан күбө болуп калган.

Жарманбетованын айтымында, мектептин жанындагы жөө адамдар өтүүчү тилкеден айдоочулар болушунча сызып өтөт.

Зайырбекти унаа ушул жерден сүзүп кеткен
Зайырбекти унаа ушул жерден сүзүп кеткен
- "Тарс" дебедиби, анан тормоз баскандан кийин келип сүздү. Мен чуркап чыкканча балдар "ооруканага алып кетти" дешти. Ушул зебрадан сүздү. Алар токтошу керек. Балдар эмес, биз деле өтүп жүрөбүз, шопур токтобосо, эч ким токтобойт. Эгер жанагы машина катуу келип сүзгөндө бала оңмок эмес.

Талас шаарынын көчөлөрүндө жол белгилери жетишсиз. Бирок белги турган жерлерде деле айдоочулар жол эрежелерин сакташпайт.
Буга айдоочу Азамат Ашыралиевдин жеке унаасы менен шаар көчөлөрүн айланып жүрүп күбө болдук.

Аз убакыт ичинде бирин-экин эмес, топ-тобу менен жол эрежесин бузган айдоочуларды кезиктирдик.

Талас облустук мамлекеттик автоинспекциясынын башчысы Төрөбай Бекбергенов жол кырсыгынын өсүп жаткан себептерин мындайча айтып берди:

- Жыл сайын жол кырсыгы өсүүдө. Себеби машинелер көбөйдү, ошого жараша жолдор талапка жооп бербей жатат. Экинчиден, биздин айдоочулар жол эрежелерин билбейт, аны сактабайт.
Мен чуркап чыкканча балдар "ооруканага алып кетти" дешти.

Талас облустук администрациясынын Коргонуу, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Асымкан Ашыралиев айдоочунун күбөлүгүн бергенде жол эрежесин билээр-билбесин аныктай турган сынакка коомчулуктун өкүлдөрүн кошуу сунушун айтууда.

- Бул жашыруун эмес, кээ бир балдар кантип күбөлүк алып жатканын билебиз. Баары ачык болуш үчүн депутаттарды, коомчулуктун өкүлдөрүн комиссияга киргизишибиз керек.

Талас облусу боюнча акыркы он айда 90 жол кырсыгында 47 адам набыт болуп, 141 адам ар кандай жаракат менен ооруканага түшкөн.
21нен 22-ноябрга караган түнү Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 101-чакырымынан жеңил унаа тракторду сүзүп, 3 адам мерт болуп, 3 адам ооруканага түштү.

XS
SM
MD
LG